КАРТОШКА ӨСТҮРҮҮ

ҮРӨНДҮК КАРТОШКА
“Уйкусунан ойготуу”: Картошканы тигүүдөн мурда аны алгач жылуулукка чыгарып, “уйкудан ойготуп” алуу керек. Кичине күн жылый баштаганда эле ороодогу картошканы жылуу жайга алып чыгып койсоңуз, картошка “ойгонот” да, өнө баштайт. Аталган процессте кабыгы жашыл тартып, көзчөлөрүндө кичинекей сабакчалар өсө баштайт да, топуракка тиккенде өсүүсүн тездетет. Ошондой эле сырты жашыл тартып калган картошкада уу заттар пайда болуп, ар кандай зыянкеч курттардан жана чычкандардан өзүн-өзү сактайт (1-сүрөт).

Тигүүгө даярдоо: Айдоо аянты даяр болуп калган кезде үрөндүк картошканы салмагына жараша даярдоо зарыл. Негизинен, үрөндүк деп 30-50 граммдык (же жумуртканын көлөмүндөй болгон) картошка эсептелинет. Мындан чоңдору, тактап айтканда, 50 граммдан 70 граммга чейин болсо аны кесип, эки бөлүп тигет. Ал эми 70 граммдан жогоркуларын көлөмүнө жараша жана сабак өсүүчү көзчөлөрүнө карап бөлүп кесүү керек.
Кесүү: Чоң картошка айдоо аянтына көп кеткендиктен аны кесип, бир канча бөлүккө бөлүп үнөмдөөгө болот. Кесүү ишинде картошканы сабак өсүүчү көзчөсүнө карап туура бөлүү зарыл. Картошка баш жагы жана киндик жагы деп бөлүнөт. Баш жагында көзчөлөр көбүрөөк, ал эми киндик жагында 1-2 гана көзчө болгондуктан, төмөнкү сүрөттөгүдөй кесүү туура (2-сүрөт). Кесилген бөлүктө 3-4төн көзчө болууга тийиш.

АЙДОО АЯНТЫ
Айдоо аянтын жаз келери менен сугарып, андан соң тоборсуй түшкөндө топуракты айдатып (же күрөк менен казып) жана топуракты майдалап, жумшартуу иштерин баштоо зарыл. Нымдуулукту жоготпош үчүн дароо эле картошканы көмүүгө шашылыш керек. Себеби картошка нымдуулукту жакшы көргөн өсүмдүк.
Айдоо аянтын түшүм жыйналып бүткөндөн кийин, кеч күздө эле айдатып койгон жакшы. Бул топурактын дем алуусун жакшыртат жана жер кыртышындагы жашылча зыянкечтеринин сыртта калып өлүшүн шарттайт.

1 гектар айдоо аянтка

  • 30-50 граммдык үрөндөн 2-2,5 тонна
  • 50-70 граммдыктан 3-3,5 тонна
  • 70 граммдан жогору болсо 4 тоннадан көп үрөн талап кылынат.

Орточо жана чоң салмактагы үрөндүк картошканы 2-3 бөлүккө бөлүп тигип экономдоого болот.

ТИГҮҮ УБАКТЫСЫ
Күн жылып, топурактын жылуулугу 6-8 градус болуп калганда картошка өнөт, бирок жакшы өсүүсү үчүн 10-12 градус болгон кезде тигүү жакшы. Ал эми топурактын жогорудагы температурага жеткендигин билүү үчүн жерди казып, колуңузду топуракка 10-15 сантиметр тереңдикке салсаңыз, жылуулук сезилет. Мындан сырткары дыйкандарыбыз бул убакты өрүк гүлдөгөн мезгил менен белгилешет. Ал эми жер тытмалап жан багып көнгөн дунгандар жерге жамбашын тийгизип отурат да, эгер топурактан жылуулук сезилсе, айдоо иштерин башташат экен.

КАРТОШКА ТИГҮҮ
(көмүү)
Айдоо аянты даяр болгондон кийин картошканын жөөктөрү (сабы) аныкталат. Мында сортуна жараша аныктап алуу зарыл. Себеби кеч бышуучулардын сабактары чоң болот. Муну эске алуу керек, анткени сабактар отоо, сугаруу жана түптөө иштеринде тоскоолдук жаратпагандай болуусу шарт.

  • Эрте бышкан сорту (60 күндүк) – тигилген картошкалардын аралыгы 15-20 сантиметрди, ал эми ар бир жөөктүн аралыгы 60 сантиметрди түзүүгө тийиш.
  • Орто убакытта бышуучу сорту
    (90 күндүк) – тигилген картошкалардын аралыгы 15-20 сантиметр, жөөктүн аралыктары 60-70 сантиметр.
  • Кеч бышуучу сорту (120-150 күндүк) – тигилген картошкалардын аралыгы
    15-20 сантиметр, жөөктүн аралыктары 70 сантиметр.

Ал эми көмүүдөгү тереңдик жумшак топурактуу жер болсо 6-8 сантиметр, ал эми жер кыртышы катуураак болсо 8-10 сантиметрди түзүүсү керек.

ӨСТҮРҮҮ
Сугаруу
Топуракка көмүлгөндөн кийинки биринчи сугаруу эң негизги ролду ойнойт. Эгер эрте сугарып койсоңуз негизги күчү сабагына өтүп дүркүрөп өсөт да, топурактын алдындагы бөлүгү түшүм бербей калат. Ал эми өтө суусатып коюу да болбойт. Себеби картошка нымдуу топуракта жакшы өсүп, мол түшүм берет. Негизинен, бизде картошканы гүлдөгөнгө чейин сугарышпайт. Бирок азыркы учурда климаттык шарт өзгөрүүдө. Андыктан аба ырайына карата иш кылуу зарыл. Эгер жаан-чачын көп болсо, биринчи сугат кеч эле болгону оң. Ал эми күн өтө ысып кетсе сугарууну баштоо туура. Күн ысык тийген аймактарда бир жылда 3-4 жолу сугаруу жетиштүү. Күн 28-30 градуска жеткенде сөзсүз сугаруу талап кылынат. Себеби өтө ысыкта картошканын өсүүсү жайлап кетет. Ошондой эле ашыкча нымдуулук картошканы чиритип жиберери эсиңизде болсун.

Түптөө
Түптөө бул – топурак жумшак болуп, картошканын түшүмү жогору болуусу үчүн жасалат. Жумшак топуракта картошканын чоңоюусу жана сырткы көрүнүшү жылмакай болот (формасы жакшы). Биринчи түптөө иши картошканын сабагы 20-25 сантиметр бийиктикке жеткенде жасалат. Ошондой эле ар бир сугат иши жүргүзүлгөндөн кийин жер катып калбашы үчүн топурак өтө кургап кете электе түптөп туруу зарыл. Картошканын түбүндөгү топуракты түптөп жаткан учурда чоң кылып үйгөн жакшы. Себеби картошканын тамыры муун-муун болуп, жайылып өсөт. Ошол тамырдагы ар бир муун картошка байлайт.

ОТОО
Жапайы чөптөр түшүмдүүлүктү азайтып жибергендиктен, алардан арылтып туруу жакшы. Бийик өскөн чөптөр картошканын сабагына көлөкө түшүрүп, күндүн энергиясынан куру калтырат.

ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР

Аммиактуу селитранын курамында азоттун өлчөмү 34 пайызды түзөт. Ошондо канча көлөмдөгү аммиактуу селитраны сатып алуу керектигин төмөнкүдөй кылып эсептөө зарыл. Мисалы, 1 гектар эски айдоо аянтына 120 килограмм азотту 34 пайызга бөлсөк 3,52 центнер болот. Же 1 гектарга 352 килограмм аммиак селитрасы талап кылынат.

Супер фосфаттын курамындагы фосфордун өлчөмү 20 пайызды түзөт. Ошондо канча көлөмдөгү супер фосфат сатып алуу керектигин жогорудагыдай эле эсептеп алсаңыз болот.
Эскертүү: Топурактын курамынын өзүндө фосфор болот. Андыктан фосфор менен жерди азыктандырам десеңиз, анда алгач айдоо аянтыңыздагы топуракта канча өлчөм фосфор бар экендигин аныктап алууңуз кажет. Ал үчүн 1 килограмм топуракты Бишкектеги топурак-агрохимиялык станцияга алып келип, аныктатып алсаңыз болот.

КЫК
Топуракты азыктандыруу үчүн эң жакшы жер семирткич катары малдын кыгы жакшы. Уйдун жана жылкынын кыгын 1 гектарга 40-60 тоннага чейин төксө болот. Ал эми койдун жана үй канаттууларынын кыгын 1 гектарга 10 тонна себүү жетиштүү. Себеби бул жандыктардын кыктары өтө күчтүү болгондуктан, өсүмдүктөрдү күйгүзүп жибериши мүмкүн. Эгер жер семиз болсо, жер семирткичтерди себүүнүн кажети жок.


СОРТТОР

  • Эрте бышуучу – челпек сорту 60 күндүк.
  • Орто убакытта бышуучу – агава сорту 90 күндүк.
  • Кеч бышуучу – кардинал, пикассо, невский, драга, конкурент, мондиал, санте сорттору – булар 120 күндүктөр.

Адистердин айтымында, пикассо сорту абдан жакшы. Себеби ал аба ырайынын кандай шарты болсо дагы жакшы өсөт.

ЖАКШЫ СОРТТОГУ ҮРӨНДҮ КӨБӨЙТҮҮ
Жакшы түшүм берүүчү сорттогу картошканын үрөнүн көбөйтүү үчүн ишти күзүндө, казуу иштери аткарылып жаткан кезде баштаңыз. Кайсы картошканын түбү чоң-чоң болуп, көп байласа, аны үрөндүккө бөлүп алыңыз.
Кокус үрөн аз болсо, аны жаз алды менен жылуу жайга чыгарып өндүрүп, көзчөлөрүнөн өсүп чыккан ак түстөгү сабактарды өз-өзүнчө бөлүп топуракка отургузуу менен көбөйтсө да болот. Мындай жол акча каражатын үнөмдөөгө жардам. Себеби бир тоголок картошкадан 5-10 сабак алууга болот. Бул 1 картошка келечекте 5-10 түп картошка дегендик.

1 ГЕКТАРДАН КАНЧА ТҮШҮМ АЛУУГА БОЛОТ?
Бир гектар аянттан биздин шартта жакшы эмгек кылсаңыз 40 тонна түшүм алууга болот. Ал эми Европа өлкөлөрүндөгү атайын дыйканчылык фермаларында бул көрсөткүч 60-80 тоннаны түзөт.

Жогорудагы картошка өстүрүү боюнча өз кеңештери менен бөлүшкөн К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана аларды коргоо кафедрасынын доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты Кызайым Эргешовага жана топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессору Нурдин Дуйшембиевге ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mega88
2012-03-19 09:21:05
жакшы жазылыптыр мага жакты

0
erali
2012-03-25 21:35:56
Абдан пайдалуу кенешиниздер учун чон рахмат,жогорку тушум алууга зор оболго болукучу маалыматтар экен.Супер инфо газетасына ушундай макалалары учун ыраазычылык билдирем!
0
tyrgon
2017-03-30 00:08:22
фосфор ду кайдан алса болот
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан