КОМУЗ КЫЛДАРЫНДАГЫ ЖЕҢИШБЕК ШАМШИЕВ

Бир ирет Эл артисти Жолболду Алыбаев менен маектеш болгонумда агай “ыр дүйнөсүнө Рыспай аккордеонду алып кирип жаңычылдык баштаган” деп айткан эле. Анын сыңарындай, 60-жылдардын ыр ышкыбоздорунун эсинен комуз, аккордеондун коштоосунда обон созгон Жеңишбек Шамшиевдин ысымы али чыга элек.

АЛАЙКУУНУ ЫРГА БӨЛӨГӨН ОКУУЧУ
Жеңишбек Шамшиев Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында 1945-жылы 8-мартта кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы башкарма болгонуна байланыштуу үйүнө ошол кездеги райондун биринчи катчысы Пельшин деген барып конуп калат. “Эртең менен менин колумду кысып, “майрамың менен, бүгүн Аялдардын эл аралык майрамы, өзүңдүн майрамыңда уул төрөпсүң” деген. Ошондон кийин гана 8-Март аялдардын майрамы экенин билгем. Ошол убакта бардык эл жеңиштин болушун тилеп, батыш жакты үмүттүү тиктеп турган мезгил эле. Ошондой тилек менен уулубузга Жеңишбек деген ысымды атасы койгон”,- деп каарманыбыздын апасынын айтканы бар.
Жеңишбек кенедейинен эле ырдаганга шыктуу болгон үчүн атасы комуз, балалайка, гармошка алып келип берчү экен. Мектепте окуп жүргөн кезинде “Алайкуум” деген ырын ырдаганда уккандар “Алайкууну биринчи ырдаган сен болдуң” деп аябай ыраазы болгон дешет. 1961-жылы орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырат. Университетте окуганда да ал өздүк көркөм чыгармачылыгынан кол үзгөн эмес. Студенттик фестивалдарда, кароолордо экономика факультетин далай ирет мөрөйгө марыткан. Мындан тышкары оюн-зооктордун да көркүнө айланат. Жагымдуу ыр угууга ашыккан улан-кыздар айланчыктап анын жанында.
Ушундай көңүлдүү жагдай, анан да студенттик романтикалуу дүйнө ага сезим козгоп, чыгармачылык чабыттарга жетелеп кетет. Ал убакта Абдыкадыров, Тагаев, Жумалиев сыяктуу обончулар ыр дүйнөсүнө удаа келип, музыка майданын шаңга бөлөп турган. Мына ошол обончулар жапа тырмак аккордеондун коштоосуна өтүшсө, Жеңишбек агай улуттук аспапты – комузду шаңкылдата чертип, өзүнүн шаңдуу үнүнө жуурулуштура эфирде оболотконго өтөт.

ТАЛАНТ КЕСИПКЕ БАЙЛАНБАЙТ
Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгындагы бир калыптуулук анын мүнөзүнө кандайдыр бир деңгээлде байланышып кетет окшобойбу. “Токтоо, кайсы иште болбосун өзүн сабырдуу тутуп, шашпай, майын чыгара иштегенди жакшы көрөт” деп айтышат аны жакындан билгендер. Анын обондорунун элдик мүнөздө болушуна дагы бир жагдай себепкер сыяктуу. Маселен, башка обончулар нота билип, аккордеон ойноп, музыкага катыштыгы болсо, каарманыбыздын кесиби обончулук өнөргө ат чабым жакындабайт. Кесиби – экономист. Студент кезде алгачкы “Эсиңдеби?” деген ырын радиого барып угузганда баары ырдын жакшы жазылганына кубанып кол чаап жиберишет. “Арнадым көлдүн жээгинен”, ”Таарынба”, ”Эсиңдеби?”, ”Угузчу бир сөз”, “Сен дейм дайым”, “Сөз таппайм” деген обондору ошондо эле жазылып, Алтын фонддо калган.
1966-жылы университетти бүткөндөн кийин Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. Ал мезгил чыгармачылыгынын жарк этип жанган мезгили экен. Совхоздун комсомолдорун уюштуруп, өздүк көркөм чыгармачылык концертин ар бөлүмдөргө, башка совхоздорго тартуулашып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгонун журтташтары дале айтып жүрүшөт. Албетте, негизги ишинен тышкары убакта эки өнөрдүн башын кошуп, көкүрөк өйүгөн ойлорун эл менен бөлүшсө жаманбы? Дал ушунун өзү анын да, угармандын да турмушун алда канча мазмундуу, жагымдуу кылып жатпайбы. Чарба кызматында жүрсө да, өнөрүн таштабайт. Көрсө, ошол жагымдуу ыргактарды Жеңишбек ага элдин өзүнөн алат тура. Бөкөнбай Боркеевдин: “Бу чарбалык кесибиң чыгармачылык өнөрүңө тоскоол болбойбу?”- деген суроосуна ал: “Тескерисинче, элдик кайрыктарды дал ушул чарбалык кесиптин аркасы менен таап жатам”,- деп жооп берген.

«КОМУЗ СЕНСИЗ ЖЕТИМСИРЕП КАЛБАСЫН...»
Жеңишбек Шамшиев 1972-жылдан тартып бир топ райондук, мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1975-жылы Москва шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын фестивалында лауреат, ”Эл чыгармачылыгына сиңирген эмгеги үчүн” медаль жана бир нече I даражадагы дипломдордун ээси. “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамына 2003-жылы ээ болгон. 2011-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Улуу инсан Төлөмүш Океевдин Султан Раев менен болгон маегинде ”эгер сизди Робинзондой ээн аралга таштаса, кимдин чыгармасын алып кетет элеңиз?” деген суроосуна “Чыңгыз Айтматовдун”, “ал эми обондордончу?” десе, “Жеңишбек Шамшиевдин обонун алып кетер элем” дегени анын талантын жогору баалаганына күбө болот.
Жеңишбек аганын бир туугандары да таланттуу. Агалары Рашид, Насип, Годовой, эжелери Бүрава, Ирсалат комузду кол ойнотуп чертишет. Каарманыбыздын 6 баласы бар. Баары кесип ээлери, жогорку билимдүү. 17 неберенин сүйүктүү чоң атасы, таятасы. Жубайы Саипжамал – кесиби боюнча мугалим, Эл агартуунун мыктысы.
Жүрөктө калган жылдыз жөнүндө баяныбызды М.Каракозуевдин каарманыбызга арнаган ыры менен аяктайбыз.

Бул турмушуң – күрөш, таймаш, эр эңиш,
Буурул толкун, алпурушуп келесиз.
Коштоп сайрап үч кыл комуз муңканса,
Керемети обонуңдун ченегис!
Ала-Тоонун аскарында калкыган,
Атың Жеңиш, затың Жеңиш, теңегис!
Обон салса, үмүт отун жакчудай,
Тоо-суу коштоп, жаңырыктап капчыгай.
Кыргыз үнүң коштоосунда комуздун,
Коштойт шумкар, коштойт улар, чакчыгай.
Кайрыгыңа обонуңдун магдырайт,
Жерде арча, көктө сулуу Ай.
Эсен болуп, элге-жерге түгөйлөш,
Кылым менен, кыргыз менен өмүрлөш.
Ала-Тоонун ак калпактуу жылдызы,
Кыргызымда кылым жашап өнүп-өс!
Комуз сенсиз жетимсиреп калбасын,
Кайрыгыңда жашап турсун улуу көч!

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
SM-AJ
2012-03-20 17:32:28
Супер-Инфо редакциясына, ошондой эле Бурул Исмаиловага Ж.Шамшиевдин балдарынын атынан чон ыразычылык айтабыз. Дайым алга журобериниздер, чыгармачылык ийгилик.
0
azem07
2012-03-20 20:51:59
Алай-Куунун онорлуу адамдарынын бири, очпос таланты менен сыйга арзыган Женишбек Шамшиев агага таазим, жана ушундай улуу адам жонундо жазган Бурул Исмаиловага чон ыраазычылык билдирем
+1
nurbek_posol
2012-03-21 11:21:41
Кандай гана ИНСАН, кандай гана ТАЛАНТ !!! Талыкпай эмгектенип, чыгармачылыкты да чогу алып кетиш ото эле кыйын. Уул-кыз, небере-чеберелериниздин СЫЙ урматын корунуз !!!
+1
Taalaibek
2012-03-21 11:27:22
Жеңишбек Шамшиевди тааныбайт экем. Жээ атын чыгарыш учун жазып жаткан жоксунарбы? Эмне себептен жазып жатасынар?
-1
SM-AJ
2012-03-24 21:47:29
Taalaibek, Ж.Шамшиевдин атын чыгарайын деген максат эмес, бул кишинин аты улуу муунга аябай белгилуу. Редакцияга рахмат Ж.Шамшиевди эстеп жазып жатканына, балким силерге окшогон жаш муунга тааныштыруу максат болушу мумкун.
0
altyshka21
2012-03-21 17:01:58
Таалайбек мезгилден артта калыпсын,ушундай белгилуу адамды билбесен.Менимче азыркы женил-желпи мааниси жок ырчыларды эле таанысан керек.Билбесен билип ал:бул адам кыргыз элине аттын кашкасындай белгилуу обончу.
0
Атасынын баласы
2012-03-22 13:21:00
Жеңишбек!
Сенин алгачкы жараткан обонуңду мен угуп жан дүйном ошондо бир эргиди эле. Анда биз жаш, таза, ар кыл ойлуу, бир үзүм нанды тең бөлүшүп, бир комнатада, студенттик турмушту өткргөн жан достордон элек. Сени алтымышынчы жылдардагы залкар обончу - композиторлор Рыспай Абдыкаддыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаевдардын катарындагы көч башындагы обончу - композитор катарында тааныйт элек.
+2
Атасынын баласы
2012-03-22 14:31:43
Маданият тармагында иштесең,эмгиче эл артиси наамын алмаксың,бирок али да кеч эмес, эгер өкмөт башчылары сенин зор талантыңды баалашса. Сага ден-соолук, курсташ досуң, ардыгер-экономист Болотбек Искенов.
+2
Jyrgal8
2012-03-22 19:55:15
Jeniwbek aga sizge uzun omur chyn den sooluk jana ech kachan jamandyk korboshunuzdu tilep koshunanyz Jyrgal
0
Bash-alaman
2012-03-23 16:12:24
OY Taalaibek Zamandash.Seni bilgenin emes.Eldin bilgenin sura.Sen dagi koop nerseni bilbeyt ekensin.Bir kara okuu kim emne ekenin joon ele jazip uyat bolboy .
0
elnnura
2012-03-24 04:27:16
Женишбек Ага ишинизге ийгилик каалайм сиздин эсиндеби деген ырынызды менин Атам абдан коп угат эле
0
SM-AJ
2012-03-24 21:43:46
Атам жонундо жылуу создорунуздорго чон РАХМАТ! Башка кесиптин ээси болсо дагы, обончулук онорун баалап элдик наам бергенине КЫРГЫЗ элине таазим кылабыз.
0
SM-AJ
2012-03-24 22:06:13
Көӊүлүмдө көп улуу ой толгонот,
Ката кетсем келем улам оӊдолоп
Өзү кана улуу болсо адамзат
Ошол кезде улуулукту ойлонот.
(Ж.Шамшиев)

Обон менен сөздөрүнүн айкалышып турганын, дирилдеген үнүн түшүнө билип уккан гана адам Жеӊишбек Шамшиевдин чыгармачылыгын баалайт. Бурул Исмаиловага чоӊ ыраазычылык билдиребиз.
0
Burul_Ismailova
2013-01-15 17:35:32
Бул макаланы жазган сон Женишбек аганын группалаштары издеп келген эле. Окунучтуусу, улуу талант ушул макаладан сон 2-3 ай откон сон каза болуп калыптыр. Мен эми уктум. Бирок талантын баалагандардын эсинде экенинде шегим жок. Комуз сизсиз жетимсиреп калган тура :(
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан