Жакында эле борбор калаабызда бир жигиттин боюнда бар келинди зордуктоого аракет кылганы, андан качмакчы болгон келин 5-кабаттан өзүн таштап жибергени тууралуу кабар тараган. “Кош бойлуу аялды зордуктаганга аракет кылган кандай жан кечти неме?” деген ой келген, баарыбызга. Иликтөөлөрдүн натыйжасында бизге бир катар окуялар анык болду. “Келининде да, керкисинде да бар” дечү беле кыргызда?..
“БААРЫ БИР СЕКИРЕ АЛБАЙСЫҢ”
Кош бойлуу келинди 5-кабаттан секирип кеткенге эмне жеткирген? Кандайча ал зордукчунун бөлмөсүндө болуп калган? Ушундай суроолордун тегерегинде баш оорутуп көрөлү. Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон.
Хаётбек Эргашбаев (өзбек улутундагы Кыргызстандын жараны) менен Раиса Ким (белгилүү себептерден улам жабырлануучунун аты-жөнү өзгөртүлдү) Орусиянын Москва шаарынан Бишкекке бараткан поездде чогуу келе жатып таанышып калышат. Орусиянын жараны болгон 28 жаштагы Раиса Кимдин күйөөсү кыргыз, экөөнүн ортосунда 2 бала бар. Раиса Бишкек шаарында жашаган үй-бүлөсүнө келе жаткан. Ал эми 30 жаштагы Хаётбек үй-бүлөсү менен Москвада жашап, базарда соода менен алектенчү экен. Бишкектен Москвага товар жөнөтүү максатында жана дарыланып алмакчы болуп келген. 28-февралда баш каалабызга келип, ошол эле күнү шаардын Сыдыков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен батир таап, алдын ала 1 айга 11 миң сом төлөп, көчүп кирет. 3-мартта Хаётбек Раисага телефон чалып, үйүнө конокко чакырат. Конок да көп күттүрбөй эле келет. Экөө сүйлөшүп отуруп, бир нече бөтөлкө ичимдикти түгөткөнгө үлгүрүшөт. Алар бир топ эле кызып калышат. Хаётбек Раисага тийише баштайт. Келин макул болбой, “үйүмө кетем” деп чыгат. Анын чыгып кетпешинин алдын алган Хаётбек үйдүн эшигин ичинен бекитип, ачкычын чөнтөгүнө салып алат. Раиса “баары бир кетем” дейт да, балконго чыгып отуруп алат. Кызып калган келин өтүгүн, күрмөсүн балкондон ыргытат да, Хаётбекти “коё бербесең, мен өзүм да секирем” деп коркутат. “Баары бир секире албайсың” деген жоопту уккандан кийин Раиса үйдүн 5-кабатынан өзүн таштап жиберет. Баланын оюнундай болгон экөөнүн жоругу жамандык менен бүтөт. Келин бир нече жеринен жаракат алып, аман калганы менен, ичиндеги 6 айлык наристеси каза болот (дагы жакшы, Кудай сактап, 5-кабаттан кулаган ал кардын үстүнө түшкөн экен).
Жабырлануучу Раиса Ким азырынча ооруканада. Оор абалда жаткандыктан, тергөөчүлөр аны суракка ала элек. Бирок кылмыш болгон жерге Ленин РИИБинин оперативдүү тобу барган учурда Раиса Ким оор абалда болгонуна карабай эсин жоготкон эмес. Раисанын айтымында, Хаётбек аны зордуктаганга аракет кылганда ал зордукчудан качып, балкондон секирип кеткен. Ал эми кылмышка шектелип кармалган Хаётбек Эргашбаев сурак учурунда Раиса Ким кызып калгандан кийин жашоосуна нааразы болуп, балконго чыгып отуруп алганын, ал сыртка чыкмакчы болуп баратканда келин өзү эле балкондон секирип кеткенин айткан.
“ЭКӨӨНҮН ИЧИП ОТУРУШКАНЫ КӨП НЕРСЕДЕН КАБАР БЕРЕТ”
Бул кылмышты тергеп жаткан Ленин РИИБинин тергөөчүсү Айнура Молдоканова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бизге 3-мартта саат 17:30дарда бул кылмыш тууралуу билдирүү түшкөн. Сыдыков көчөсүндөгү үйдүн алдына барганыбызда бир келин оор абалда жатыптыр. Коңшулары тегеректеп жардам берип жүрүшүптүр. Келиндин абалы оор болсо да, биздин суроолорубузга жооп берүүгө жарады. Анын айтымында, жигит эшикти жаап алып сыртка чыгарбай, зордуктаганга аракет кылган. Ошол маалда ал 5-кабаттагы балкондон секирип кеткен. Кылмышка шектелген Хаётбек Эргашбаев ошол жерде кошо каралашып жүргөн экен, кармалды. Жабырлануучу келин Р.П. шаардык 4-ооруканага оор абалда жеткирилип, ага операция жасалды. Боюндагы 6 айлык наристеси каза болуп калыптыр.
Келиндин абалы оор болгондуктан, биз андан башка суроолорубузга жооп ала элекпиз. Үйдү кароо учурунда арактын бошогон 4 бөтөлкөсү, дааратканадан жана балкондон колдонулган 2 презерватив табылды. Аны кимдер колдонгондугу азырынча белгисиз. Эргашбаевдин айтымында, экөө 2 бөтөлкө арак, 1 бөтөлкө коньяк ичишкен. Аны экспертизадан өткөргөндө канында ичимдик бар экени билинди. Келинди да сурагандан кийин эмне болгону толук билинет. Учурда Эргашбаев СИЗОдо камакта. Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 129-беренелери (зордуктоого аракет кылуу) жана 102-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
Ушундай, окурман, эрксизден бул окуядан кийин Мар Байжиевдин “Узак сапардагы поезд” чыгармасы эске түштү. Андагы драма реалдуу жашоодо трагикомедияга айланып кеткен шекилдүү.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg