“ЭЧ НЕРСЕНИ БИЛБЕЙМ, БИР АЙ!..”
Эртең мененки будильниктин шыңгыры – менин душманым. Өзгөчө түнү менен клубда ырдап, эртең менен жумушка барыш керек болгондо төшөктөн турмагым тозок. У-уф! Мындайда сааттын жаагы басылбайт. Уйкумду араң ачып, кулактын кужурун алган саат эмес, эшиктин коңгуроосу экенин байкадым. "Таң атпай кимиси?" деп күбүрөнүп, чалынып-чулунуп барып араң эшикти ачтым. Досторумдун бири го дегем. Бирок...
– Гүлзар?!
– Эч күткөн жок белең?!- деди ал. Туура, башканы күтсөм да аны күткөн эмесмин. Дагы колундагы баласы менен.
– Сен... Сен кайдан?
– Төрөт үйүнө келбей койсом эле кутулам дедиңби? Сен келбесең, биз келдик.
– Так, Гүлзар, бул темага кайра кайрылбайбыз дегенбиз. Мен боюңдагы баланы алдырып сал дегенде "ишиң болбосун, өзүм чоңойтом!" дегенсиң. Мен сага ошондо эле "үй-бүлө үчүн жаралган адам эмесмин, менден чоң нерсе күтпө" дегем. Баарын өзүң чечкенсиң. Так что, башымды чакпа!
Адатынча наалат айтып, ыйлайт деп күткөм. Бирок ал мени көпкө үнсүз тиктеп турду. "Ушундай да кейбир болосуңбу?" деген сөздү окудум көздөрүнөн. Чыдай албай кеттим.
– Ооба, ооба, мен күнөөлүүмүн! Ошону дагы бир жолу айтыш үчүн келдиңби?
– Тимканы сага бир айга калтырышым керек болуп жатат.
– Ыя, Тимка?!
– Ооба, Темирлан! Сенин уулуң!
– Менин... Уулум... Бул...
– Бир айга бала менен отурушуң керек. Болгону, бир ай! Андан кийин сага атыбызды эмес, карааныбызды көрсөтпөйбүз. Бир айга мени тажрыйба топтоо үчүн (тикмечилик боюнча) Москвага жөнөтүп жатышат. Ата-энем, билесиң, бала төрөлгөндөн кийин эле "сендей кызыбыз жок!" дешкен. Тимканы караган, жардам берген таежем ооруп калды. Мындай кырдаал болбогондо басып келбейт элем. Башка амалым жок.
– Сен жинди болуп калсаң керек! Жумушум, клуб...
– Урдум сенин ишиңди! Бир ай баланы карайсың!- деп кыйкырып алды ал.
Чындап жини келгенде эркектер аялдардын чаңында эле каларыбызды ошол күнү сездим. Гүлзар айтчусун айтып алып баланы кийим-кечек, упчу-бөтөлкөсү менен таштап кетип калды. Бөлмөнүн ортосунда жарым жылаңач мен, мени таң кала тиктеген балакай... Башымды мыкчып канча отурдум билбейм, бирок бир кезде ордумдан туруп кийине баштадым. Балакай бир ыйлап койбойт, мени сынай тиктеп отурганы отурган.
– Эмне карайсың?! Ооба, мен ушундаймын!- деп кыйкырып алдым. Коркуп кеттиби, эрдин эмшеңдетип ыйлап жиберди. Кантип ордумдан туруп боорума кыса койгонумду билбейм. Ал чочуркай мени тиктеп алып, бир аз жоошуй түштү. Менимче, 11 айлык болуп калса керек.
– Азыр, азыр... Бир гана ыйлаба...- деп күбүрөп креслого акырын отурдум. Экөөбүз тиктешмей ойноп жаткансып бири-бирибизден көзүбүздү албайбыз. Мына сага тамаша, баланын өңү, кашы, мурду дал меникиндей экен. Көзү гана апасыныкындай бакыраят. Кызык жашоо ушинтип башталды...
"БОТКО, ПАМПЕРС, АНАН АТАЛЫК"
Темирланды көтөрө жумушка кирип барган мени эшиктеги катчы кыздан баштап жетекчиме чейин таң кала карашты.
– Бул ким?- деди Кубат агай сөөмөйү менен баланы көрсөтүп.
– Бул... Бул Темирлан... Бала...
– Алимов, бала экенин көрүп турам. Кимдин баласы, эмнеге жумушка алып келдиң?!- деп агай жиндеп кетти.
– Тиги... Бул менин жээним болот. Апасы катуу ооруп ооруканага жатканга туура келип калды. Менден башка караганга эч ким жок. Ошон үчүн... Бир айга суранайын деп...
– Атасы кайда?
– Ажырашып кетишкен.
Негизи, "тилде сөөк жок" деген чын белем, калп-чынды койгулаштырып жатып жумуштан бир айга сурандым.
Ошентип, Темирлан экөөбүздүн ары тамашалуу, ары аргасыз турмушубуз башталды. Балакайдын оюнкарактыгын айтпагыла, бул жагынан жыйнасам, экинчи жагынан үйдү чача баштайт. Апам мени да "кичине кезиңде жан койбогон шок болчусуң" деп айтчу. Бир жолу шымына чычып койгон экен, эптеп жууп келип дивандын үстүнө отургузуп коюп булганган шымдарын жууп кайра келсем, дивандын үстүнө кайра "таштап" коюптур. Анысы аз келгенсип колу, денеси бүт...
Ошентип, күндүз бири-бирибиз менен алышып жатып кантип уктап калганымды сезбей калыпмын. Ойгонуп кетсем, балакай жылаңач көкүрөгүмө жабышып алып бышылдап уктап жатат. Алысыраак эле жаткыргам, кайдан келип кучактап алганын билбейм. Бир нерседен корккондой бүрүшүп, быйтыйган колдору менен тырмышып алган. Ошол мүнөттө менде мурун уктап жаткан бир сезим ойгонгондой болду. Каным дүргүп чыкты. Бул кубанычпы, сыймыктануубу же жүрөксүүбү, билбей жаттым. Кубанганым, кимдир бирөөгө керек экенимди сезгеним, сыймыктанганым – ушул "красавчик" наристе менин бир ууч каным экени, жүрөксүгөнүм – менин бул ролго даяр эмес экеним эле.
Чынын айтайын, ата болуу менин жакынкы пландарымда жок болчу. Карьерамды жасап, чыгармачылыгымды өркүндөтүп алууга болгон күчүмдү салам деп ойлоп жүргөм. Али үйлөнбөйм деген элем. Темирлан менин пландарымды апасына окшоп түп-тамыры менен кыйратты. Ошентсе да көкүрөгүмдө бышылдап жаткан жагымдуу сезимден айрылгым келбей магдырап жаттым. Темирлан экөөбүздүн башыбыздан өткөн жоруктарды айтып кереги жок. Бирок эч нерсеге карабай биз бактылуу элек.
Эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. "Сүт алып келчү аял болсо керек, акырын эле баспайбы, баланы ойготот экен..." деп ойлоп эшикти ачтым. Маңдайымда Гүлзар туруптур.
– Тима кана?- деп энтиккен ал бөлмөгө жулунуп кирип, баланы басып жыгылды.
– Мен келдим, балам! Эми экөөбүз таптакыр айрылышпайбыз. Ух! Мен сени кандай сагындым!- деп өпкүлөп жаткан Гүлзарды тиктеп, катырып койгон немедей тура бердим.
– Кийимдери кайда?- деген ал баланы өпкүлөп, берген кийимдерин сумкага салып Темирланды кийинте баштады.
– Токтосоң, коё турсаң...- дегенден башка сөз оозума келбейт.
– Сага чоң рахмат!- деген Гүлзар баланы кучактай узай берди. Кандайча? Мен анын атасы эмесминби? Темирлансыз кантип жашоого болот? Өзүмө келип бир нерсе дегенче Гүлзар чыгып кетти. Адам күнүмдүк кызыкчылыкка кызыгып жашоосундагы эң баалуу нерсеге көз жумуп коёт окшойт. Ошол уйкусуз түндө мен баламсыз мындан ары жашай албасымды түшүндүм. Бир күн да, бир мүнөт да чыдай албайт элем. Тааныштардан Гүлзардын таежесинин үйүнүн дарегин алып түндөп издеп жөнөдүм. Мени күтпөгөн Гүлзар таң кала тигилди.
– Мени кечир, мен акмакмын, өзүмчүлмүн! Бирок мындан ары Тимкасыз, сенсиз жашай албайм!
Эми мага будильниктин кереги жок. Уулум эртең менен бетиме чапкылап, өз тилинде бир нерселерди айтып жатып ойготот. Менин уулум!
Руслан
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg