– Нарынга концерт коюп барып калдык. Сахнанын бир четин материал менен тосуп коюптур. Сахнага чыкканда берилип кетип эч нерсеге маани бербей каласың го. Мен да аябай берилип кетсем керек, унутуп кетип ал материалга жөлөнүп алыптырмын. Бир кезде эле талтайып отуруп калдым. Эми болор иш болду деп бир куплет бүткөнчө отурган калыбымдан жазбай ырдай бердим. Көрүүчүлөр ышкырык, кыйкырык, күлкү менен эле сүрөп жатып калышты.