Камчыбек Ташиев көп жылдардан бери, тагыраагы, 17-жолу 8-Мартты утурлай Жалал-Абад облусунун Баатыр энелерин ак дасторкондун четине чогултуп отурат. Муну Камчыбек мырзанын чакан салты деп койсо да жарашат. Быйыл да “Ата Журттун” лидери белек-бечкегин камдап, миңден ашуун балпайган байбичелерди сый тамакка чакырып, батасын алды.