Эрнест Абдыжапаров дагы да болсо изденүүнүн үстүндө. Азыркы мезгилде популярдуу болуп турган «Тамашоунун» жигиттерин кошуп «Тамашоунун» ары жагынан» деген аталышта фильм тартып баштады. Тасмада аталган долбоордун балдарынын жашоолору, сахна артындагы даярдыктары чагылдырылат. Тамашакөй жигиттердин чыныгы мүнөздөрү эми кинодо ачылат өңдүү.