САДЫР ЖАПАРОВ “Соттор Кеңешине талапкерлерден акча алган” деп айыптап жаткан Данияр Нарымбаевге:
“Эгер бул сөзүңүздү далилдей албасаңыз, анда парламентке юбка кийип келиңиз. Эгер далилдеп берсеңиз, мен юбка кийип келем”.
ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВ, КСДП фракциясынын депутаты:
“Президенттик шайлоодон кийин Ташиев Атамбаевге кирип, "тууганыңыз деле болоюн, мага кызмат бериңиз" деп жүргөнүн көргөм”.
Камчыбек Ташиев, “Ата Журттун” лидери:
“Ооба, шайлоодон кийин Атамбаев менен жолугушкам. Атамбаев менен жолугушуу эмне кылмышпы? Мен Атамбаев менен дагы көп жолу жолугушам”.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg