Жаңы чыгып келе жаткан ырчыларды элдин кабыл алуусу кыйын эмеспи. Мен “Жебе” тобун эл жакшы кабыл албайт го деп кооптонгон элем, бирок андай болбоду”,- дейт Кенже Дүйшеева. Анын айтымында, жакында эле ырчы Алматы шаарындагы “Астана” ресторанында концерт койгон. Өзү жетектеген топтун жигиттерин кыздар концерт аяктаганда коё бербей убара кылышкан. Кол тамга алып, сүрөткө түшүп жаткан топ кыздардан Кенже Дүйшеева балдарын алып кете албай айласы кеткен. Алматыга байма-бай каттаган ырчы “балдарын” да эки өлкөгө таанытууга аракет жасоодо.