Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары, анын ичинде кыргыздар да ички паспорт же ID карта менен Орусиянын аймагына кире албай калышы мүмкүн. Мындай кабарды орусиялык ММКлар айтып чыгышты. Демилге Орусиянын Баңгизаттарга каршы ведомствосу тарабынан көтөрүлүп жатат. Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын башчысы Виктор Иванов чек арадан өтүүгө ушундай чектөө киргизүү аркылуу Орусиядагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгон баңгизаттарга каршы күрөштү күчөтсө боло турганын белгилейт. Расмий маалыматтар боюнча, баңгиликтин айынан Орусияда жылына 100 миң адам каза болот. Аталган кызматтын жетекчиси баңгизатынын 70 пайызы Орусияга жашылча-жемиштер аркылуу кире турганын белгилеп, мындан ары өлкөгө кирип жаткан айыл чарба азыктарын катуу көзөмөлгө алуу керектигин да айтты. Эгер бул демилге ишке ашып калса, буга чейин ички паспорт менен Орусияга барып-келип үй-бүлөсүн багып жаткан миңдеген мекендештерибиздин түйшүгү көбөйгөнү турат.