Жүрөгү “Тамашоу” деп согуп калган жаштардын кезектеги оюну 10-11-март күндөрү Спорт Сарайында болуп өттү. Жарым финалдан үйүнө 4 команда кубанып кайтса, калган 7 команданын оюнчулары “аттиң, ай” деген арман менен кетишти. Алардын өкүнгөнүнө себеп, эгер бул оюнда бир кадам артка эмес, алдыга шилтешсе, финалчы атка конуп, 4-сезондун жеңүүчүсү болууга болгону бир кадам калмак...
“ЭКСКЛЮЗИВ” ТРИУМФАТОР БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?
Оюн старт алган маалда “финалга бул команда чыгат, жок, тиги команда” деп биз да мелдеше кеттик. Саламдашуу, триатлон, видеосынак, музыкалык үй тапшырма сынагы боюнча "тамашоучулар" арасында кызык жана кызуу таймаш болду. Ар бир команданын өз өзгөчөлүгү, фишкасы бар эмеспи, айрымдарынын аты да чыгып калган “мыкты “тамашоучу” деп. Оюндагы максат – кандай болсо да финалга чыгыш болгондуктан, айрым оюнчулар тамаша аралаштыра “финалда биз да ойноп көрөлүчү” деп калыстарга кыйытып сөз айтууга үлгүрүштү. Күткөн жана күтүлбөгөн оюндар болуп, жыйынтыгында финалга 10-мартта “Моника Беллуччи”, “Эксклюзив” ("Жигиттер", "No name", "Достук", "2-рота" ыргып кетишти), 11-мартта “Ак-Өргө City”, “Ак кеме”("КG 77", "Nomads", "ЧЕЗ" ыргыды) командалары жолдомо алышты. Алыскы Баткен облусунун өкүлдөрү “аяш авалар” – “КГБ” командасы келбей калганы өкүндүрдү, күйөрмандарын. Анткени жарым финалдагы ар бир команда жеңүүчү болууга татыктуу болчу. Команданын келбей калгандыгы тууралуу долбоордун жетекчиси Эрмек Нурбаев "биринчиден, команда жакшы даярдана албагандыктан жана демөөрчүсү акыркы күнгө чейин макул болуп, сөзүндө турбай койгонунан" деп билдирди. Алматыдан келген “Эксклюзив” командасы эсте каларлык жакшы оюн көрсөтүп, жадакалса бул жылкы триумфатор болууга эң чоң атаандаш экенин сездирип кетти. Анын сыры эмнеде дейсизби, көрсө, команданын капитаны Дастан атактуу
"Астана КZ" командасы менен аралашып жүргөн, 31 жаштагы профессионал КВНчи экен. Бирок кандай күн болгондо дагы эң мыктысы, татыктуусу 4-сезондун жеңүүчүсү аталат деген ишенимдебиз. Андыктан, финалчылар, тагдырыңар өз колуңарда!
ТАМАШАЛАР:
КЫЗЫКТЫН БААРЫ АЛДЫДА...
“Тамашоучулар” күйөрмандарына кыргыз тилиндеги заманбап "Жаңы кыргыздар" аттуу юмор скетч-шоу тартуулаганы турушат. Долбоордун алгачкысы апрель айында көгүлтүр экрандан бериле баштайт. 10го жакын типаж, Чика жана Дэн – булар райондогу аябай боорукер “братандар”, Саке, Боке – акылман селсаяктар, Бурус Ли – кунг-фу боюнча сабак берген өзгөчө машыктыруучу... Демек, кызыктын баары алдыда... Андан сырткары 25-март күнү Астана шаарында Александр Масляковдун (кенжеси) алып баруусунда КВНдин расмий Орто Азия лигасынын ачылышында "Тамашоунун" курама командасы катышып, күчтөрүн сынап келмекчи.
Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg