Аскар Акаевдин тушунда, 1995-жылы дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алууга шарт түзгөн “XXI кылымдын кадрлары” мамлекеттик программасы иштей баштаган. Ал программанын чегинде бир топ кыргыз студенттери Кытай, Индия, Германия, АКШ, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына окууга, билимин жогорулатууга жөнөтүлүп турган. Мамлекеттер аралык келишимдин негизинде билим алууга мүмкүнчүлүк алган ал кадрлар азыр кайда?
Программа Президенттик аппарат тарабынан ишке ашырылып келгендиктен, биз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча комиссиянын катчылыгына байланышка чыктык.
"Иштей баштагандан тартып канча адам бул программа боюнча билим алышты?",
"Ал кадрлар Кыргызстанга кайтып келип, мамлекетке пайдасын тийгизиштиби?",
"Бул программага билимдүү, татыктуу, чет мамлекетте окусам деген студенттердин баары эле өтө алабы же Президенттик аппаратта таанышы бар, министр атасы же таякеси барлар гана өтөбү?",
"Деги ал программа боюнча билим алган жаштар кимдер, тизмеси барбы?.."
Ооба, суроолорубуз өтө көп болчу. Бирок 7-апрелдеги баш аламандыкта Ак үй талкаланганда бул комиссиянын маалыматтары да бүтүндөй жоголуп, тазаланып кетиптир. Кудум Баш прокуратура өрттөнүп, андагы иликтөөдө жүргөн далай документтер, маалыматтар күлгө айланган сымал. “Күмөндүү иштери болгону үчүн тазалап салышты да” деген ой жаралат. Анткени акыркы жылдары президенттик бул программанын ишине нааразычылык билдиргендер көбөйүп кеткен. Нааразычылыктар, негизинен, студенттерди тандоо ачык-айрым жүргүзүлбөй жаткандыгына карата айтылчу.
Аталган комиссиянын катчылыгынын учурдагы кызматкери Бактыгүл Сулайманова азыр бул программанын чегинде Кытай менен гана келишим бар экенин, 2012-2013-окуу жылына 17 орун бөлүнгөндүгүн, анын ичинде тил үйрөнүү боюнча бир жылдык курстардан тартып, бакалавриат, магистратура да бар экенин билдирди. Бактыгүл айымдын айтымында, документтерди кабыл алуу боюнча жарыя “Слово Кыргызстана” гезити жана интернеттеги маалымат булактары аркылуу коомчулукка кабарланган. “Документтер 20-мартка чейин кабыл алынат. Андан соң комиссия карап чыгат. Кандай адистиктер боюнча студенттерди окууга жиберүүнү да ошол комиссия чечет. Аны учуру келгенде маалымдайбыз. 2010-жылдын апрелине чейинки маалыматтарды, тилекке каршы, бере албайбыз. Анткени алар бизде жок. Акырындап архивден маалымат чогулта баштадык. Комиссиянын катчылыгында эки гана адам иштейбиз. Андыктан толук маалыматты мынча убакыттын ичинде таап чыгабыз деп айта албайм”,- дейт Бактыгүл айым.
Расмий такталбаган маалыматтар боюнча, ушул программанын негизинде 2 миңден ашуун студент билим алган. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү мамлекетке кайтып келип, өлкө үчүн иштебей чет өлкөлөрдө кала беришкен. Анткени келишимде "программанын эсебинен чет жерде бекер билим алууга бараткан студент сөзсүз кайтып келип, баланча жыл мамлекет үчүн иштеп, кеткен каражатты жана үмүттү акташ керек" деген пункт болбогон.
Ооба, кайтып келгендер да бар. Бирок андай билимдүү кадрларды канааттандыра турган эмгек акы жок, Кыргызстанда. Андан да жаманы, алардын кесибине Кыргызстанда муктаждык жок болуп чыгат. Анан чет жерди көрүп калган ал кадр пайда болгон биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып башка өлкөгө кетүүгө, ал жактан орун-очок алууга ашыгат.
Дагы бир көңүл бөлчү нерсе, “бизде учурда кайсы кесиптерге муктаждык жогору, дагы 5, 10, 15 жылдан кийин кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болот?” деп иликтөө жүргүзгөн атайын кеңсенин жоктугу. Ошондой иликтөөлөр буга чейин болбогондуктан да “XXI кылымдын кадрлары” программасынын негизинде билим алып келгендер Кыргызстандан татыктуу жумуш таппай чет жактарга кетүүгө аргасыз болушат.
Дагы бир суроо бар, майлуу боёк жана чоң тамгалар менен жазып коё турган. Ушул күнгө чейин мындай мүмкүнчүлүккө кимдер ээ болушту эле? Кимдер алар, XXI кылымдын кадрлары? Тээ Алай-Куунун же болбосо Ат-Башынын тоосунан түшкөн билимге дилгир Акмат же Ташмат да жөнөтүлдү беле же жалаң гана чоңдордун балдары үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк болуп келгенби? Биз ушул программа аркылуу билим алган үч гана адамды так билет экенбиз, алар пианиночу – Азамат Сыдыков, учурдагы депутат – Ширин Айтматова жана атактуу режиссёр – Нурбек Эген.
Бактыгүл айым “архивден комиссиянын иши боюнча маалыматтарды толуктайбыз” деп билдирди. Демек, тизмелер да кайсы бир күнү жарыяланат. Ошондо дагы кайрылабыз бул темага.
Шаиста Шатманова
koom@super.kg