КӨКТӨМДӨ СҮЙҮҮ КЕЛЕТ...

“Өлбөгөн кулга жаз келет” деп жайлоодон кыштоого, кыштоодон жайлоого малдын ыңгайына карап көчүп-конуп жашаган ата-бабаларыбыз айткан. Азыр заман башка. Азыр “жаз келди, сүйүүлөр башталат, сүйүүлөр ойгонот” дейбиз. Кыштын бүркөө кабак, боз-чаңгыл асманынан, ызгаардуу узун түндөрүнөн тажагандан улам го, көктөмдү зарыга күтөбүз. Ар жылы көктөмдөн бир кереметти, сүйүү, жылуу сезимдер, жаңыланууну күтөбүз. Эмне үчүн көктөмдөн? Сүйүүнү жайдан, күздөн, кыштан деле күтө бербейбизби? Дегеле, ушул “сүйүү” менен “жаз” түшүнүгү эмне үчүн чогуу жүрөт? Жооп издеп көрөлү...

АКЫНДАР ЫР, ЖИГИТТЕР КЫЗ МЕНЕН “ООРУГАН” ЖАЗ!
Сагындырган жаз да келди. Калың кийимдерди денеден силкип таштап, топурак жыттанган жылуу абанын илеби мээ сергитип, тулку-бой жазылып, айтор, түйшүктүн баарын кышка таштагансып жаз келгенде бир жеңилденип алмайыбыз бар. “Сүйүүлөр жазда башталат” деп жаштар жаңы сезим, жаңы таанышууларды күтүп, көпчүлүк акындарга дал ушул жазда эргүү келип, кайталангыс сүйүү саптарын чиймелегени да бекеринен эместир, замандаш. Акындар муну табият менен байланыштырып “жаз келип көөдөн туйлап”, “сезимдер толкуп” деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүрүүгө өтөт. Демек, төрт мезгил менен адам жүрөгүнүн ортосунда сөзсүз байланыш бар деген ой келет. Жигиттердин болсо, тамашалуу жооптору даяр. “Кыздар кышы менен калың кийинишип, жаз келери менен фигуралары көрүнүп, анан сезимдер ойгонуп...” деп калышат. Илимде, медицинада да жаз менен жүрөктүн байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтар бар...

ЖАЗ КЕЛДИ, ГОРМОН КӨБӨЙДҮ, ДЕМЕК, СҮЙҮШ КЕРЕКПИ?
Окумуштуулар жаз келгенде адамдын организминдеги мелатонин сыяктуу гормондордун көлөмү өсүп, табияттан ыроолонгон тукум улоо каалоосу күчөй турганын айтышат. Андыктан мырзалардын айымдарга, айымдардын мырзаларга тартылуусу күчөйт. Бул “жазда сүйүү башталат” түшүнүгүнүн бир чечмелениши.
Дагы бир аныктамада мындай түшүн­дүрүлөт. Кышында күн нурунун жетишсиздигинен улам адамдагы кубаныч жана бакытты пайда кылуучу эндорфин гормонунун саны азаят. Мындай абал “убактылуу депрессия” деп аталып, адамдын маанайы түшүп, мүнөзү өзгөрүп, пассивдүүлүк келип чыгат. Демек, жаз келип, күн ачылып, жер ойгонуп, көк чыккан маалда адам активдүү жашоого өтүп, айлана-чөйрөгө болгон кызыгуусу күчөйт. Ушундай жагдайлардан улам көктөмдө жүрөктөр сүйгүсү келип, бири-бирине тартыла баштаса керек...

СҮЙҮҮ МЕЗГИЛ ТАНДАБАЙТ
Илимий тыянактардан алыстап, сүйүүнү реалдуулукта карай турган болсок, анда бул керемет сезимди жазга байлоого болбойт. Чыныгы сезим каалаган маалында же буюрган күнү, кааласа кышта, кааласа күздө, кааласа күндүзү, кааласа түн ичинде келет эмеспи. Адамдын бактысы эч качан убакыт мыйзамы менен өлчөнбөйт. Жазбы, күзбү, эртеби же кечпи, бир күнү сүйөбүз жана сүйүктүү болобуз. Эң башкысы, ошол сүйүүнү сезип, баалай билүүдө...

Кырчындай мезгилинде күлө албаган,
Кыз жандоо эмне экенин биле албаган.
Чын айтам, бойдок туруп эркек эмес,
Кеминде кырк беш кызды сүйө албаган.

Алыстан салам айтып Сайраш калды,
Айта албай ак сүйүүсүн Жайнаш калды.
Оорутуп жаш жүрөгүн койдум эле,
Оо, Кудай, кантип кыям Майрашканды,- деп кайсы бир сүйүүнүн фанаты кагаз бетин чиймелеген экен. Биз ар бир аялзатынын сүйүктүү болуусуна тилектешпиз, бирок эч качан 45-си болуп эмес...
Сүйүүсүз кең ааламдын бир бурчу кемип калар. Ошол үчүн керемет сезимди даңазалаган ырлар жазылып, атактуу сүрөттөр жаралып, обондор жаңырып, махабат дастандары айтылып жүрөт да. Кыскасы, тирүүлүк сапары уланууда. Эң башкысы, жүрөктөр тандап сүйүп, колдор ишенимдүү кармашып, бекем болсун!


«Супердин» сурак бурчу

ЖҮРӨККӨ КАНЧА СҮЙҮҮ БАТАТ?



Акылбек Калилов, студент:
– Эгер чын сүйүү болсо, жүрөккө бирөө гана батат. Ошол сүйүү менен үй-бүлө курулуп, жашоо уланат. Ал эми жалган сүйүүнү каалашыңча батыра берсе болот. Убактылуу, баркы жок сезимдер болгон соң андай сүйүүлөр келет да, кетет.


Калбү Ибраимова, үй кожойкеси:
– Жүрөктө бир эле сүйүүгө орун болот, ал орунду татыктуу бирөө ээлейт. Бир убакта бир нече адамды бирдей сүйүү деген жомок. Башкаларын жакшы көрүшү мүмкүн, бирок сүйө албайт. Сүйүү канчалык таза, бекем болсо гана өмүр бою сакталып калат.



Алман Калмырзаев, студент:
– Бойдоктордун жүрөгүнө канча сүйүү болсо деле бата берет. Мисалы, жигиттер бир учурда 10 кыз менен мамиле курса деле болот. Анткени үйлөнгөнгө чейин кыздарды тандап көрүш керек да. Негизи эле эркектердин жүрөгүндө орун кенен.


Наргиза Дамил кызы, студент:
– Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Бир жүрөккө эки же андан көп сүйүүнү батырган адамдарды көрүп эле жүрөбүз. Менимче, ыймандуу адам бир эле адамды сүйөт. Ал эми ата-эне, дос, Ата Мекен сыяктуу ыйык нерселерге болгон сүйүүгө ар дайым орун табылат.



Зайнидин Мамыров, дарыгер:
– Бир жүрөккө бир эле сүйүү батат да. Менде 10 жүрөк болсо, анда 10 кызды сүйсөм болмок. Жараткан ар бир адамга бирдей жүрөк берген соң сүйүүдө туруктуу болушубуз керек. Бир жүрөккө көп сүйүү батырам дегендер – өтө жаңылышкандар.


Айтолкун Кумарканова, студент:
– Көп эле сүйүү батат. Мисалы, менин жүрөгүмдө ата-эне, бир туугандарыма, досторума болгон сүйүү жашайт. Баарынан салмактуусу – ата-энеме арналган сүйүү. “Дүйнөдө бала менен эненин сүйүүсүндөй сүйүү жок” деп бекер айтылган эмес да.


Нургазы Шамырканов, куруучу:
– Мен сүйүүдө туруксуздарды жек көрөм! Сүйүү бир гана жолу келет. Бойдок кезде сүйүүгө кабылып, ошол айымды өмүрлүк жар кылып тандап аласың. Демек, жүрөгүңдүн ээси ошол адам. Бир жүрөккө эки сүйүү бир убакта батпайт.

Автандил Добулбеков
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tokmok
2012-03-15 04:38:37
eehh suiyuu suiyuu
0
ledifech
2013-09-05 02:44:39
Султан люблю тебя От Нуну
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан