ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-марттан 25-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде документ иштеринде так болуп, толук окуп чыкмайынча кол коюуга ашыкпаңыз. Дүйшөмбүдө маанилүү кабар угасыз. Апта ортосунда көптөн күткөн иштериңизге ийгилик жылмаят. Жума күнү алыс жолго чыгууңуз күтүлүүдө. Апта соңу досторуңуз менен мамилени бузуп алуудан сак болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында ушактардын айынан жакын мамиледеги адамдар менен урушуп кетишиңиз мүмкүн. Андыктан өз көзүңүз менен көрбөгөн маалыматтарга ишенүүнүн кажети жок. Бейшембиде иш боюнча сапарга чыгууңуз мүмкүн. Жума күнү көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп чарчайсыз. Ишембиде ыплас ишке кириптер болуп калышыңыз мүмкүн. Жекшембиде маанилүү иштер боюнча чечим кабыл албай, кийинкиге жылдырганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта күтүлбөгөн окуяларга бай болмокчу. Апта башында жүрөгүңүздөгү сурооңузга жооп табылат. Апта ортосунда денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу бар, этият болуңуз. Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Жума күнү акчаңызды үнөмдүү пайдалануу керек. Болбосо акча үй-бүлөдөгү уруштун себепкери болуп калат дейт жылдыздар.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде жасалуучу иштериңизде жакшы жыйынтыкка ээ болуу үчүн алдын ала пландап алганыңыз дурус. Шейшембиде акчага байланышкан иштерде сактык керек. Болбосо бирөөлөргө алдатып же жоготуп алышыңыз мүмкүн. Шаршембиде электр приборлорун оңдоодо сак болуңуз. Жума күнү туугандар ортосундагы чыр-чатакка аралашуу чырды күчөтүп жиберерин эске алыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта башында оор жүк көтөрүүдө омурткаңызга зыян келтирип алуудан абайлаңыз. Апта ортосу чыгармачыл адамдарга ийгиликтүү. Бейшембиде көптөн бери бүтпөгөн иштерди аягына чейин чыгарууга шарт түзүлөт. Апта соңу баш кошууга, той өткөрүүгө ыңгайсыз күн. Андыктан башка күндөргө тууралаган оң.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында иштериңизде кыйынчылыктар жаралып, жыйынтыгы да көңүлгө толбойт. Шаршембиде көчөдөн тамактанууда ууланып калуудан сак болуу сунушталат. Апта ортосунда көптөн күткөн буюмду сатып алып маанайыңыз көтөрүлмөкчү. Жума күнү жалган жалаанын курмандыгы болуп калбайын десеңиз, бейтааныш адамдар менен убакыт өткөрүүдөн качуу зарыл. Апта соңу конокко чакырыласыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы күнү бейтааныш адамдар менен чатакташып кетүүңүз мүмкүн. Шаршембиде пикир келишпестиктер орун алып, айрым түгөйлөр ортосунда чыр чыгат. Андыктан күнөө кимден кетсе да түшүнүү менен бир пикирге келүүнү жылдыздар сунушташат. Убада берүүдөн алыс болуңуз, аткара албай уят болуп каласыз. Жекшембиде жаңы таанышуу орун алат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башында эс алууга түзүлгөн шарттан баш тартып, топтолуп калган иштерди бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Болбосо убакыттан уттурасыз. Апта ортосунда ок атуучу курал колуңузга тийип калса, колдонууда этияттык талап кылынат. Башкалардын ден соолугуна залал келтирип алышыңыз мүмкүн. Эмки аптада маселелер жаралбашы үчүн ишембиге пландалган бардык иштерди аягына чыгарууга тырышыңыз. Жекшембиде элге көбүрөөк аралашса, бойдоктор болочоктогу адамына кезигүүлөрү ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө ата-энеңиз менен көз карашыңыз дал келбей, пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бирок турмуштук тажрыйбасы чоң болгондуктан, аларды уксаңыз ийгиликке жетесиз. Апта ортосунда жумушта жетекчилик менен чоң иштерди пландайсыз, андыктан активдүүлүктү көрсөтүңүз. Апта соңу капчыгыңыз бош калбасын десеңиз, кумар оюндарынан оолак болуу керектигин жылдыздар эскертишет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын алгачкы күнү тааныштардын арасында баркыңыз түшпөс үчүн мурда берген убадаларыңызды аткарууга туура келет. Шейшембиде туугандарыңыздын кеңешин угуп коюунун ишиңизге жардамы тиет. Бейшембиде жолугушуу белгилебей эле койгон оң, убактыңыз текке кетет. Ишембиде жол жүрүүдө кырсыкка кабылып калуудан сак болуңуз. Жекшембиде жагымдуу жолугушуу күтүүдө.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта башында пайдалуу иштерди баштоого бел байлайсыз. Шаршембиде жакын адамдарыңыздын жардамы менен ишиңиз жеңилдемекчи. Апта ортосунда үй-бүлөдөгү майда уруш чоң жаракага жетиши мүмкүн. Андыктан эмоцияга алдырбаңыз. Жума күнү алыстан жакшы кабар келиши күтүлүүдө. Апта соңунда узак жолго аттанып калышыңыз мүмкүн, даяр болуңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул апта сиз үчүн оор болмокчу. Аптанын биринчи жарымында көңүл кош мамиле кылуу ишиңизде маселелерди жаратышы мүмкүн. Апта ортосунда жаңы таанышуу жеке жашооңузга өзгөрүү тартуулайт. Акыл-эс менен иш кылбасаңыз, аягы өкүнүч менен аяктайт деп эскертет жылдыздар. Апта соңу туугандарыңыз менен бир дасторконго чогуласыздар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Xan
2012-03-23 14:45:27
туура эле окшойт
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан