Назми: «ҮЧ БАЛАЛУУ БОЛГОНУМДУ АПАМА АРАҢ АЙТКАМ»

“Малчынын баласын кепке тартсаң, каймак-майдан кеп баштайт” деген сөз бар. Анын сыңары, ырчылардын кимиси менен маектешпейли, сөз учугу чыгармачылык, талант, үй-бүлө туурасында болору ырас. Ырчы Назми да өз сөзүн келерки жумада концерт береринен баштап, аягында көпчүлүккө айтпай жүргөн сырын ачты.

“БИР ЖАККА КАЧЫП КЕТСЕМБИ ЖЕ ӨЛҮП КАЛСАМБЫ?”
– Бир күнү апам агама ыр жаттатып отурган экен. Сыягы, такыр эле эсине тута албай көп кайталашса керек. Бир маалда аркы бөлмөдө отуруп алып мен ошол ырды жатка айтып, ырдап баштаптырмын. Ошондон кийин гана ырга жакын экенимди байкашыптыр. Күн сайын “кана, ырдап койчу” дегендер көбөйө берди. Кашыкты колго алып, “сахнада Байзакова Назгүл” деп кыйкырмайын ырдачу эмесмин. Балалыгым абдан сонун өттү. Агаларым менен күрөшүп, машина айдап, чүкө ойноп эле жүрчүмүн. Үч уулдун ортосунда жалгыз кыз болгондуктан, эркек мүнөз болуп чоңойдум. Мектепте дагы ошол мүнөзүмдөн кыздарды сабап койгон учурларым болгон.
Ата-энем кичинемден эмгекке, тартипке үйрөттү. Ошентсе да өткөөл курагым оор өттү. Мурдагыдай эле сүйлөшөт, ошондой эле урушат, бирок ал мага абдан катуу тиет. “Ушу мен эч кимге жакпадым, мен жок болсом булар сүйүнүшүп, жыргап жашашмак. Бир жакка качып кетсемби же өлүп калсамбы?” деген ойлорго көп чөмүлчү болгом. Бирок, Кудайга шүгүр, ал мезгилден аман-эсен, акылсыздык кылбай өтүп кеттим.

“МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛОМ ДЕП...”
– Кичинемде милиция кызматкери болом деп кыялданчумун. Мектепти аяктап шаарга келсем, кыялданган окуу жайга 18 жаштан жогоркуларды гана алышат экен, мен анда 17де элем. Бир жыл убактымды бекер коротпоюн деп Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, өтүп кеттим. Ал жакта окуп жүрүп, музыка меники экендигин чындап түшүндүм.
Борбордогу кафе-ресторандардын биринде иштеп, өзүмдү өзүм багып калдым. Бир күнү кафеде ырдап отурсам Шахрезада Аскарова эже келип, “сен жакшы ырдайсың. Элге чыгышың керек. Бек Борбиев өзүнө ырчы издеп жүрөт, барып көрбөйсүңбү” деп калды. Администраторуна чалып, кастинг аркылуу тандалып алындым.

“БЕК БАЙКЕ “ЖЫЛДЫЗ БОЛОТ ДЕГЕН УШУ” ДЕП...”
– 10 жыл мурун деле шоу-бизнес бут тосууларга, ушак-айыңдарга бай эле. Бек байке менен “карындаш, кимди сүйөсүң? Сизди гана...” деп дуэт ырдап калсак, эл оозунда элек жок, бир топ ушак кептер тарады. Бирок убакыттын өтүшү менен андай майда-барат сөздөргө маани бербей калдым. Бек байке менен эки жылдык келишим түзүп иштедик. Бир топ тарбия алдым. Себепсиз катуу күлгөнүм боюнча көп жолу катуу эскертүү алгам. Бир жолу клип тарттырабыз деп жатып он мүнөткө кечигип келип тил уккам. “Чакырылган жерге он мүнөт кеч эмес, он мүнөт эрте келип күтүп тур” деп урушкан эле.
Бек байке мактаган жактан бир аз сараңыраак болчу. Эсимде калганы, “Тамаша” деген ыр элге жаңыдан тарай баштаган күндөрдүн биринде “мына, жылдыз болот деген ушу, сенин ырың хит болуп жатыптыр, азамат” деп мактаган.

“ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ МАГА ДА ЖАБЫШКАН”
– Бек байке менен эки жыл иштешкен соң жеке ырчы катары чыга баштадым. Банктан насыяга акча алдым да, музыкалык аппаратура сатып алдым. Анткен менен кайра эле кафе, ресторандарда иштегенди таштаган жокмун. Мен ырдаган кафеге Сапар Сопубеков да байма-бай келип турчу. Бир күнү экөөбүз чогуу ыр жаздыралы деп чечтик. Ошентип, акырындык менен Сапар экөөбүз дуэт ырдаганга өттүк.
Быйыл чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жыл толду. Жашоомдо бир кездер болду, жылдыз оорусу жабышкан. Байкасам, мурдагы Назми жок, өзгөрө баштаптырмын, анан өзүмө өзүм тарбия берип, ал ооруну алыс айдап салдым.

“ЖОЛДОШУМ МЕНДЕН 9 ЖАШ УЛУУ”
– 2-курста окуп жүргөн күндөрдө бир кафеге барып иштеп калдым. Жолдошум Талант ошол кафенин музыканттарынын жетекчиси экен. Ошол жерден таанышып калганбыз. Ал кезде Талант көзүмө аябагандай чоң киши көрүнгөн. Менден 9 жаш улуу да. Ал мага ошондо эле көз салып калыптыр. Бирок мени “кичинекей кыз, азыр сөз айтсам чочутуп алам го, окуусун бүтсүн” деп унчукпай жүрүптүр. Кийин мен башка кафеге иштеп кеттим. Талант болсо Кытайга каттап иштеп, экөөбүз эки башка жолго түштүк. Ошол аралыкта Талант үй-бүлө күтүп, бир кыз, бир уулдуу болуптур.
Бейкапар күндөрдүн биринде бир жигит жолугушууну сунуштап мага телефон чалды. Ал Талант экен. Жубайы казак кызы менен ажырашканына эки жыл болгон экен.

“САПАР МАГА ЖООЛУК САЛГАН”
– Ошентип жүрүп Талант экөөбүз баш коштук. Келин болуп барганым да бир кызык. Жаңы эле көшөгөгө киргизип, апам жоолук салса, ыңгайсыз болуп кетип көнгөн адатымча дароо башымды буруп Сапарга (Сопубеков) “салып берчи” деп жибериптирмин. Ал да тыпыйта байлап койду. Баары күлүп эле калышты. Ошол жоругумду эстесем, алигиче уялып кетем. Ошентип, кичинекей мамлекетибиз курулду, Альбина аттуу кыздуу болдук. Жолдошумдун биринчи никесинен Алина деген кызы жана Феликс деген уулу бар. Биз баш кошкон кезде Алина айылда, апамдар менен болчу. Феликс апасы менен Казакстанда жашачу. Талант аябай баласаак, Феликс апасы менен жүргөн кезде аны көп ойлонуп, санаасы тынчу эмес. “Баланы ойнотуп келейин” дегенине мурунку жубайы макулдугун бербей, уулун бизге көп аралаштырбайт эле. Бирок бала чоңойгон сайын туугандарын, атасын издейт экен. Каникулдарда бизге келе баштады. Былтыр жайында көлгө эс алууга барып, биз менен бир айдай жүрүп калды. Мүнөзү да, өзү да аябай сонун бала экен. Кетер маалы келгенде мен Талантка “эми кетип калабы? Биздин колдо эле чоңойсо жакшы болмок” десем, “ошону мен да сага айталбай жүргөм” деп сүйүнүп кетти. Дароо эле апасына телефон чалып, Феликсти бизге берүүсүн өтүндүк. Ал да ойлонуп, макулдугун берди. Баланын документтерин салып жиберди. Ошентип, үч баланын энеси болуп отуруп калдым.
Алгач баш кошконубузда апама Таланттын үй-бүлөсү болгонун айткам, бирок үч балалуу болгонубузду араң айттым. Бир күнү төрөөргө жакын чыгынып “апа, менде баары жакшы, эми төрөсөм менин жардамчым, чоң кызым бар” дедим. Апам таң кала “эмне, бала багуучуну биринчи күндөн баштап эле жалдайсыңбы?” дейт. Ошондо Таланттын кызы бар экендигин айткам. Апам сүйүнүп, “жакшы болгон экен” деп алкап-жалкап эле калган. Феликс тууралуу анда айта алган жокмун. Жакында эле уулубуз да бар экендигин айттым. Апам “үч балалуу болуп калдың. Балдарыңа туура, татыктуу тарбия бер. Баарына бирдей кара” деп батасын берип узатты.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
miranana
2012-03-19 11:51:52
кандай гана мээримдуу жансыз Назми эже! Мындай адамдар чанда гана кезиксе керек. Аллах бакыт берсин сиздерге, уул-кыздарыныздардын урматын корунуздор!
+2
supeeri
2012-03-19 17:52:08
Мен да Назмидей бакттылу уйбло кургум келет.Коз тийбесин Назми туф туф туф.)))
0
Shoola.kg
2012-03-21 12:29:26
жакшы.куйоондун мурунку никедеги балдарын озунмдуку деп алыптырсын.бул куйоонду сыйлаганын да.бактылуу бол!!!
+2
Taalaibek
2012-03-21 13:59:00
Тамаша деген ырыныз аяабай жатаг. Балдарыныздын бактысын коро бериниз.
+1
prenses
2012-03-21 22:53:58
balasi kantip oz apasin saginbait:( znachit kazak ayali jamanadam go
+1
svetulya
2012-03-23 14:36:08
You are gorgeous, Nazek! Stay always happy with your family! S.
0
sale-81
2012-03-24 22:14:34
mmmm daa baktilyy bolgyla,, oshol sizdin kilgan mamilenizgi joldoshynyz baalap kadirinizga jetsin
0
Pekulik
2012-03-26 17:18:44
Эн негизкиси Алина менен Феликске татыктуу,оз баладаныздан кем эмес,мамиле,тарбия берип,бактылуу жана улгулуу уй-булолордон болушунуздарга тилектешмин!
+2
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан