ЖАСАЛМА АРАКТАР КАНТИП, ЭМНЕДЕН ЖАСАЛУУДА?

Жасалма арак чыгаруу өзгөчө СССР тарагандан кийин жайылганы маалым. Учурда да мындай арактар көп. Алар кантип, эмнеден жасалууда деген суроо менен Республикалык наркологиялык борборунун жогорку категориядагы врач-наркологу Шайлообек Өмүралиевге кайрылдык.

«КӨПЧҮЛҮГҮ МЕТИЛ СПИРТИНЕН ЖАСАЛАТ»
– Жасалма арактар эч бир санитардык нормага жана технологиялык талапка жооп бербейт. Андыктан ден соолукка зыян. Анткени алар фильтрден өтпөйт, суу жумшартылбайт, спирттин курамындагы керексиз заттар тазаланбагандыктан, ичиндеги микробдор өлбөйт. Анысы аз келгенсип таза эмес бөтөлкөлөргө куюлат. Ачуу кылыш үчүн акиташ жана ушул сыяктуу кошулмаларды кошуп, элге сатышат.
Мен билген маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жасалма арак жасоодо көбүнчө метил спирти (метанол) колдонулат. Көп жасалгандыктан, мындай арактан уулангандар да көп. Метил спиртинин өзүн ичип ууланган учурлар да кездешет.
Метил спирти жыгач таарындысынан алынат жана өндүрүштө колдонулат. Муну атайын лабораториялардан, спирттер чыгаруучу заводдордон алып келип, арак жасашат. Азыркы убакта кайсы заводдун арагы жакшы өтсө эле, ошону жасалма кылып жасай салышууда.
Айрым кезде атайын тазалоо, чыпкалоодон өтпөгөн этил спиртинен да жасалма арак жасашат. Тазалоодон өтпөгөн соң андагы уулуу заттар кала берет да, организмге киргенде органдарды ооруга чалдыктырып, талкалайт.
Метил спирти – нерв жана кан тамыр системине таасир этүүчү күчтүү уу. Бул спирттин 5-10 миллилитрин ичүү катуу ууланууга, сокур болууга жеткирсе, ал эми 30 миллилитри өлүмгө алып келет.
Эми жасалма арак ичип ууланып каза болуу жаатында мисал келтирсем.
Бишкек шаарынын тургуну, 32 жаштагы Асан (аты өзгөртүлдү) колго жасалган арактан ууланып көз жумган. Артында чиедей болгон 3 баласы жетим калган. Асан менен кошо ичкен достору да ууланып, оор абалда ооруканага жатып, дарыланып чыгышкан. Бул фактылардын бирөөсү гана. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча канча адам көз жумуп, канча адам ден соолугунан ажыраганы тууралуу так маалымат жок.
Өлкөбүздө орточо эсеп менен ар бир үй-бүлө жылына 7-11 миң сомду арак менен тамекиге сарптайт. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин орточо жашы 62ге, аялдардыкы 67ге чейин кыскарып кеткен. Жасалма арактар өмүрлөрдү мындан да кыскартат.

«Техникалык спиртти да колдонушат»
– Метил спиртинен тышкары техникалык спирттен да айрымдар арак жасап, сатып жүрүшөт. Техникалык спирттер дегенибиз – техникалык этил спирти, денатурат.
Техникалык этил спирти лак-краскалардын, жуучу каражаттардын, антифриздин, күйүүчү майдын курамдарына кошулат. Денатурат лабораторияларда, өндүрүштө керектелет. Аталган спирттердин зыяны метил спиртинен да жогору, анткени курамында уулуу заттар абдан көп.
Жасалма арактар жогоруда айткандай, спирт түрлөрүнөн жасалат. Андыктан самогон жасалма арак түрүнө кирбейт. Анткени ал кант, кызылча, картошка, жемиш сыяктуу нерселерден жасалат. Аны кол арак десек жарашат.
Негизи, адам өз ден соолугуна зыян келтирбейин десе, ичимдикти сатып алууда сөзсүз лицензиясын суроо керек же фирмалык дүкөндөрдөн алганы оң.

Фактылардан

  • 2011-жылдын июлунун башында Балыкчы шаарынын “Ынтымак” акционердик коомунун аймагынан 20 миңден ашуун жасалма арак табылган.
  • 2011-жылдын 6-июль күнү Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан “Бостон” базарында эки жасалма арак чыгарган көмүскө цех табылган. Текшерүү учурунда 136,5 литр спирт жана 1428 бөтөлкө жасалма арак чыккан.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Arman
2012-03-22 16:01:26
tooba okup bytky4o arak jyttanyp jatty
0
ussofa
2012-04-13 17:20:48
ичкендерге окутуп койсо оз омурлоруно озулору балта чаап жатышканын билсе кана!!!
0
temirov76
2015-05-03 20:49:46
Жасалма арак эмес таза арак деле ден соолука зыян да.
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан