КОМАНДАЛАР EURO 2012

ГЕРМАНИЯ

Футбол ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1900 -жыл.
Башкы машыктыруучусу – Йоахим Лев.
Капитаны – Филипп Лам (“Бавария”).
Мыкты бомбардири – Рекордчу: Лотар Маттеус (150), азыркылардан Мирослав Клозе (113).
Эң көп оюн өткөргөн – Рекордчу: Г.Мюллер (68), азыркылардан М.Клозе (63).
Эң ири жеңиши – 16:0 эсебинде Орусияны (1912-жыл, 1-июль).
Эң ири жеңилүүсү – 9:0 эсебинде Англиядан (1909-жылы, 16-март).
Жетишкендиги – Европанын 3 жолку чемпиону (1954, 1974, 1996).
ФИФАнын рейтингинде 3-орунда турат.

ЕВРОПАНЫН ПАДЫШАСЫ
Германия. Футболдук тарыхы бай команда. Англиялык футболчу Г.Линекер кезинде: «Футболдо 22 киши ойнойт. Аягында немистер жеңип чыгышат»,- деп бекер айтпагандыр. «Немис машинасы» тарыхта мундиалды 3 ирет, Европа чемпиондугун 3 ирет уткан. Азыр алар Европа континентинин эң көп чемпиону катары падышалык таажыны кармап турушат. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мелдештерге эки бөлөк катышып жүрүшкөн. 1990-жылы биригип, ошол эле жылы Дүйнө чемпиону аталса, 6 жылдан соң Европа чемпиону болгон. Тарыхта командага эмгеги сиңген немис кандуу айтылуу оюнчулар Г.Мюллер, Р.Фёллер, Т.Хёсслер, Ю.Клинсманн жана М.Заммердин ысымдарын атасак болот. Курама команда үчүн кооз оюн тартуулоо экинчи планда. Алар илгертеден бери эле эсеп жана гол үчүн ойногону менен белгилүү.

«НЕМИС МАШИНАСЫ» «КЫЗЫЛ БУКАНЫ» ТОКТОТО АЛАБЫ?
Германия «өлүм» тайпасында экенине карабай башкы талапкер аталууда. Башкы машыктыруучу Лев «ЕВРО-2012ге» жаштардан турган курамды «октоп» жатат. Кызыгы, «ЕВРО-2012де» ким чемпион болот?» деген суроого караганда, «Чемпиондукка башкы талапкер «Немис машинасы» быйыл «Кызыл бука» аталган испаниялыктарды токтото алабы?» деген суроого жооп издегендер көп. Анткени Германия ушул курамда «ЕВРО-2008дин» финалында жана «ЮАР-2010дун» жарым финалында Испанияга утулуп калган эле (экөөндө тең 1:0). Бул суроого Лев: «Жакында Украинага барып, «ЕВРО-2012нин» финалы өтүүчү стадион менен таанышабыз. Бул жолу Испания менен Германиянын кимиси мыкты спорттук калыпта болсо, ошол жеңет»,- деди.
Негизи, немистер эки өзгөчөлүккө ээ. Биринчиси – алардын курамында клубдун деңгээлинде мыкты оюнчу жоктугуна карабастан, ийгиликтүү ойногону (мисалы, Лукаш Подольски, Мирослав Клозе), экинчиси – курамдын көп улуттуулугу. Дегеним, алардын курамында түбү польшалык, африкалык, бразилиялык жана түркиялык оюнчулар бар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ulan5
2012-03-20 03:44:12
bul jolu Germani9 4empIon bolot
0
Maxatbek
2012-03-20 11:41:21
Мен албетте Испаниянын женишин каалайм,бирок Германияны да номер 2 катары кором.
0
kgz
2012-03-20 21:17:03
МММ,бирок бул жылы ГЕРМАНИЯ озунун группасынан чыга албайтко?
0
Malyw
2012-03-21 07:05:21
Eh! Bizde ka4an uwundai futbol bolot. Korboi kalam go :-)
0
Aidarskiy
2012-03-25 23:12:31
Италия - Чемпион!!
0
Ulan5
2012-03-27 18:22:56
Germandar 4ygat i 4empion dagy bolushat
0
new_hacker
2016-06-15 08:49:08
Жакшы
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан