Чолпон Султанбекова, ЖКнын депутаты: «БАЯМАН КОРОО ТОЛО РОЗА БЕРГЕН»

“Баямандын аялы дешсе эле, мени жыргап-куунап жашаган аял деп айтышат экен. Андай эмес. Кээде ойлоп коём, түйшүк үчүн жаралган окшойм деп. Кичинемден эмгекке бышып, ушул күнгө чейин жаным тынбай келет”,- деп сөзүн баштап калды, кезектеги каарманыбыз. Ак-саргыл костюм-юбка, бермет шуру-сөйкө, моюнуна улуттук сайма түшүрүлгөн жибек шарф орогон Чолпон айым майрамды утурлай шайыр маанай менен маектешип отурду.

ЧОЛПОН ААЛЫЕВНА СУЛТАНБЕКОВА

1969-жылы 19-августта туулган.
Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясы.
Жогорку билимдүү. Мичурин атындагы Педагогикалык институтту, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, КРнын ТИМинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.
“Алыш” күрөш боюнча Эл аралык федерациясынын жана “Палван” корпорациясынын президенти.

ЛЯНГА ТЭЭП ЧОҢОЙГОН КЫЗ
Чолпон Султанбекова Бишкек шаарында студенттердин үй-бүлөсүндө туулган, окуусун бүтө элек жубайлардын тун кызы. Балалыгы, окуучулук курагы Ош шаарында өткөн.
“Резинка ойноп, лянга тээп, көчөлөрдө чаң ызгыта жүгүрүп чоңойгонмун”,- деп эскерет ал күндөрүн.
Жети бир туугандын улуусу болгондуктан, үйдүн оокатына бышкан. Тамак жасаганды 4-класстан тарта үйрөнгөн.
“Түштүктүн кызы, келини эмесминби, ашты катыра басам. Азыр деле кайсы тамакты айтпа, дароо жасап берүүгө даярмын”,- деп калды.
Атасы өмүр бою Оштун профсоюзунда иштесе, апасы университетте кыргыз тил жана адабияттан сабак берген. Кийин ата-энесинин көзү өтүп кеткен соң бир туугандарына ата ордуна ата, эне ордуна энеге айланган.
“Ал эле эмес, чоң эне, таененин да ролун аткарам. Ар майрамда биздин үйгө чогулуу – бир туугандарымдын арасындагы салт”,- деди Чолпон айым.

БИЛГЕНИН БЕРБЕЙТ, КААЛАГАНЫН ЖАСАЙТ
Жакындары “Чолпон көңүлүнө иш төп келбесе, баары бир жасабайт. Чечкиндүү. Баарынын оюн сыйлайт, бирок өзүнүкүн бербейт” деп калышат. Буга каарманыбыз да кошулат.
Москвага жогорку окуу жайына тапшырарда ата-энеси каршы чыккан. Алар “үйдүн улуусу болсоң, сен кетип калсаң эмне кылабыз? ОшТУга эле тапшырчы” дешет. Аларга башты ийкеп коюп, баары бир Москвада окуу үчүн Ошто экзамен тапшырып өтүп кетет.
Кийин окуусу аяктаган соң университетке жумушка орношот. Сырттан окуган студенттерге сабак бермей болуп, биринчи күнү эле үйүнө ыйлап келген экен Чолпон айым.
“Барсам, группада жалаң эле өзүмдүн классташтарым, теңтуштарым болуп чыкты. Сабакта мени эч ким укпай, тоготпой, күлүп эле отуруп алышты. Атама келип “болду, сабак бербейм” деп көзүмө жаш алдым. Ал жактан чыгып ЗАГС бөлүмүндө иштей баштадым”,- дейт. Турмушка чыккандан кийин иштебей үйдө отуруп калыптыр.

«СЫНБАДЫМ, МЕН ЧЫЙРАЛДЫМ»
Баяман мырзанын көзү өткөн биринчи секунддан баштап моюнуна жүктөлгөн түйшүктөн улам депрессияга түшүүгө чамасы да болбоптур.
“Адам жашоосун ойлонуп отуруп стресске кабылат эмеспи. Менде андай мүмкүнчүлүк болбоду”,- деп баштады турмушундагы оор күндөрү тууралуу. Чолпон айымдын айтымында, жолдошунун өлүмү саясатташып кетип, Бакиевдердин куугунтуктоосу дурустап, күн өткөрүүгө да тоскоол болгон.
“Бизнес болсун, шайлоо болсун, туш тараптан бут тосуу болуп жатты. Кезинде Баяман Кадамжай округунан жалгыз талапкер болуп чыгып, альтернативасы жок утуп чыкса, мени 2006-жылы административдик ресурс менен өткөрбөй коюшту”,- деди.
Бирок каарманыбызды сындырууга, чөгөлөтүүгө аракет жасагандарга моюн сунбай, тескерисинче, улам чыйралып отуруп, күчүнө, кайратына кайтат.
“Баямандай жигит өтүп кетсе, былжырап ыйлаганым болбойт. Намыстуулугумдан алсыз жактарымды көрбөдүм”,- деп улантты.
Баса, Баяман Эркинбаев каза болгондо сөөгүнүн “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлушуна каршы чыккандар болгон. Апасы туулган жери Сузакка алып кетем дегенде, Чолпон айым жолдошунун сөөгү Бишкекте калуусун суранган.
“Минтип кара күндү баштан кечирип отурсак, Бакиевдер “Сузагына алып барып көмүп алышсын” дегенге чейин барышкан. Атүгүл Бакиевден коркуп, анын жанында жүргөн досторубуз Баямандын батасына келе албай коюшкан. Жолдошумдун өлүмү, анын кайгысы жана үч балам менен жалгыз калып кеттим. Бирок кийин ойлонуп карасам, бул турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүшү экен”,- деп каарманыбыз тагдырдын оор сыноолорун баяндады.

МИССИЯ УЛАНТУУЧУ
Саясат чөйрөсүнө аралашуу, депутат болуу каарманыбыздын түшүнө да кирбеген. “Министр болоюн, аткаруу бийликте иштейин” деген пландары деле жок.
“Баямандын эл алдында берген сөздөрү, убадалары калып кетпесин деген жалгыз себеп. Анын максаттарын аткарууну милдетим деп билем. Келечекте кыргыздын тарыхында Баяманга арналган өзүнчө баракчалар болот. Буга катуу ишенем. Канчалаган саясатчылар, депутаттардын көзү өтүп кетти, бирок элдин жүрөгүндө Баяман унутулбай жашап келет. Анын темасы эч качан өчпөйт. Мени миссия улантуучу деп койсо да болот”,- дейт.

– Маектешүүгө келе жатып, жолду катар гүлүн көтөрө чуркаган мырзаларга, Ак үйдүн ичинде куттуктоо кагаздарын жеткирип жүргөн жардамчыларга көзүм түштү. Сөз учугун 8-Мартка карата берилген эң жагымдуу белектен баштасак...
– Белек алган күндөр көп эле болгон. Анын ичинен бирөөсүнө токтолсом. Баяман дайыма гүл берчү, бир ирет 8-Март күнү эртең менен ойгонуп короого чыксам, розалардан жердин бети көрүнбөйт. Толтура гүлдөр! Уйкудан ойгоно элек окшойм, бул түшүм болсо керек деп турам. Өзүмө да гүлдөрдүн ичинен роза аябай жагат.
Кийин уксам, Баяман чоң корообузга роза төшөө үчүн Оштун базарларына гүл калтырбай сатып алган экен. Розалар кургап калган соң бир машина өзүнчө ташып чыкты. Короо толгон ошол роза гүлдөр эч эсимден кетпейт.
– Жогорку Кеңеште жаштар, спорт жана социалдык маселелерди көп көтөрүп чыгасыз. Өзүңүз спортко жакынсызбы?
– Жаш куракта волейбол, футбол ойноп калчубуз. Бирок профессионалдык спортко кызыккан эмесмин. Студент болуп жүргөнүмдө активдүү болчумун, тез эле элди чогултуп, иш-чараларды уюштуруп жиберүүгө жакын элем.
Парламентке келсек, коалицияны “Республика” түзгөндөн кийин комитеттерди бөлүштүрүү башталды. Саясатка жаңы келгендиктенби, көп нерсе өөн учурап жүрдү. Анан Жаштар саясаты жана спорт комитетинин башчылыгына менден сурабай эле бекитип коюшуптур. Төрайымдык үчүн жүгүрүп, аны тартышып деле албадым.
Комитеттин жетекчиси болгондон кийин атайын пландарды түздүк. Мына, жыйырма жылдан бери биринчи жолу улуттук оюндардын борбору ачылды. Бул да чоң жеңиш.
– Балдарыңыз эмнеге шыктуу?
– Балдарым атасынын көзү өткөндө кичинекей болчу. Ошондуктанбы, алар өтө тез чоңоюшту. Өткөөл курак деп маселе деле жаратышкан жок. Эки уулум Москвада. Бири Орусиялык элдер достугу университетинде юридикалык бөлүмдө окуса, экинчиси Москва мамлекеттик Эл аралык мамилелер институтунда билим алып, келечекте дипломат болот. Кызым Диана 14тө, мектепте. Сүрөттү жакшы тартат, “дизайнер болгум келет” деп жүргөн чагы. Көйнөктөрдүн эскиздерин чийүү менен алек. Кана эми атактуу кутюрье болуп кетсе...
Балдарым музыкага жакын, ыр менен бийге шыктуу. Кээде үйдө баарыбыз чогулуп алып караокеде ырдап калабыз. Алар англис тилинде, мен кыргызча. Анан балдар “апа, карып калган окшойсуз” деп күлүп калышат.
Улуу уулум былтыр Москвада кыргыз студенттеринин арасында күрөш өткөргөн. Жакында 17-мартта атасынын туулган күнүнө карата Олимпиадалык комплексте оюн уюштурам деп чуркап жүрөт. Азыр эле “акчадан каралашыңызчы” деп чалды. Уулум “апа, үч жылдай чыдай туруңуз, университетти бүтөрүм менен ишиңизге жардам берем” деп калат.
– Сизди саркеч депутаттардын катарына кошобуз. Кайдан кийинесиз?
– Мен эми депутат болгондон кийин эле жакшынакай кийинип калган жокмун. Классташтарым айтып калышат, “бантикти да баарынан башкача байлап келчүсүң” деп. Анан мектеп формабыздын ак жеңдери болор эле, аны да атайын өзгөчө кылып, барпыратып тиктирчүмүн.
Өзүм чебер болбосом да, фантазиям жетиштүү. Кайсы кийимди эмне менен кийиш керек, кандай сөйкө жарашат, кантип боёнууну билем. Атайын окуган деле эмесмин. Табиятымдан го дейм.
Моданы да куубайм. Кийим жарашыктуу жана ыңгайлуу болсо... Тиктирбейм, дүкөндөрдөн эле сатып алам. Кыргыз саймалары түшүрүлгөн кийимдерди “Дилбар” мода үйүнөн алам.

