Аскат Сулайманов: «АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗДҮН ЖЕК КӨРҮҮБҮЗ СҮЙҮҮГӨ АЙЛАНЫП...»

“Айыл өкмөтү” тасмасында шок милиция кызматкеринин образы менен элге кеңири таанылган актёр Аскат Сулайманов таланттуу инсандардын бири. Аялдардын майрамын утурлай кеңсебизге келип, жеке тагдыры, чыгармачылык жолу туурасында кенен маек куруп берди.

КЕГИ ЖОК, АЧУУСУ ЧУКУЛ АСКАТ

Аскат 1978-жылы, 27-майда Балыкчыда төрөлгөн.
Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын ээси.
Эң биринчи казактардын “Камерадан репортаж” деген тасмасына тартылган. Кийин “Айыл өкмөтү”, “24 саат”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Биринчи кадр”, “Свет аке” кинолорунда роль жараткан.
Мурутун бир ирет “Алжан Сарбагышев” деген даректүү тасмага тартылуу үчүн гана алган.
Бала кезинде жайлоодо үч ай жүрөм деп биттеп кеткенин көп эстейт. Келгенде апасы кийимдерин өрттөп, чачын да алып салган.
11-классты бүтүп жатканда апасы жаңы чыккан “мокрый шёлк” деген кездемеден түнү менен уктабай көйнөк, шым тигип бергенин унутпайт. Анда мындай кийимди байлардын балдары гана кийишчү.
Чоң балдарга кийимдерин тарттырып жиберип, өзүнөн кичүүлөрдөн кийим тартып кийген күндөрү болгон.
Кекчил эмес, бирок ачуусу чукул.
Тамак бышырганды абдан жакшы көрөт. Жаман көргөнү – картошка аарчуу.

– Саламатсызбы, Аскат, алгачкы суроом кесибиңизге байланыштуу болсун. Кандайча актёр болуп калдыңыз эле?
– Мен өзүм 6-класстан бери эле актёрдук чеберчилик боюнча ийримге катышчумун. Бул кесипке болгон кызыгуум бала кезден эле бар. 5-класска чейин жакшы окудум, 6-класстан 9-класска чейин абдан тентек болдум. 9-класста тентектигимдин айынан мени мектептен чыгарып жиберишип, башка мектепке бара баштадым. Үч күндөн кийин ал жактагы балдар менен да урушуп, дагы башка мектепке которулдум. Ал мектептин балдары менен да батыша албай, үч күндөн кийин сабакка таптакыр барбай үйдө жатып алгам. Анан кайра өзүмдүн мурунку мектебимдеги директор менен класс жетекчим экөө келип, “эми окууну кыйратпасаң да, актёрдук өнөрүң менен мектепке керексиң” деп алып кетишкен. Апам бизди өзү жалгыз тарбиялап жаткандыктан, “окууну кыйратпасаң да” деген сөз ага катуу тийип, абдан теригип, “намыстансаң боло” деп мени аябай урушкан. Ошондон кийин окууну калтырбай, жакшы окуп кеттим.

– “Апам жалгыз тарбиялап...” деп калдыңыз...
– Ооба, биз 4 бир тууганбыз. Эки эжем, мен жана карындашым. Атам менен апам мен 1-класста окуп калган кезде ажырашып кетишкен. Түбүм Кеминден болгону менен, Балыкчыда өстүм. Апам тикмечи болуп иштеп бизди эч нерседен кем кылган жок. Курсагыбыз дайыма ток болду, жыртык кийим кийген жокпуз дегендей. Атам менен кайрадан катыша баштаганыма он жыл болду. Үй-бүлөсү бар. Барышып-келишип турабыз. Мамилебиз абдан жакшы.

– Жалгыз уул экенсиз да...
– Ооба, “жалгызмын” деп ыйлаган күндөрүм көп эле болгон. Эркек болгон соң же агаңдын, же иниңдин болгону жакшы да. Анын үстүнө мен 6-класста окуп жүргөндө эки эжемди бир күндө эки жакка ала качып кетишкен. Апам болсо иштейт. Үй тиричилигине тиешелүү түйшүктүн баары менин мойнума түштү. Эртең менен тургандан баштап үй жыйнамай, сабак окумай. Түштө мектепке барып, кечке маал бакчадан карындашымды алам да үйгө келип тамак жасайм. Апам баарын жазып кетет “майды куюп, ага тууралган пиязды саласың. Ал бир аз кызарганда этти саласың... Анан акырында: тузду аз сал, кем болсо мен тууралап коём. Ашырып жибербе” деп коёр эле. Кайда барсам да карындашым Чынараны жетелеп жүрчүмүн.

– Жакшы эле тентек болсоңуз керек...
– Оо, тентектик жактан эч кимди алдыга салчу эмесмин. 7-класс болуп чоңоюп эле калган кез. Марс, Сникерс деген шоколаддар жаңы чыга баштаган. Балдар менен шоколадга мелдеше кетип, Мунара деген классташ кызымдын кол чатырын көтөрүп алып үчүнчү кабаттан секирип кетип өлүмдөн араң калгам.
Анан да менден улуу Бактыгүл деген эжем бар. Эркек мүнөз эле. Кеч кирди дегенче экөөбүз көчөгө чыгып, ар бир үйдүн дарбазасындагы почта жашигинен гезиттерин жыйнап кетебиз. Анан аны “үйгө алпарсак апам урушат” деп бир жерге өрттөйбүз. Айтор, акылсыз тентектиктерди көп жасадым.
Кийин 11-класс болуп чоңоюп эле калган кез. Гүлзат деген классташ кызым мени дайыма эле “Сулайманов – суслик” дей бергенинен ошол кезде жаңы чыгып жаткан “Чиппи менен Дейл” мультфильминдеги чымындын атынан “Вжик” деп койдум. Класстын баары эле кыраан каткырыкка толуп жатып калышты. Ошондо катуу намыстанып калып, “сени сабатам” дегенинен кыйын болуп “чакырчы, жигит-мигитиңди” деп койгом. Бир күнү дүкөндө нанга кезекте турсам, 5-6 бала келип “экинчи Гүлзатты “Вжик” дебе” дешти. Мен “айтам эле. Ал деле мени “суслик” деп жатпайбы” дедим. Ошол жерден жабыла сабап киришти. Кечке маал көзүмдү ачсам дүкөндүн артында жатам. Кийин көл жээктен кармап алып алардан өчүмдү алгам.

– Мектепти аяктаган соң тагдыр жолу кайда жетеледи?
– Мектепти бүтөрүм менен 1995-жылы Алматы шаарындагы Темирбек Жургенов атындагы Театр жана кино институтуна тапшырып, өтүп кеттим. Студенттик күндөр абдан сонун өттү. 7 миң теңге стипендия алам, “движение” кылганды үйрөнүп калган кез, Казакстанга картошка сатып барган кыргыз туугандарга кароолчу болуп, тимеле рэкет болуп алганбыз “бул биздин машина” деп. Алардан акча алабыз. Анан казактардын НТК деген каналында иштеп, “Жөке” деген комедиялык телеберүүсүнө тартылып 400 доллар айлык алам. Айтор, жыргал кез эле. Ошол кезде үйлөнүп, түтүн булаттым дегендей.

– Үй-бүлө туурасында кеп кылсак...
– Айтып өткөндөй, студент кезде, 19 жашымда Элмира аттуу курсташ кызыма баш коштум. 20 жашымда уулдуу болдум. Азыр 19-20 жаштагы балдарды көрүп, өзүмө боорум ооруйт. Абдан жаш экенмин да. “Ой, мен карып кеттим” деп апамды укпай үйлөнүп алгам. Азыр беш балам бар: Арген, Арсен, Арлен, Айназик, Аделина. Кыздарым мага абдан жакын. Өзүм жалгыз бала болгондуктан, үйлөнөрдө Элмирага талап койгом. “Мага көп бала төрөп берсең алам, болбосо албайм” деп. Ал өзү да жалгыз кыз, бүлөдө, “менин деле көп балалуу болгум келет” деген. Учурда 12 жылдык тыныгуудан кийин Куурчак театрында актриса болуп иштеп жатат.

– Экөөңүздөр таанышкан күн эсиңиздеби?
– Алгач курсташ катары гана тааныштык. Башында бири-бирибизди аябай жаман көрчүбүз. Мен аны көргөндө эле негедир “невзрачная” экен” десем, ал мени “желмогуздай болгон кандай бала?” дептир. Жылдызыбыз таптакыр келишчү эмес. Анан да Элмира дегеле кишиге сүйлөчү эмес да. Алар тамак жеп жатканда бөлмөсүнө кирип келсек, туруп алып чыгып кетчү. Качан гана биз ырдап-чордоп, алардын бөлмөсүнөн чыгып кеткенде кайра келип тамагын иччү. Ошентип, кээде спектаклдерде чогуу ойноп калабыз, кээде чогуу конокко барып калабыз. Бир күнү Болот деген курсташыбыздын туулган күнүнө отурушка барып, ошол жактан бир жакындык пайда болгон. Кийин сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

– Жубайыңыздын сизге жаккан жана жакпаган сапаттары барбы?
– Албетте. Жаңы үйлөнгөн кезде жумуртка кууругандан башка тамак жасай алчу эмес. Жалгыз кыз болуп эрке өсүптүр. Менден эки жаш улуу болсо да, тамак бышырганды ага мен үйрөткөм. Азыр баарын катырат. Бардык сапаттары мага жагат. Бир гана туура эмес болсо да “меники туура” деп талаша бергени жакпайт. Балдар чоңоюп, “апа, атам туура айтып жатат” дегенге жарап калышты. Ошондо гана унчукпай калбаса. Экөөбүз жалгыз кезде талаш башталса, бири-бирибизге тууралыгын далилдейбиз деп бир топ убакка чейин китептерди карап, тааныштарга чалып, талашып отура беребиз. Ошол сапаты гана жакпайт. Болбосо баары жакшы, ынтымактуу, эриш-аркак күн кечирип келебиз. Эми үй болгондон кийин казан-аяк кагышат дечи. Бирок чоң уруш-талаш деле болбойт. Бир гана жолу эсимде, жумуштан чарчап келсем үй актап жаткан экен. Тамак жок, үй чачык. “Чай кой” десем, “өзүң коюп иче берчи, мен бүтө салайын” дейт. Аябай жиним келип катуу урушкам. Азыр да ошол күндү кээде эстеп, “сен ошондо тамак деп карышкырдай айкыргансың” деп калат.

– Үй-бүлөлүк турмушта эң катуу кайгырган жана эң катуу сүйүнгөн күнүңүз?..
– Окууну бүткөндө казактардын Ауэзов атындагы Улуттук драма театрына чакыруу түштү. “Айлыгы 700-800 доллар, 7 айдан кийин 3 бөлмөлүү батир берилет” деген шарты менен. Апама айтсак, “жок, мен казактарга барбайм. Сени 4 жыл күттүм. Келсең кел, келбесең мени апа дебей эле кой” деди. Айла жок келдик. Келерим менен Кыргыз драма театрына ишке кирдим. Айлыгым – 430 сом, батирим – 1000 сом. Эжем-жездемдер менен эки үй-бүлө чогуу жашайбыз. Эки балам бар, Элмиранын боюнда да бар эле. Экөөбүз эртең менен туруп, тээ эски автобекет жактан бери жөө келип, жөө кетебиз. Троллейбуска акчабыз жок. Кечинде баратып чарчагандан ыйлагыбыз келер эле. Эптеп тапкан наныбызды балдардын оозуна тособуз. Ошондо бир жокчулук көкөйгө тийди. Айлыгым болсо түшкү тамакка эле кетет. Ай сайын кайра театрга карыз болуп калам. Карызымды толук жаап, 2 сом, 4 сом алган учурда сүйүнөм. Бир жолу эң көп алдым дегенде 12 сом колго тийгени эсимде. Ошондо Элмира байкуш деле айтпаптыр, “иштен чыгып, бизди жөндөп бак” деп.
Ал эми сүйүнгөнүм. Курсташтар арасында үйлөнгөндөрдөн үчөө элек. Менден мурун экөө тең уулдуу болушуп. Мага: “Сеники кыз болуп калса өлө шылдыңдайбыз. Уят эле болосуң”,- дешчү. Биринчи уулум Арген төрөлгөндө досторго “ии, эркек бекен?” деп мактанып, аябай кубангам.

– Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аскат Сулайманов: "Жек көрүүм сүйүүгө айланган"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
noeli
2012-03-13 11:06:13
МАЛЫШ ты наверно умственно отсталый человек да?
0
tyan-shan
2012-03-13 12:24:32
Мыкты актер экендиги талашсыз. талантынызга таазим, уй-булолук бакыт каалайм.
0
ussofa
2012-03-13 13:55:45
кара талантын сыйлап аз акчага эле иштегенин азаматсын!! азыркы жаштар кой демек да....
0
Cyldyzka
2012-03-13 17:13:52
bizde sonun talanttular bar birok şart cok kötörülö albay kıynalışat başka mamleketterde 1 kinogo tartıl elge caktıbı boldu anın caşoosu srazu özgöröt
0
2012-03-13 17:48:14
Мени да апам тамак жасатып ойногону жонотчу эмес азыр кереги тийип жатат окунбойм студентмин да хе хе
0
Tokmok
2012-03-13 18:32:20
ii Ushul akter aiyabai jagat, sizge alban iyigilik,ui-bulonus menen baktyluu bolunus!!!!
0
_oichul_
2012-03-13 21:15:47
Бул байкеге бали...Мыкты актер экен кинодогу ролдорду майына чыгарып калбастан, жашоонун да ролун оз нугунда аткарып жаткандыгы кубандырат.... ийгилик ушунунуздан жазбаныз...!
0
Eshka
2012-03-14 13:34:28
Cизге ишинизге ийгилик жана уй-булолук зор бакыт, жолдошунуз экоонор тен карып, балдарынардын урматын корунуздор.
0
M.Lancer
2012-03-14 23:23:16
толуп баратыптыр, жоо баспай калган го, же айыл окмоттун ролун жараткан атканбы?
0
ded
2012-03-15 10:40:25
Азаматсыз ишинизге ийгилик.
0
kuba_kg
2012-03-15 12:03:54
красавчик братан сизге ийгилик жогорку жазылган создорго кошулам сиз аябай качоксуз.
0
Baimur
2012-03-15 22:48:47
Жакшы рольдорду жаратат рахмат сизге Аскат байке алдыга карай алга
0
elnnura
2012-03-18 02:29:04
Аскат байке ишинизге ийгилик.
0
almaz187
2012-03-19 02:50:55
Аскат ава так держать! Ыссык-колдон чон салам!
0
Karamel
2012-03-30 03:03:32
мага дагы олло жагат та ушул байке.
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан