Көктөм жыты келе албай убара жергебизге. Менин жан дүйнөмө да жаз келбей, буулуктум. Мындан эки ай мурунку кубанычым калп беле? Башымда ак калпак, колумда көтөргөн гүлдестем менен кайын журттун эшигин аттадым. Кыргызбыз да, бир укмуш шаан-шөкөт менен коңшу айылдан ата-энемди келиндүү кылып сүйүнттүм. “Барып тааныш, жакшы кыз. Анын үстүнө кошуна эле айылдан, алыс барбайбыз” деп калышпадыбы ата-энем. Көздөрү жоодураган кызды көрүп арбалдымбы, аядымбы, айтор, үйлөнүп алдым. Жашообуз жакшы азыр. Бирок бүгүн уккан жаңылыгым жанымды жер тарттырды.
Бирге окуп, бирге далай “разборкаларды” чечкен досума менден кийин үйлөнүү эстафетасы өткөн эле. Балдар менен Мараттын тоюна камылга көрүп, бир жерде отурганбыз. “Кайсы жердин сулуусун аяш кылганы жатасың бизге?” дедим. “Сен аны тааныйсың” дегенде деңгирей түштүм. “Демек, чын экен, акыры айтканыңды аткарыпсың” деген сөздү ичимден миң кайталап, унчукпай отурдум.
Мен бул сөздү Маратка эмес, ошол кызга айтып жатам. Анткени Марат менен тааныштырганда “кареги курч экен” дегенде кызгангам, бирок өжөрлүгүңө салып минтериңди билбептирмин. Мен шашылдым, “тагдыр жолубуз бир болбойт” дегенге ишендим. “Алыстан дейсиң, орундуу жерде иштеген, акылдуу дейсиң, бизге андайдын кереги жок. Эртең эле “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп чыгат аның” деген апамдын сөзүнө маани берген элем. Эми өкүнгөндө эмне чыгат дечи, ошентсе да бул мага оор тийди. Анысы аз келгенсип, Мараттын “мен билем, экөөң эки башка өлкөдө турдуңар. Жолукканыңарда дайыма жаныңарда болдум, сенден ага болгон сыйды гана көрдүм, сүйүүнү эмес. Мен сага башында айткам, “башымды аттадың, далыма канжар урдуң” дегенге сенин акың жок, досум. Анткени колдо турган кушту мен тарапка карай учурган өзүңсүң, эми өкүнбө. Кааласаң, тоюма келбей эле кой” деген өкүм чыккан сөзү өзөгүмдү өрттөп жиберди.
Эмне деймин, Мээрим, бактылуу бол! Бирок сенин досумдун жанында ак көйнөкчөн турганыңды, мага аяш болгонуңду көрүп кантер экем? Алгачкы махабатымды кантип унутар экем? Өкүнүчтөн өрттөнүп барам, өрттөнүп...
Нурлан