«Супер-Инфодо» эң узак убакыттан бери иштеп келе жаткан кызматкер Азамат Сагынбаев: «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨГӨНДҮ «СУПЕР-ИНФОДОН» ҮЙРӨНГӨМ»

"Супер-Инфонун" жамаатында орус мүнөз, көп сүйлөбөгөн жигит бар. Ал – Азамат Сагынбаев. Биз, кесиптештери, аны "Супер-Инфонун" ардагери" деп коёбуз. Анткени ал 10 жылдан бери гезиттеги макалаларга "көйнөк" кийгизип келет. Тагыраак айтканда, верстальщик-дизайнер кызматын аркалоодо.
Азамат 1981-жылы 16-июлда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Мектепти аяктагандан кийин окуу борборлорунун биринен 5-даражадагы верстальщик-дизайнер адистигине ээ болуп, иш тажрыйбасын "Чүй баяны" гезитинен баштаган. Андан кийин да ар кайсы гезиттерде сканворд терип иштеп жүрүп, 2001-жылы "Супер сканворддордун" босогосун аттаган.
Алдындагы ысык кофеден ууртап, шыпты бир топко карап ойлонгон кесиптешим ал күндү мындайча эскерет.

– Гезитте иштеген Базарбай деген досум бар эле. Ошол досум “сен сканворд тергенди билесиң го. “Супер сканворддор” деген гезит бар, ошого иштебейсиңби” деп мени редакцияга ээрчитип келген. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылыгымды билдирем. Кылычбек байке келерим менен эле жумушка алган. Башында бул жамаатка көнүү мен үчүн оор болгон. Анткени орусча окуп калгандыктан, кыргызча жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Жумушка жаңы келгенимде кесиптештерим бат-баттан сүйлөсө түшүнбөй, алардын оозун карап калчумун. Кыргызча гезит болгондон кийин чогулуштар да кыргыз тилинде өтөт. Чогулуштан кийин Кылыч байке мени чакырып алып, айтылган нерселерди орусча түшүндүрүп берип, мага өзгөчө мамиле жасачу.

Редакция ичинде “Азамат кыйын, бул жерге үтүр келет, бул сөз мындай жазылат деп биз менен талашат” деп журналисттер көп айтышат. Каарманыбыз бул тууралуу эмне дейт?
– Элибизде көп жашаган билбейт, көптү көргөн билетдеген жакшы сөз бар. Кабарчы болобу, корректор болобу, мага “Азамат, бул бетке түзөтүү киргизип алайынчы, үтүр коюлбай калыптыр, тамга түшүп калыптыр” деп келишет. Кээде түзөтүүнү өзүм киргизем, кээде алар киргизишет. Алар түзөтүү киргизгенде артында карап турам, эмнени кошуп, эмнени алып жаткандарын. Түзөтүлгөн сүйлөмдү бир сыйра окуп чыгуу адаты менде азыркыга чейин бар. Ар бир киргизилген ката акырындык менен баш мээңе сиңе берет окшойт, кээде ошентип билген нерсемди айтып калам.

Азамат “Супер-Инфо” гезити ачылгандан тарта бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Бир орунда туруктуу иштөөнүн сыры да болсо керек...
– Эркекмин да, ошон үчүн болсо керек! Ха-ха-ха... Бул эми тамаша, бирок чындыкка жараша. Эгер мен кыз бала болсом турмушка чыгып, эне болуп, гезитте туруктуу иштей албасам керек эле. Эсимде, кайсы бир жылы жумуштагыларга айтпай досторума кошулуп Казакстанга иштегени кетип калгам. Мындан жакшы жумуш ордун, шаңдуу жамаатты таппасыма көзүм жетип, эки жумадан кийин кайтып келгем.
Бул гезитте көп жылдан бери иштеп келишимдин эң негизги сыры – өз кесибимди сүйгөнүм, жумушумду берилүү менен аткаргандыгым болсо керек. Ушул кезге чейин жетекчимден өзүм тууралуу да, жасаган эмгегим тууралуу да терс сын уга элекмин. Бирок бир жолку окуяны эстеген сайын уялам.
Жаңыдан иштеп баштаганда болсо керек эле. Макаланын ичине сүрөттү жайгаштырып жатканда 2-3 миллиметр жылышып кетти. “Менден башка ким билмек эле, боло берет” деп өткөрүп жибердим. Макала жасалып бүткөн соң кабарчылар баракка чыгарып алып Кылычбек байкеге текшертип чыгышчу. Жасалган беттердин баарын Кылыч байкеге киргизип кетишти. Бир убакта менин “ким билмек эле?” деп кетирген катамды жетекчим таап чыгып, белгилеп бериптир. Ошондон кийин билип жатпаймынбы, Кылычбек байкенин мурун гезитте верстальщик-дизайнер болуп иштегенин. Ошентип уят болгондон кийин андай ката кетирбегенге аракет кылып калгам. Азыр эстесем, азыркыга салыштырмалуу ал кезде иштөө бир топ оор болгон экен. Ырчылар сүрөттөрүн көтөрүп келишет, аны өткөрөйүн десең азыркыдай сканер деген нерсе жок. Фотосалондон дискетага көчүрүп келчүбүз, анысына да 3-4 эле сүрөт батат. Флешка кийин эле чыкпадыбы. Бир компьютерде 4-5 адам иштейбиз, талашып. Жетишпей калганымда түнкүсүн калып иштейм. Жумушумду бүтүрүп, куксиден ичип алып, 4 отургучту бириктирип жатып алчумун.

Жетекчибиз Кылычбек Султанов жыл сайын татыктуу иштеп келе жаткан кызматкерлеринин бирине унаа белек кылууну салтка айланткан. Анын мындай белеги эң биринчи болуп Азаматка ыроолонгон эле.

– “Жасаган эмгегиң жерде калбайт” деген чын экен. Кылыч байке эмгегимди баалап, 2009-жылы мага Ауди С4 унаасын белек кылган. Чындыгында, мен үчүн күтүлбөгөн белек болгон. Унаалуу болгонумду уккан туугандарым да "жетекчиң мыкты жигит экен! Өсчү жигит экен!" деп ага ийгилик каалашкан. Анткени буга чейин редакциялар арасында кызматкерине унаа алып берүү деген нерсени уккан эмес экенмин. Менден кийин да эки кызматкерибизге унаа белек кылды.
Негизинен, Кылыч байке ар бир кызматкердин иштөөсүнө шарт түзүп берүүгө аракеттенет, болгондо да заманбап шартта. Жаңы программа чыктыбы, редакциянын эсебинен ар бир дизайнерди атайын курстардан окутат. Гезитке керектүү жаңы техника чыктыбы, сөзсүз алып берүүгө ашыгат. Жетекчибиздин мындай аракети биздин ишибизди алда канча жеңилдетет.

КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ АЗАМАТ ЖӨНҮНДӨ
– Башында гезитте башка жумуштар менен бирге вёрстканы да өзүм жасачумун. Чарчадым көрүнөт, бир күнү верстальщик-дизайнер алууну чечип, Азаматты иштеген жерине издеп бардым. Ал тууралуу мурун угуп жүрчүмүн. Өтүп бараткан экен, токтотуп алып “гезит ачкам, келип мага жардамдашып иште...” деп ушундай берилүү менен көптө түшүндүрүп бүтсөм, ал мени бир топко чейин тиктеп алып басып кетсе болобу?! Кийин дизайнер деп мага бир баланы ээрчитип келишти. Карасам, баягы мени тиктеп коюп басып кеткен жигит. Көрсө, Азамат кыргызча түшүнбөчү экен.
Азамат – мен сыймыктанган, ишенген, таланттуу кадрларымдын бири. Ар бир макаланы элдин көзү менен жасай билет. Буюрса, келечекте аны менен биргеликте далай ийгиликтерди багынтабыз деген ойдомун.



   

Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Супер-Инфодо" эң узак убакыттан бери иштеп келе жаткан кызматкер Азамат Сагынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Asus84
2012-03-19 09:51:46
хаааа ха ха авторитет байлаганы жакпадыбы ийгилик сизге!
+1
nurbek_posol
2012-03-19 12:08:39
Атына затын жарашкан жигит экенсин! ийгилик !!!
+1
orbitka
2012-03-19 12:49:04
Азамат байке азамат!)) Ийгилик сизге!
+1
cosmopolit
2012-03-20 08:49:47
Azamat!!! Ishine iygilik! Kilich bayke dagy ar dayim bar bolsun!!! jana Super Info nu dagy 10 jildik maarekesi menen chin jurokton kuttuktaym!!!
+1
ArzykulovaNURI
2012-03-20 19:06:11
jakshy
0
monchok
2012-03-21 13:09:55
Кылыч Байке Азамат киши экен!
+1
maisal1919
2012-03-23 21:01:17
кыргыз болуп кыргызчан билбейм деген эмнеси анкоосуп эле койотта

0
saki_kg
2012-03-24 03:09:04
Азамат брат мен окуган школдо окуган,кандайдыр бир мага пример адам болчу!!! Спокойный адам,жумуна ийгилик!!! Мени унутпаса керек...
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан