Колтугуна тирүү үндүктү кысып, “айылдан Айга учам” деген тилегин ишке ашыруу үчүн шаарга жөнөгөн жигит. Шаарга жеткенде күрмөсүн автобуска унутуп, аяш атасынын дареги жазылган кагаздан айрылып, кайра аялдамага келет. Ал келечек жашоосуна таасирин тийгизер адамды дал ошол аялдамадан жолуктурат. Бирок тагдыр ага түркүн сыноолорду даярдап койгон...
Ошол жигит тилегине, сүйүүсүнө жетеби? Кандай курмандыктарга барат? Мына ушундай өңүттө өнүккөн “Айылдан Айга” фильми куудул Талант Анарбаевдин тырмак алды болуп калды. Куудул өзү башкы ролдо. Тасма жакшы чыгып, Талантты Айга учурабы же?.. Бул жагын көрөрмандар тасманы көргөндөн соң өздөрү талдап алышат.