ЖКнын депутаты Исмаил Исаков парламентте жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстанда жаратылыш ресурстарынын Улуттук фонду түзүлүп, ар бир кыргызстандык жаран кен байлыктардын эсебинен акчалай үлүш алат. Мисалы, жаратылыш байлыктарын иштетип жаткандар тапкан кирешесинен жыл сайын 7 пайыздык төлөм беришет. Ар бир төрөлгөн ымыркайга 6 айдан кийин мамлекет тарабынан банктан эсеп ачылып, түшкөн акча ошол баланын эсебине которулат. Эсептөөлөр боюнча, 1 жылда 90-120 миллион доллар чогулат экен. Бала төрөлүп, 6 айга толгондон кийин анын банктагы эсебине 1000 же 1500 доллар түшөт. Бирок 18 жашка чейин ал акчаны ала албайт, каражат банкта сакталат. Бала 18 жашка чыкканда ал үлүшүн пайызы менен эсептеп, чогулган акчаны мамлекет балага бергенге милдеттүү болот. “Эгер бул мыйзам өтүп калса, 2013-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бир жыл ичинде өкмөт бардыгын тактап чыгышы керек”,- дейт депутат.