P.S. Чолпон айым бир сааттай созулган маекте бир канча жолу жолдошунун ысымын кайталап жатты. Жылдар өткөнүнө карабай, азыр да жанында тирүү жүргөндөй айтып отурду. “Эмнесин көбүрөөк жоктойсуз?” деген суроомо “ушул күнгө чейин өзүнүн жоктугун...” деп жыйынтыктады.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чолпон Султанбекова: "Баяман короо толтура роза тартуулаган эле..."
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
aigulai
2012-03-12 14:47:30
Жаткан жери жайлуу болсун Баяман мырзанын.
0
bakiev_kurmanbek
2012-03-12 15:20:26
Эр жигит олсо да,элеси эл ичинде сакталат! Баяман олсо да,артында атасынын жолун жолдой турган балдары бар экен.
0
BNA
2012-03-12 16:32:11
ошко келип кайрадан Баямандын ордун басса жаман болбойт балдары атасына окшош экен
0
zema
2012-03-12 19:14:55
Баяман мырзанын аты эл арасынан очпойт эч качан!
0
Нукура кыргызка
2012-03-13 07:44:11
Эмнегедир окуп алып ыйладым,азамат эже экен. Жолдошунуз эрте кеткен,калган омурун балдарынызга берсин...
0
akylbekkg
2012-03-13 10:17:55
Баяман кыргыздын эн мыкты жигиттеринен эле! Жакшы адамдардын оуру кыска болот турбайбы! Калган омурун балдарына берсин!
0
Gumaw
2012-03-13 17:45:09
Мына Кыргызымдын таза кандуу Кырзгыз кызы,Каныкейдин,Курманжандын таза кандуу урпагы бар болунуз ар дайым. Сиздин *Гордая* болуп жургонунуз аябай жакты!!!!Ак жол ар дайым!!!!
0
solnyshko
2012-03-14 14:32:14
эххх Баяман Эркинбаев кыргыз элинин чыныгы патриот мырзасы эле....
0
azi.klgd
2012-03-14 20:05:09
Чолпон эже, мен эсинизде бармынбы? Жолдошунуз отуп кеткенден кийин Ошко чогуу учтук эле, мен сиздин уйунузго баргам. Аябай чон таасир калтыргансыз мага адам катары, сиздин жонокойлугузго, дегеле баарына баа бергем. Кийин коп жолу издеп, жолуга албадым, тушунуктуу эле, мумкун жардам сурагандар коптур, мага сизден эч нерсенин кереги жок. Мен азыр алыстамын, бирок сиз учун копко чейин кыйналып жургонум эсимде ,кантет экен, ушундай зор тоону жоготуп деп. Азаматсыз ,баш ийип таазим кылам.
0
azi.klgd
2012-03-14 20:06:41
сизге байланышка чыгуу мумкунбу? сиз мага ошондо Турцияда тушкон черно-белую фотографияю вашу обещали...
0
asa
2012-03-15 03:22:47
Бакиевдерди жамандабай эле койбоптурсузда бирок Баяман аке чыныгы кыргызга куйгон адам болчу
0
future_kg
2012-03-15 13:01:58
Баяман мырза болгондо Ош окуясы бболмок эмес !Бир мекенчил-патриот адамдан элибиз эрте айрылып калды!Жараткан уулдарына омур берсин.Баяман агабыздай эли ак кызмат кылган уулдардан болсун!
0
sanya
2012-03-18 15:26:47
Баяман Эркинбаев барда ошто бир да сарт крутой машина минген эмес мен да омур бою сыйлайм балдарынын омурун берсин канчалаган балдарды тарбиялаган эх кыргызстандын буркутту болчу атин дагын деле туягы бар
0
nam.11
2012-03-18 19:54:42
эжеке эч кимге моюн бербен кудай буйруса устаттан шикир кыйын чыгат дегендей баяман байкенин жоктугун бтлгизбей баяман байке депутат болсо балдарыныз кыргыз республикасын башкарган патриот жигиттерден болуусун каалаймын
0
kany.
2012-03-18 21:18:59
Кыргызстанда Баяман Эркинбаевдей патриот инсандар коп болсо ээх чиркин кандай гулдомок...
0
№ 488, 9-март - 15-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан