8-Март майрамын утурлай “Ак Шоола” балдар хорунун негиздөөчүсү Гүлмира Эсенгулова
50 жылдык мааракесин жана жолдошу, КРнын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев
60 жаш кутман курагын белгилешти. Бишкектеги Улуттук китепканада өткөн чакан майрам “Ак Шооланын” кичинекей “жөжөлөрү” менен эсте калды десек болот. 2-3 жашар мойтойгон балдар ырдап-бийлеп “апасын” куттукташты.
Ошондой эле ушул уядан учуп кеткен ырчылар Алтынай Атаканова, Чолпонай сыяктуу окуучулары келип, күндүн күнөөкөрүнө сүйүнүч тартуулап кетишти.