Февраль айында Башкы прокуратура ЖКнын депутаты Исхак Пирматовго кылмыш ишин козгоп, анын кол тийбестигин алып салуу сунушу менен ЖКга кайрылган болчу. Пирматовго "Кыргызнефтегазды" жетектеп турганда ишкананы каржылык зыянга учураткан" деген айып тагылган. Депутат "бул иш кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы менен козголуп жатат, ишти депутаттык комиссия иликтеп чыксын" деп чыккан.
Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы билдиргендей, азыр бул иш боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатыптыр. Жыйынтыгы 22-марттан кийин белгилүү болмокчу. Демек, депутатка тагылган айыптарга ак же көк деп баа берүүгө азырынча эрте.