КУДАЙ САКТА-А! ЭМНЕ ДЕГЕН СПОРТ, ЫЯ?

Бүгүн акылга сыйбаган кызыктай спорт түрлөрү менен тааныштырабыз. Бул спорт түрлөрүнүн келип чыгышына кадимки спорт түрлөрүнүн жетиштүү адреналин бере албаганы себеп болгон. Бирок «адреналин алуу үчүн бул акмактыкка барып кереги эмне?» дегендер да бар. Аталган спорт түрлөрү кандай жаралган, эмнеси менен кызык? Ушул суроолорго чогуу жооп табалы.

«ЭКСТРИМ» ДЕП БӨЙРӨКТӨН ШЫЙРАК ЧЫГАРЫП...
Барган сайын эл кадимки спорттон качып, эс алууга жакын болгон экстремалдык спорт түрлөрүнө ыктап баратат. Айрымдар өзүнүн сүйүктүү спортунун экстремалдык түрүн ойлоп таап коюшкан. Мисалы, футбол сүйүүчүлөрү андагы эрежени сактап, анын сууда, баткакта жана кол менен ойнолуучу түрлөрүн ойлоп чыгышкан. Бул оригиналдуу адреналин алуу менен катар ал спортко болгон кызыгууну күчөтөт дешет билермандар. Төмөндө берилген спорт түрлөрүндө да башка спорт түрлөрүнүн көчүрмөлөрү бар. Тизмеге кирбей калгандардан бут күрөштүрүү, тракторлор, көчө дааратканаларынын жарышы жана сууда ойнолуучу хоккей бар.

27 МЕТРДЕН СУУГА СЕКИРҮҮ
Клифф-дайвинг же 27 метр бийиктиктен (кабат үйлөрдөн, аскалардан же атайын курулуштардан) сууга секирүү эр жүрөктүктү талап кылган эң кооптуу, эң кызыктуу спорт түрлөрүнүн сап башында турат. Бул спорт түрүнүн пайда болгонуна көп болсо да, биринчи мелдеш 2009-жылы өткөн. Ошондон тарта 27 метр бийиктиктен (8 кабат үйгө барабар) сууга секирүү боюнча Дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мындай бийиктиктен секирүү үчүн эч кандай коргоочу жарактарсыз, тескерисинче, кийимсиз секирүү сунушталат. Секирип баратып абада 2-3 секундда акробатикалык ыкмаларды жасап, айланып кетүү керек. Жогорудан ылдый секиргенде ылдамдык саатына 100 чакырымга чейин барат.


АЯЛ ТАШЫМАЙ
1800-жылы финляндиялык «чёрныйлар» формасын сактоо үчүн оор таш көтөрүп бир канча аралыкка басып машыгууга тийиш болгон. Бирок бул көрүнүш аларды тажатып, таштын ордуна аялдарды көтөрүп машыга башташкан. Көп өтпөй бандиттердин жоругу катардагы спорт түрүнө айланып, өлкөдө мелдеш өтө баштайт. Кызыгы, азыр бул спорт түрү боюнча Дүйнө биринчилиги өтөт. Мелдеште эркек аялды далысына асып, суу, шагыл, асфальт, чөп сыяктуу кыйынчылыктардан турган 253 метр аралыкты басып өтүшү керек. Биринчи келген жуптук чемпион аталат. Аял ташымайдын негизги эрежеси – эркектин далысындагы аялдын жашы 17ден, салмагы 49 килограммдан кем болбоосу керек. Бул спорт үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени чыңдайт дешет адистер.

СЕПАК ТАКРО
Сепак такро – кунг-фунун элементи менен ойнолуучу волейбол. Ал кунг-фунун мекени болгон Түштүк-Чыгыш Азияда өтө популярдуу. Сепак такродо (өрмө топ менен уруу) башкы максат – волейболдой эле ортодогу тордун ары жагына топту бут менен тээп өткөрүү. Кунг-фу согуш өнөрлөрүн камтып, анда түрдүүчө өнөр көрсөтүп тебишкендиктен, барган сайын ага арбалгандардын саны өсүүдө. Үчтөн оюнчуга ээ болгон 2 команда узуну 13, туурасы 5 метр келген майданда ойношот. Ортодо тартылган тордун бийиктиги бир жарым метрге барабар. 1990-жылдан тарта сепак такро Азия оюндарында ойноло баштаган.


ШАХБОКС
Бокс менен шахматтын «аргындашуусунан» келип чыккан шахбокс кылым жаңырган соң гана пайда болгон. Анда рингдин жанына шахмат тактасы коюлуп, мушкерлер бири-биринин күчү менен катар эле акылын да сынашат. Ага 11 раунд (5 раунд шахмат ойноп, 6 раунд бокс көрсөтүшөт) каралып, акырында биринчи болуп мат койгон же нокаутка учураткан мушкер жеңип чыгат. Эгер ар бир партияга берилген 4 мүнөттө жана ар бир раундга берилген 2 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай 11 раунд бүтүп калса, калыстар упайга карап аныкташат. Бир кезде украиналык мушкер Виталий Кличко британиялык Леннокс Льюисти реваншка чакырганда адистер аларга шахбоксту сунушташкан. Кличко эч болбосо шахбоксту каалаганы менен, каршы тарап каршы болуп, беттеш орун албай калган.



ЖУМУРТКАНЫ БАШКА УРУП ЖАРУУ
Англия – футбол менен катар эле жумуртканы башка уруп жаруу спортунун да мекени. Ондогон жылдар мурун пайда болсо да, бул спорт түрү Англиянын улуттук оюндарынын катарына кошулуп, жакында «эл аралык спорт түрү» деген статус алды. Эреже боюнча, ага эки киши бет маңдай отуруп, экөө алтыдан жумуртка кармашат. Бети-башы жумуртканын өңүнө боёлуп, кыраан-каткы алдында өткөн таймашта атаандаштар кезек менен жумуртканы башка уруп жарып таймашышат. Бир чаап жара албай калган спортчу оюндан четтетилет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
solnyshko
2012-03-19 15:43:04
е мое
0
Sanjarbratt
2012-03-20 08:32:45
сонун экен. жакты
0
Lux
2012-03-20 09:51:43
е твое
0
Shoola.kg
2012-03-21 13:12:51
оой кызык эле,биз деле жаны оюн чыгарсак болот экен анда суунун ичинде чуко ойномой деп :)
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан