КЫНЖЫЙГАН КАМЧЫНЫ ЭЛЕСТЕТИШ КЫЙЫН...

Испан жазуучусу Бальтасар Грасиан: “Бир арстанды көрсөң бардык арстандарды көрдүм деп бил, бир койду көрсөң бардык койлорду көрдүм деп бил. А бирок бир адамды көргөндө бардык адамдар ошондой экен деп эч качан ойлобо”,- деген экен. Ар бир адамдын мүнөзү, жүрүм-туруму, турган турпаты ар башка эмеспи. Биз таанымал инсандарыбызды жакыныраак билүү үчүн ар кандай чымчыма соболдор менен кайрылдык.


– Бир канча жолу «радиодон кетем» деп билдиргениң бар, бирок дале иштеп жатасың. Бул атайын жасаган пиарбы?

Чыңгыз Мырзаев: «КЕТКЕНИМ ДА, КЕЛГЕНИМ ДА ПИАР ЭМЕС»
Ооба, радиодон кеткеним да чын, кайра келгеним да чын. Бирок бул жактан эч кандай пиар көргөнүм жок. Мен «Кыргызстан Обондорунан» башка радиого эч качан кетпейм дагы.


– «Үнүм жок болсо да, өңүм бар» деген ырчы кыздарга кандай көз караштасың?

Кундуз Канатбек кызы:«КЫЗДАРГА СЫН ТАГА АЛБАЙМ»
Менимче, ар бир адамдын өзүнө таандык таланты бар. Ал талантты бирөө бийик бааласа, бирөөгө жакпашы мүмкүн. Андыктан андай кыздарга сын тага албайм.




– «Сапар акча маселесине келгенде аябай сараң» дешет. Бул чынбы?

Сапар Эркебаев: «ЧЫН ЭЛЕ АКЧАГА БЫШЫКМЫН»
Чындап эле акчага бышыкмын. Кээде ишенбеген адамга акчамды колумда кармап турсам да жок деп эле коём. Бирок бышыктык менен сараңдыкты эки башка сапат деп билем.



– Арыктоо жөнүндө ойлонуп көргөн эмес белеңиз?

Камчы Сарыбаев:«КАЗЫ-КАРТАНЫН ҮСТҮНДӨ КАЙДАГЫ ДИЕТА?»
Ойлонгом. Ойлонгон оюм ошол эле жерде калган. Кыргызда той-топур деген көп болот, анан жалаң казы-картанын үстүндө жүрсөң кайдагы диета? Азыр арыктоону көп деле ойлонбой калдым. Кандай калыпта болсом, эл ошондой кабыл алат. Арык, кынжыйган Камчыны элестетиш деле кыйын болуш керек.

– Сиз 1992-жылдан бери эле Олимпиадаларга барып жүрөсүз. Азыр алып карасак, 20дан ашык жаш спорт журналисттер кезек күтүп кезерип жүрүшөт экен. Жаштарга орун бошотоюн деген оюңуз жокпу?

Кабыл Макешов, Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы: «ЖАШТАРДЫН ЖОЛУН ТОСКОН ЭМЕСМИН»
Жаштардын жолун тоскон эмесмин, тосоюн деген оюм да жок. Олимпиадаларга деле мен барам деп жутунган жерим жок. Мени өздөрү чакырышат. Негизи, чет жактарга чыкканда спорт журналисттеринин жаткан жерине, тамак-ашы, баскан-турганына өзүнүн каражаты кетет. Мына ушундай шарттарды укканда жаш журналисттердин көбү өздөрү эле баш тартышат.

– Сени «чоң сүйлөп, орунсуз тамашалап алып көп таяк жеп, спортчу агасы Кумар Жалиевди жардамга чакыра берет» дешет. Чынбы?

Мурат Жалиев:«КУМАР БАЙКЕМ МЕНИ ЖАРДАМГА ЧАКЫРАТ»
Андай эмес, өткөндөгү таяк жегеним эч кандай менин орунсуз тамашама же бой көтөргөнүмө байланышы жок. Ал мастардын иши болгон. Жашоодо мен эч кимди тамашалабайм дагы, эч кимге бой көтөрбөйм дагы. Жөнөкөй эле баламын. Ал эми байкем Кумар Жалиевди уруш-талаштарыма чакырган эмесмин. Тээ кичине кезимде жайлоодо балдар менен мушташып, токмок жеп калганда гана болбосо. Негизи, Кумар байкем чалып, өзү сурап турат, ал-жайымды. Андай жактан мен аны эмес, «разборкаларда» ал мени жардамга чакырат (күлүп).


– Өзүңүздү «подкаблучник» мырзалардын арасынан көрө аласызбы?

Кубаныч Сатаев: «ПОДКАБЛУЧНИК» ЭМЕСМИН»
Эч бир мырза «аялыма баш ийген «подкаблучникмин» деп айтпайт. Үйдүн кожоюну мен болгондон кийин аялым эч качан менден өзүн өйдө койбойт. Эмне суроо жаралбасын мага кеңешмейинче чечпейт. Акылдуу аял эч качан жолдошун «аялына баш ийген мырза» деген атка кондурбайт.



Байлыгына кызыгып турмушка чыккандарга эмне дээр элеңиз?

Роза Шакирова: «ТЕҢ ТЕҢИ МЕНЕН, ТЕЗЕК КАБЫ МЕНЕН»
Байлыкка кызыгып, ортолорунда сүйүү жок турмуш курууга эч качан болбойт демекмин. Анткени байлык бирде бар да, бирде жок. Байлыкка кызыгуунун артынан курулган үй-бүлө бат эле урап калат. Ошондуктан «тең теңи менен, тезек кабы менен» деген.

– Кыздардан кем калышпай сыланып-сыйпанып, оозду чоюп сүйлөгөн мырзаларга көз карашыңыз?

Нурдөөлөт Копоев: «СОЗУЛАБЫ, ЧОЮЛАБЫ, ӨЗҮНҮН ИШИ»
Эми бизде сахнанын, теленин адамдарынын көпчүлүгү өзүн каранып, таранып жүрүшөт да. Мен деле эфирге чыгардын алдында жарым саат күзгү алдында отурам. Ал – талап. Ал эми сахнадан тышкаркы чөйрөдөгү мырзалар туурасында эч нерсе айта албайм. Чоюлабы, созулабы, ким кандай болсо ошондой эле кабыл алам. Ар кимдин өзүнүн иши.

Бахияна Сатылганова,
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kani.90
2012-03-19 11:26:27
Камчы байке ишинизге ийгилик!
0
Shoola.kg
2012-03-20 19:32:46
камчы сарыбаевге чын эле арык болгон жарашпай калса керек ушундай болуп эле журо бериниз.сапардын бышыктыгын мойнуна алып айтканы жакшы экен.
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан