Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы согуш жарыялагандан бери Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жаңылыктардан түшпөй калды. Бул сапар "чоң балык кармап", өлкөбүздө биринчи жолу кызматтагы министрге кылмыш иши козголду. Ал – Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев. Аскарбек мырза кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, орун басары Кайрат Жумалиев кызматтык шалаакылык боюнча айыпталууда. Кылмыш иши казактардын "Кулан" кениндеги уулуу көмүрдү "Электр станциялары" ААКсы үчүн сатып алуу ишине байланыштуу козголду. Бул маалымат тараары менен министр кызматынан убактылуу четтөө арызын жазып, ага өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кол койду. Шадиевдин ордун анын орун басарларынын бири Автандил Калмамбетов убактылуу аткарып турмакчы. Аскарбек мырза бул тууралуу: “Иликтөө иштери күнөөсүз экенимди көрсөтөрүнө ишенем”,- деп айтты.
Коррупцияга байланыштуу иштер бул аптада муну менен гана токтолуп калган жок. УКМК "Бишкек арак заводунун" жетекчилерине "мамлекетке 50 миллион сом зыян келтирген" деп кылмыш ишин козгоду. Ведомствонун маалыматы боюнча, бул завод бааланган баасынан эки эсе арзан сатылып кеткен.
Ошондой эле ажо Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исманов, Токтогул райондук соттун судьясы Жунусмамат Эгембердиев, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Жеңишбек Жайнаков пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, туура эмес чечим-өкүм чыгаруу айыптары менен кызматтарынан бошотулушту.