Оштун шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун бүгүн кадыр-баркы, алакасы, салмагы чоң таразанын ташында. Тагдыры бир-эки депутаттык "креслого" байланды. Эгер талаш мэрдин оңтоюна чечилбей калса, жакын арада Мелис мырзаны Оштун "шефтигинен" кетти дей бергиле.
14-мартта БШК Ошто болуп өткөн шаардык Кеңеш шайлоосунун үч участогундагы жыйынтыкты мыйзам бузуулар катталгандыгы үчүн жокко чыгарды. Анда Мелис Мырзакматов жетектеген “Улуттар биримдиги” партиясы эң көп добуш чогулткан. “Суук кабардын канаты экөө болот” демекчи, заматта Ош шаарынын аянтына миңден ашуун адам топтоло калды. Алар 4000ге жакын добуштун кайтарылышын талап кылышты. Албетте, 4000дей добуш оңой эмес. Анткени жергиликтүү Кеңеште мандаттардын бөлүнүшүнө таасир этет. Анын баасы эки "креслого" татып, “Улуттар биримдиги” 23 эмес, эми 21 мандат алып калат. Баш-аягы Ош шаардык Кеңеши 45 орундан турат. Демек, Мелис мырза тең жарымынан көп орун ээлей албаса, эртең кабинетине “кош” деп айтып калышы ыктымал.
“Улуттар биримдигинен” кийинки орундарды ээлеген КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партиялары биригип, көп мандат алган Мырзакматовдун колунан бийлик чылбырын тартып алышы мүмкүн. Окуянын мындай өнүгүшү оппозициянын чырагына май тамызып, кайрадан митингдердин заманы башталды.