«TEQUILA» тобу: «ЫРЛАРЫБЫЗ ЫСЫК БОЛСУН ҮЧҮН ТОПТУ «TEQUILA» ДЕП АТАГАНБЫЗ»

Толук аты-жөнү – Байгабулова Динара Сырымовна
Туулган жылы – 1985-жыл, 26-май
Туулган жери – Алматы шаары
Кесиби – Англис тили мугалими
Улуту – Казак
Бою – 170 см
Салмагы – 50 кг
Хоббиси – Чоң теннис, китеп окуу
Акыркы жолу окуган китеби – Исай Калашников, “Катаал кылым”
Кумири – Мэрил Стрип, Майкл Жексон

Толук аты-жөнү – Анастасия Россошанская
Туулган жылы – 1989-жыл
Топтун эң кенжеси
Казакстандагы Юридикалык университеттин эл аралык мамилелер факультетинин студенти.
Дарегине айтылган “эриндериң Анжелина Жолиге, келбетиң Айшвария Райга окшош” деген кептерге “мен аларга атайын окшошпойм, жөн гана дүйнөдө бири-бирине окшош адамдар бар” деп жооп берет.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Топко карата айтылган терс сындарга терикпейт.


Толук аты-жөнү
– Солдатова Роза Талантбековна
Туулган жылы – 1987-жыл, 28-январь
Туулган жери – Саяногорск шаары
Кесиби – Экономист
Улуту – Кыргыз
Бою – 167 см
Салмагы – 47 кг
Хоббиси – Сүрөт тартуу, ыр жазуу
Акыркы жолу окуган китеби – Дуглас Адамс, “Галактика менен автостоп”
Кумири – Алиша Киз

“Тумар” радиосунун 4 жылдык мааракесин куттуктап, кошуна Казакстандан “Tequila” тобу келет. “Казакстандагы топтордон жандуу ырдап айырмаланабыз” деген топтун ырчысы Динара менен эксклюзивдүү маек курдук.

– Саламатсызбы, Динара, топтун жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз...
– Салам. Топ 2005-жылы продюсерибиз Эрик Тастембеков тарабынан түзүлгөн. Курамыбызда үч кыз бар: мен, Роза, анан Анастасия. Баарыбыз топко келгенге чейин эле ырдап жүрчүбүз.

– Эмнеге “Tequila” деп атап койгонсуңар?
– Аталышын продюсерибиз койгон. Tequila деген шаар бар Мексикада. Ошол шаарда ушундай эле аталышта ичимдик чыгат. Биздин ырларыбыз да ушул ичимдик сыяктуу ысык, элге энергия тартуулаган хит болсун деген максатта койгонбуз.

– Силердин тобуңардын башка казакстандык топтордон айырмасы эмнеде?
– Эң башкы айырмачылыгыбыз, жандуу үн менен ырдаганыбызда.

– Топтун курамында үч сексуалдуу кыз бар. Силер орусиялык “ВИА Гра” тобун туурайсыңарбы?
– А эмне, “ВИА Гра” мезгилдин эталонубу? Биздин өзүбүздүн стилибиз, үнүбүз, талантыбыз бар.

– Мырза менен таанышканда алгач эмнесине көңүл бурасыз?
– Биринчи эле маданияттуулугуна. Андан кийин интеллектине болуш керек.

– Кийим алууда брендине көңүл бурасызбы?
– Негизинен, сатып алган кийимиң кымбат болобу, арзан болобу, башкысы, жарашыктуу жана ыңгайлуу болуш керек. Калганы кийинки орунда.

– Айтсаңыз, кара пиарга көз карашыңыз кандай?
– Биз андай пиар менен алектенип көргөн эмеспиз жана ал нерсеге маани бербейбиз. Ошондой пиарды жаратып жаткандарды да түшүнбөйбүз.

– Силерди Орусияда билишеби?
– Биз гастролдор менен Орусиянын бир нече шаарларына барып концерт коюп келгенбиз. Бирок баары тааныйт дегенден алысмын.

– Жакынкы аралыктагы пландарыңар кандай?
– Алдыга койгон пландар толтура. Негизги максатыбыз – репертуарыбызды хит ырлар менен толтуруу.

– Буга чейин Кыргызстанга келгенсизби?
– Ооба, Бишкекке жана башка шаарларына барганмын.

– Пластикалык хирургдун кызматынан пайдалангансызбы?
Жок.

– Кайсы топко окшошкуңар келет?
– Эч кимге.

– Топтогу кыздардын баары бойдокпу?
– Мен үй-бүлөлүүмүн, калгандары бойдок.

– Юрмаладагы “Жаңы толкун” сынагына да катышкан экенсиңер...
– 2006-жылы жарым финалына чейин жеткенбиз. Ал эми эл аралык сынактар тууралуу айта турган болсом, катышкыбыз деле келбейт. Алардын деңгээлине чыкканга аракет кылбайбыз. Бизге өзүбүздүн чөлкөмүбүздөгү эле аудитория жетиштүү.

Топтогу кыздар абдан келишимдүү, келбетиңерге кантип кам көрөсүңөр?
– Негизи, табиятыбыздан эле ушундайбыз. Бирок ар бир айым сыяктуу эле бетибизге кам көрөбүз.

– Музыкага кандай талап коёсуңар?
– Эң башкы талап, ыр сапаттуу жана мазмундуу болуп, анан, албетте, бизге жагышы керек.

– “На восток” деген ырыңардын автору ким?
–Бул ырыбыздын автору –өзбекстандык ырчы DJ Nemo.

– Репертуарыңарда канча ыр жыйнак бар?
– Азырынча бирөө эле. Буюрса, алдыда көп максаттар бар, алар ишке ашса, анда мындай ыр жыйнактардын далайы чыгат.

– Кыргызча ырдап калышыңар мүмкүнбү?
– Балким...

– Кыргызстандык күйөрмандарыңызга айтайын деген сөзүңүз бар болсо керек...
– “Тумар” радиосунун туулган күнүнө карата 20-мартта Спорт Ордосунда өтчү концертибизге сөзсүз келип көңүл ачып кеткиле. Сиздер үчүн ырдап, жакшы маанай, позитивдүү энергия тартуулоого даярбыз. Билишимче, радионун жамааты концертте көрүүчүлөр үчүн атайын зер буюмдарды, тиричилик техникаларын ойнотот экен.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
BiLLy Beck
2012-03-19 16:51:12
Солдатова Роза Талантбековна-----> Улуту – Кыргыз (RESPECTUYU))
0
Donbai
2012-03-20 09:38:29
Роза абдан таланттуу кыз. Кыргыз кызы экени абдан кубандырат!
0
solnyshko
2012-03-21 16:47:55
Супер инфо силерден сураныч "На Восток"деген ырын медиа порталга жүктөп койгулачы....өлөөө жакшы көрөм ушул ырын....рахмаат
0
MiranA
2012-03-21 17:30:12
Lollipop
2012-03-22 13:55:42
Походу высокомерная да?Кыска нуска жооп берип анан
куйормандарга кайрылганда тим эле создорду тогуп ийген го...
0
sambo
2012-03-23 11:46:43
Суротко тущордо кооздонуп алышыптыр корунуп эле турат!Роза айымдын улуту кыргыз болгону бул албетте кубандырбай койбойт!
0
sinx94
2012-03-23 17:44:11
нееееееет просто супер !!!!!!
0
Aygerim_14
2012-03-23 18:00:47
Красивые,симпатичные,привлекательные, хорошенькие,стильные, грациозные,сексуальные девушки .Молодцы.
0
maisal1919
2012-03-25 08:12:17
укмушко басып алып эле жата беретурганго чиркин кыздар ай ))))
0
new_hacker
2016-06-15 08:50:06
жакшы экен
0
new_hacker
2016-06-15 08:50:12
жакшы
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан