АКСЫ ОКУЯСЫНА 10 ЖЫЛ

"Кыргызстандагы авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөштүн башаты" аталган айтылуу Аксы окуясына быйыл 10 жыл толду. Бийликтин огунан 6 уулун жоготкон Аксы элинин кайгысынын табы кайта элек. Ал окуя бүтүндөй кыргыз элинин эсинде сакталуу бойдон калды. Жылдар өттү, ал жигиттердин өлүмүнөн кийин деле бир нече жылдап бийликте өзгөрүү болбоду. Мына эми гана кыргызды жарга эмес, жакшылыкка жетелөөчү нурлар көрүнө баштады...

АВТОРДОН КЫСКАЧА...
– Мен ал жылы 8-класстын окуучусу болчумун. Ишке караганда оюнду көбүрөөк ойлогон бала болсом да, ошол кездеги элдин маанайы, айыл-айылдардагы нааразычылык иштер, айыл активисттеринин өткөргөн чогулуштары, сүйлөгөн сөздөрү эсимде сакталып калыптыр. "Иштерманды (ред. Азимбек Бекназаров) камап коюптур" деген кеп айылды дуу каптады. Анын эмнеге камалганын аңдап биле бербесем да, үйдөн атамдан, сырттан аксакалдардан угуп калган сөздөрдөн улам депутат Азимбек Бекназаровго атайылап көө жабуу болгонун балалык сезимимде баамдачумун. Ал камалган күндөн тартып айылыбызда адилетсиздикке каршы күрөш башталды. Күрөш 3 айдан ашык уланып, жыйынтыгы оор кайгы менен аяктады...
Өзүмдө жок болгондуктан, коңшубуздун велосипедин "прокатка" алып тепчүмүн. Адаттагыдай эле таң эртелеп велосипед сурайын деп кирип калсам, кошунам "энеңди урайын, Акаев, энеңди урайын десе, сени Кудай көрүп тургандыр!" деп эле ачуу менен сөгүнүп жатыптыр. Көрсө, атышуу болуп, жарадарлар бар экенин радиодон угуптур. Ошондо билдим, бир жаман окуя болгонун. Короодо ойноп жүргөн жаш балдар укмуш боевик кино көргөнсүп, тимеле берилип сүйлөп алышкан, "баланча акемди башка атыптыр, түкүнчө акемди бутка атыптыр" деп. Көп өтпөй үстүнө ак желекче байланган унааларда айылдаш агаларым Эркиналы Четинбаев менен Кадыркул Сапаралиевдин сөөктөрүн алып келишти. Айыл ичи ыйга толуп эле жатып калды. Булар 17-марттагы каргашалуу окуянын курмандыктары болчу...

КАМАЛГАН ДЕПУТАТ, КӨТӨРҮЛГӨН ЭЛ...
– Кийин билсем, Аксы алааматынын келип чыгышы Үзөңгү-Кууш көйгөйүнөн башталыптыр. Ал кезде тактыдан кулашы түшүнө да кире элек президент Аскар Акаев элге ачык айтылбаган келишимдер менен кыргыздын олчойгон жерин кытайлардын колуна карматып ийгенде депутат Азимбек Бекназаров каршы чыккан экен. Бир эле Үзөңгү-Кууш эмес, депутат бир канча чек ара маселесин көтөрүп чыгып, Акаев бийлигинин чекесине чыккан чыйкан болгон. Ал кезде Бекназаров Аксы аймагынан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Ак үйгө мындай көрүнүш, албетте, жаккан эмес. Бекназаровду кандай жол менен болсо да саясий бутага айлантып, "тилин кесип", "үнүн өчүрүш" керек эле.
Ошентип, жогорудан төмөнгө карай буйрук кетип, Бекназаров 2002-жылдын 5-январь күнү Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кармалат. Ага Токтогул райондук прокуратурасында тергөөчү болуп тургандагы 7 жыл мурунку иштерин чукуп, "кылмышкердин айыбын жаап-жашырган" деген жалган жалаа жабылып, "кылмышка шектүү" деп камакка алынат. Мына, замандаш, Аксы чырындагы кичи тарыхтын башталышы. Үмүт артып депутат кылып шайлаган уулунун күнөөсүз камалып, ал тургай өмүрү коркунучта калганына тынчсызданган эр жүрөк Аксы элинин нааразычылык акцияларына чыгып, ачкачылык жарыялоо иштери ушундан башталган.

ЫЗЫ-ЧУУСУ БАСЫЛБАГАН ЭКИ ЖАРЫМ АЙ...
– Айылдарда абал курчуй берди. Кычыраган кышта нааразычылыктан улам Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу 4 мектеп эшигин жапты. Ошентип мектепке барбай калдык. Депутат камалгандан тарта аны коргоо комитети түзүлүп, жер-жерлерде ачкачылык жарыялоо, митинг, пикеттер башталды. Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, Адахан Мадумаров, Дооронбек Садырбаев, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев өңдүү бир катар депутаттар, Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү бийликтен талап кылышкан, бирок эч кандай жооп болгон эмес.
Коомдо тынчсыздануу, аксылыктардын бийликке болгон нааразычылыгы улам күчөп, январдан мартка чейин эл депутаттын боштондугун талап кылган лозунг, плакаттар менен жер-жерлерде тынымсыз тынчтык митингдерин өткөрүп турду. Январь айында ачкачылык кармагандардын саны жүздөгөн адамдарга жеткен. Бишкекте 22 күн ачкачылык кармап отуруп, 6-февраль күнү белгилүү журналист Шералы Назаркулов каза болду. Сот иши чубалып отуруп, акыркы процесс 11-12-13-мартта Токтогул райондук сотунда жүргүзүлөт. Соттун өкүмү чыкчу акыркы күн 18-мартка белгиленип, бирок ал процесс ишке ашпай калган.

17-МАРТ ЖЕ КАНДУУ ЖЕКШЕМБИ...
– Бул күнү сот иштеринин адилетсиз жүргүзүлүп жатканына нааразы болгон Аксынын Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол сыяктуу айылдарынан 2 миңдей адам чогулат. Топтолгон эл 3 топко бөлүнүп, бир тобу райондун борбору Кербенге, экинчи топ Таш-Көмүргө, үчүнчү топ Токтогулдагы сот процессине барып нааразычылык көрсөтмөкчү болуп жолго чыгышат. Аксы окуясынын өзөгү да ушул жерде жатат.
Тынчтык митингин өткөрүүнү көздөп, Кербенди көздөй жөө бараткан элди Боспиек айылынан аким баш болгон ОМОН, куралдуу милиция кызматкерлери тосуп чыгат.
Эл: "Бизди коё бергиле, Кербенге барып өзүбүздүн мыйзамдуу талапты коюп, тынчтык митингин өткөрөбүз",- дешет.
Райондук милициянын жетекчиси: "15 мүнөттүн ичинде тарап кеткиле, кетпесеңер жаман болот",- деп элге талап коёт. Бул маалда эл тараптан укук коргоочу Турсунбек Акун келип калып, акимдин жанына барып сөз сүйлөйүн дегенде аким аны түртүп жиберет. Эки милиция кызматкери аны кармап сүйрөп жөнөшөт. Эл толкуй түшөт. Жол тоскон ОМОНдор асманга карата ок чыгарат. Эл дүрбөп артка качып, кайра "куру дүрмөт менен аткылап жатат" деп ойлоп, кайрылып келип милицияларды каптаганда ОМОНдор элди көздөй ок жаадырып кирет. Бир заматта алай-дүлөй түшүп, ондогон адамдар октун айынан жер кучактап кулап, кээ бири ошол жерден эле жан берет.

КАССЕТА ҮЧҮН ГУБЕРНАТОРЛУК ОРУН...
– Жогорку жактын буйругун ишке ашырган ошол кездеги район жетекчилери каргашадан кийин Аксы окуясын бурмалоого аракет кылышкан.
"Эл өзү чатакташып бирин-бири арматура, темир менен сайышып өлдү. Колдорунда курал болгон" дегенге чейин барышкан. Ким билет, балким, ошол окуянын жүрүшү тартылган видеокассета элдин колуна тийбей калганда бул кандуу окуяга аксылыктар күнөөлүү болуп кала бермек. Кийин ошол кассетаны таап, бийликке тапшырган "чоңдорго" бийлик тарабынан губернаторлук орун да сунушталганы айтылат. Айтса сөз көп. Арадан 10 жыл өтүп, бул арада кыргыз бийлигинде бир канча алмашуулар болду. Бирок Аксы окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү ушул кезге чейин жазасын алыша элек.

Ошол окуяда каза болгон Эркиналы Четинбаевдин жубайы Гүлбү Өмөкеева менен байланышсак, буларды айтып берди.

– Ошол кырсыктуу күндү эскерип берсеңиз...
– Бул күнү эртең менен бир топ атчан адамдар үйдүн тушунан өтүп баратышкан. Жолдошум Эркиналы да атын токуп, “эл менен кошулуп мен дагы барам” деп атчандардын артынан чапкылап үйдөн чыгып кетти. Ылдыйкы айылга жеткенде кайнатамдын “кайда барасың, балам? Өзүң кечинде келсең, чарчап?” дегенине көнбөй, “эл баратканда карап турмак белем, адилеттик үчүн барып келебиз да” деп жөнөп кетиптир. Бир күн мурун Ысык-Көлдөн келген болчу. Барса барып, эл менен кайра келет да деп эч кандай жамандык оюма келген эмес. Кербенди көздөй эл менен баратып, жолдо ушундай окуя болуп жатпайбы...

–Сиз кимден уктуңуз жолдошу­ңузга ок тийгенин?
– Жүрөгүм чыдабай “эмнеге кечикти?” деген ойдо ылдыйкы айылга түшүп, кайнатамдар жашаган үйгө бардым. Барсам, үйдө аялдар эле калыптыр, башка эч ким жок экен. “Кайда кетишти?” десем, үйдөгүлөр “жолдо кырсык болуптур, ошого кетишти” деп айтышты. Ага деле жакшы маани бербепмин. Көп өтпөй акелерибиздин бири үйгө келип, “Эркиналынын бутуна ок тийиптир” деди. Мен дароо эле “анда барам ошол жакка” десем, “барганың менен киргизбейт, бизди деле киргизген жок” деп болбой койду. Анан кечинде кайнага, кайнимдер келишти. Алар деле сыр беришкен жок. “Эмне болду?” десем, “баары жакшы, бутуна ок тийген экен, операцияга кирди” деп айтышты. Мени ушинтип алаксытып туралы дешиптир. Көрсө, ок бутуна эмес эле башына тийиптир. “Туруп туралычы, жакшы эле экен, азыр операциядан чыгыптыр” дей беришти. Үйдөн чыга калсам эле биздин УАЗ машинабызга желек байланып келе жатканын көрүп калып, “ии, келе жатышат” деп эле жол тосо жүгүрдүм. Чынында, “эмнеге желек байлап алып келе жатат?” деп деле оюма келбептир. Көрсө, эл эчак эле боз үйлөрүнөн бери алып келип даярдап, тиге албай далдага жашырып турушкан экен. Машина үйдү көздөй бурулганда гана билдим, Эркиналыдан айрылганымды.

– Балдарыңыз канча жашта эле ошол учурда?
– Улуу балам 9 жашка жакын, кызым мектепке бара элек болчу. Кичүү уулум 3 жашта эле. Атасынын кыял-жоругун, сүйлөгөнүн анча-мынча эстеп калыптыр. “Атам мени атка мингизип алып минтип ойнотчу, ээ?” деп айтып калат. Атасы менен кызы бири-бирине өтө жакын болчу. “Күзүндө мени мектепке атам өзү алпарат” деп эркелеп жүрчү. Жолдошум бал аары карачу. Тоого кетип бир-эки күн келбей калса, сыркоолоп, келсе, эч нерсе болбогонсуп сакайып кетчү. Кичинекейинде “атам качан келет?” деп ыйласа, мен кошо ыйлачумун. Алар тургай мен да күтүп жүрдүм жолдошумду. Азыркы күнгө чейин күтөм. Негедир бир күнү эле келип кала тургандай сезиле берет. Айла жок, канчалык кыйынчылык болсо да, тиричилик өтөт тура. Зээним кейигени, баары бир балдарга эне мээрими башка, ата мээрими башка экен. Улуу балам мектепти былтыр бүттү. Окууга барайын десе, мен кантем? Мени кыя албай эле азыр үйдө. Атасынын ишин улантып, бал челектерин карап менин жанымда. Кызым 9-классты бүтүп, Бишкекте, колледжде окуп жатат. Кичүү уулум азыр 7-класста окуйт.

– “Акыйкаттык болот, күнөө­лүүлөр эртедир-кечтир жазаланат” деген үмүт барбы сизде?
– Көпкө чейин ушундай үмүт менен жашап, акыркы убакта үмүттөнбөй деле калганбыз. Азыркы бийликтен күтөбүз. Ал каргашага жооптуу адамдардын айрымдары азыр деле жогорку кызматтарда иштеп жатышат. Бизди 17-мартка жакындаганда эле эстеп, “кантип жатасыңар? Акыры чындык жеңет” демиш болуп сооротуп кетишет да, дагы эле мурунку көрүнүш. Азыр ар бир балама 1000 сомдон жөлөк пул алам, бул акча эч нерсеге жетпейт, чынында. Башка эч кандай жардам деле жок. Электр энергияга болгон төлөмдөн жеңилдик бергиле десек, ал деле орундалбады...

Аксы окуясы – депутатты бошотуп алуу эле эмес. Бул – Кыргызстандагы авторитардык режимдин кулашы, эркиндик үчүн болгон күрөштүн алгачкы карлыгачы. Аны унутууга эч кимибиздин акыбыз жок.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asul
2012-03-19 15:22:05
Бироо олмойун, бироонун бактысы ачылбайт, дейт эмеспи. Бирок мен буга каршымын. Жапжаш балдар каза болуп кетти. Окунучтуу окуялар болуп кетти. Кайраттуу болгула аталар-энелер. Башка эмне айтам. Мандайга жазганды коробуз да.
0
munara90
2012-03-19 20:30:23
AKSY okuyasy bolgon ubakta men 13jawar kiz elem, menin avam owol mitingde Akaevge karwy soz suilop koup artynan kancha kuugunttuktaldy, tundo uiunon alip chigip ketip olturgonu alip ketip jatkan uchurda akirki jolu tualetke baryp alaiyn dep too mn kachyp ketken, korkup Kerbenge kelbei toodo jawap jurgon kopko chein.
0
sgorodaenergetikov
2012-03-20 10:24:12
эчтеке өзгөрүлбөйт, ош бойдрн калат, бизде өзүңө эле ишене аласың! Бийлике , адилеттүүлүкө эч эле ишениш жок!
10 жыл болду бийлик жооп берген жок, адилеттүү түрдө!
Ушундайда жанагы Американецтерге кайрылгым келет . алар дагы жөн эле "демократия,Свобода" деп келишчи эле, не алар үн деп койбойт? анткени аларга Базасы Манас Аэропортунда турса болду, калганы не волнует!
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан