ВЕНА БАЛЫ

Балдардын дүйнөлүк борбору – Австриянын Вена шаары. Бул жерде жыл сайын 300дөн ашык бал өткөрүлөт. "Вена балы" деп аталган мындай балдар дүйнөнүн көптөгөн шаарларында да өтөт. 8-Март – Эл аралык Аялдар күнүнө карата уюштурулган Вена балы Бишкекте да болду.

ВЕНА БАЛЫ – АВСТРИЯНЫН МАДАНИЙ МУРАСЫ
Вена балы – Австриянын борбору Вена шаарында бал мезгилинде (бал мезгили – 11-ноябрда башталып, февраль айынын ортосуна чейин уланат) өтүүчү, салтка айланып калган ар кандай балдар. Кээ бир балдар мындан башка убакытта деле өтө берет. Мындай кечелердин түпкү тамырын XIX кылымдын биринчи жарымынан издесе болот. Ал убакта өтүп турган балдарга аристократтардан баштап жөнөкөй адамдарга чейин катышышчу. Бул жөрөлгө уланып отуруп, ушул эле кылымдын акырында Сарай балын өткөрүп туруу адатка айланган.
1877-жылдын 11-декабрында бал Венадагы Опера театрында өткөрүлгөн. 1921-жылы Сарай балы эмес, Опера балы деп анын аталышы өзгөрөт. Анткени бий кечеси мындан кийин хан сарайда эмес, Опера театрында өтмөк болот. 1935-жылы алгач ирет расмий аталыштагы Вена балы өткөрүлгөн. Балдын негизги элементи – Вена вальсы.
Азыр айтылуу Вена балы 200 жашка чыгып калды. Австриянын маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине да киргизилген.


ДРЕСС-КОД МААНИЛҮҮ
Бул бий кечесине кирүү үчүн айымдар ак узун көйнөк кийип, колуна кичинекей гүлдесте кармап келүүлөрү керек. Ал эми Опера балында айымдардын башында таажысы да болушу шарт. Мырзалар фрак (арты кууш, узун болгон мырзалардын кече костюму) кийип баруулары абзел. Кээде смокинг кийүүгө да уруксат берилет.

БИЙ КЕЧЕСИНЕ ПРЕЗИДЕНТ ДА КАТЫШАТ
Опера балына 5000ден ашык конок келип, билет баасы 230 еврого (14 000 сом) чейин жетет. Жөн эле балды көргөнү кирем десең, 60 еврого (3000-4000 сом) жакын акча бересиң. Венадагы Опера балына президент да катышат. Көп жылдан бери Жаңы жыл түнү Хофбургда (Австриянын президентинин резиденциясы) бал өткөрүлөт. Хофбургдагы балга катышуучулар үчүн атайын мектеп ачылган. Ал жакта балдын башталышында айымды кантип жетелеп чыгуу керек, бийлөө, бири-биринин бутун басып албоо, атүгүл ар бир ашкана буюмунун ордун билүүгө үйрөтөт.

ВЕНА БАЛЫ КЫРГЫЗСТАНДА
Бишкектеги алгачкы ирет өтүп жаткан чоң масштабдагы Вена балын уюштуруучулар – "Ала-Тоо" рестораны. Бул балды алар 8-Март – Эл аралык аялдар күнүнө арнашты. Уюштуруучулардын "эл аз келет" деп коркконуна карабай кечеге келгендердин саны көп болуп, аларды кубандырды.
Венада балга президент келип катышса, бизде деле ишкер, саясатчылардын бирин-экини көзгө урунду. Ырчы Анжелика да үй-бүлөсү менен барып эс алып кайтты.

Анжелика: “ЖОЛДОШУМДУН МАГА ЖАНА АПАМА БЕРГЕН ЭҢ ЧОҢ БЕЛЕГИ – УШУЛ БАЛ”
– Атам, апам жана жолдошум болуп келдик. Бул жолдошумдун мага жана апама берген эң чоң белеги болду. Бал аябай жакты. Жаңыдан күйөөгө чыкканда жолдошум менен бийлеген элем. Эстеп көрсөм, андан кийин такыр вальс бийлей элек экенмин. Ушундай кечелер көп өтсө деген ойдо калдым. Ушунчалык эргүү алдым, эс алдым. Мага эң жаккан нерсе эмне болду, билесиңби? Баарыбыз эле төрттөн-бештен болуп жүрдүк. Бирок эски тааныштардай бири-бирибиз менен жылуу мамиледе болдук. Көрсө, бул дүйнөдө адамдын атын билбей эле жакшы маанайда чогуу, жылуу маектешсе болот экен.

Алгач эле вальс бийлөөнү каалагандар ортого чыгып алпаруучу Бакыт Байсариевден мастер-класс алышты да, вальс сынагына катышышты. Сынактын жеңүүчүлөрүн спорттук-балдык бий боюнча эл аралык деңгээлдеги Кыргызстандагы калыстар Сергей жана Людмила Закржевскийлер (жубайлар) аныкташты.

Людмила Закржевская: “КӨБҮРӨӨК ДАЯРДЫК КЕРЕК”
– Балдын өтүп жатканы өзү жакшы нерсе. Албетте, кемчиликтер бар. Чыныгы Вена балын өткөрүү үчүн жок дегенде Москвада өткөн Вена балына катышып көрүү керек. Вена балы мындан башкачараак болот. Мисалы, Венада бул балга бир жылдай даярдык көрүшөт. Бул жактагы уюштуруучуларга балды өткөрүү идеясы аз убакыт мурун гана келгендиктен, даярдык азыраак болуп калган. Идеяны өнүктүрсөк, өтө жакшы жөрөлгөгө айланат. Балга катышуучулар вальс бийлегенди үйрөнүп, ага көп убакыт даярдануулары керек жана дресс-код өтө маанилүү. Ар бир айым узун ак көйнөк кийип, колуна кичинекей гүлдесте кармап келүүсү, мырзалар болсо фрак гана кийип келүүлөрү керек болчу. Анысына карабай таланттуулар көп экен, жакшы бийлешти. Биз музыкага жараша бийлегенине, вальсты бийлөө деңгээлине жана жуптардын бири-бирине жарашканына карата жеңүүчүлөрдү тандадык.

Жеңүүчүлөрдүн жанына барсак, алар үй-бүлөсү менен отурушуптур. Көрсө, вальс бийлеп 1-орунду алгандар – атасы менен кызы экен.
“Биз бийлегенди үйрөнөлү деп эле чыкканбыз. Жыйынтыгында жеңүүчү болуп калдык. Өтө кубанычтабыз”,- деп алар толкундануу, кубануу менен жооп узатышты.

Бакыт Байсариев, алпаруучу: “ЕВРОПАДА ЖҮРГӨНДӨЙ БОЛУШУПТУР”
– Элдин оозу­нан "жакшы болду" деген сөздөрдү угуп, көздөрүнөн кубанычты көрүп турдум. Мурда бий клубдарынын арасында гана уюштурулуп жүргөн болсо, чоң масштабдагы Вена балы Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жатат. Айымдар сүйүнүп "Европада жүргөндөй болдук" деп айтып жатышты. Бал мен ойлогондой эле болду. Бирок мени элдин вальсты жакшы билбегени өкүндүрдү.

Бакыт Өмүрбаева, уюштуруучулардын бири: “ВАЛЬС БИЙЛӨӨ ОҢОЙ ЭМЕС”
– Бул балды атайын 8-Мартка байлап, айымдарыбызды кубандыруу, алардын өзүн чыныгы айым сезиши үчүн уюштурганбыз. Азыр аялдардын көбү иштеп, өздөрүнө убактысы жок.
Вена балын бул жылы баштадык, кийинки жылдары мындан жакшы деңгээлде улантабыз деген үмүттөбүз. Эл бийлегенден качат деп коркконбуз. Анткени вальс бийлөө оңой иш эмес да. Бирок биздин коноктор даярданып келишиптир. Көп деле кемчилик болгон жок. Бирок биз айымдардан чыныгы ханышадай болуп келүүнү суранганбыз. Аппак болбосо да узун кече көйнөгүн кийип келишсе жакшы болмок. Кыска көйнөкчөн келгендер да болду. Бара-бара биз Вена балына олуттуу мамиле кылууга элди үйрөтөбүз деп ишенем.



Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bahtin
2012-03-19 23:04:55
Жакшы! жалан байлар барса керек бияка!
0
maksimus
2012-03-20 11:36:12
owo da korunup turat

uwundan koro akchani bwkaga jumwaa jaksi bolot ele kuturbai
0
RIO
2012-03-20 11:59:29
maksimus, муну 21-кылым деп коет. Байлар барса да мындай кечелер кандайдыр денгээлде маданиятка салымын кошот.
0
aruuke82
2012-03-25 11:02:10
Biylegendin da ozuncho iskusstvosu bar, biylep es alyp jyrgoogo emne jetsin. bailar barsa emne alchasy bar eken barab bersin. Sonun jakshy boluptur.Alga-aa
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан