“Columbia Pictures” кинокомпаниясы Америкадагы советтик тыңчы тууралуу “Солт” фильмин улантып, экинчи бөлүгүн тартмакчы. Анын башкы ролун жаратуучу Анжелина Жоли Курт Уиммер жазган сценарийди жактырбай, жаратпай койду. Ошол себептүү кинону тартуу белгисиз мөөнөткө артка жылдырылды. Эскерте кетсек, фильмдин биринчи бөлүгү 2010-жылы сатыкка чыккан.