Манас айтуу ар кимге бериле берчү өнөр эмес, аларды колдоп туруу – ар бир кыргыздын милдети»,- дейт «Улуу баян» коомдук фондунун директору Бакыт Романов. Андыктан ушул фонддун өкүлдөрү өлкөбүздөгү Назаркул Сейдрахманов, Тилек Асанов, Алимбай Маатов сыяктуу жети манасчыга бирден унаа ыйгарышты. Учурда ар бири унаа тээп, кубанып жүргөн чактары.