«ЭКИ БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА КАЛДЫМ»

Алгач эле маектешимдин колунда бейкапар уктап жаткан наристеге көзүм түштү. Мемиреп тынч уйкуда... Атасынын таштап кеткенинен, апасынын кайгысынан кабары жок. Биз анын апасын редакцияга кайсы көйгөй алып келгенинен кеп баштасак.

ҮЙ-БҮЛӨНҮ АЖЫРАТКАН АЛЫСТЫК
– Алишер менен бир короодо ойноп, мектепти аяктагыча ээрчишип жүрүп чоңойдук. Мектепти бүтөрүм менен башка жигит мени коңшу айылга ала качып кетти. Барган күндөн баштап эле күйөөмдүн арак ичкени, ур-токмокко алганы жанга батты. Ажырашууга туура келди. Өз арабамды кылдыратайын деп Орусияга сапар алдым.
Күндөрдүн биринде Алишер менен кездешип калдым. Экөөбүз бала кездеги достордой эле сүйлөшө баштадык. Кийин мени сүйөрүн айтып, жанымды койбой артымдан сая түшүп алды.
Алишердин ата-энеси кичине кезинде эле каза болуп калышып, аны улуу эжеси чоңойткон. Бирок башка туугандары бар экенин билчүмүн. Такыр эле болбой, “үйлөнөм” деп апама телефон чалып, өз ниетин айтты. Алишер “мен өзүмдүн тагдырымды өзүм билем, сени да, эжемди да бага алам” деди. Экөөбүздүн никебиз кыйылып, бирге жашай баштадык. Боюма бүттү, бактылуу болуп жүрдүм.
Алишер ортодо бир алдамчынын кылтагына илинип, 40 миң рубль акчаны жедирип ийди. Акчанын тартыштыгынан казан-аяк кагышып, кыйнала баштадык. Мага Алишердин эжесиникине, Ошко кетүүгө туура келди. Ошко келгенимде жеңемди ээрчитип алып кайнежемдикине бардык. Башыма ак жоолугун салып, жакшы кабыл алды. Сөз арасында “башыңдан турмуш өтүп калган экен, акелери нааразы болушууда” деп калды.
Ай-күнүм жетип, Мираида аттуу кыздуу болдук. Кайнежем чакан бешик той өткөрүп, элден бата алып берди. Апам да “күйөөсү кай жакта болсо, аялы жанында жүрүшү керек, алыстап кетесиңер” деп көп айтты. Мага деле жеңил болгон жок, кантип эле күйөөмдөн кол үзгүм келсин?! Бирок күйөөмө кошумча түйшүк болбоюн деп, ага аяр мамиле жасадым.
Ортодо кайнежем менен да түшүнбөстүктөр чыга баштады. Мен базардан контейнер алып, колума кызымды көтөрүп, иштей баштадым. Ошол учурда базардан бир аялды жолуктуруп, ага кайгымды айтсам, Алишерге арнап тумар чийип берген. Көп өтпөй Орусияга жол тарттым. Мурункудай жакшынакай жашап калдык.

«БООР ООРУСАМ, БООРГО ТЕПТИ...»
– Экинчи жолу боюма бүтүп калды. Кайним баягы тумарды көрүп ичин ачып окуп, “сени окутуп алган” деп агасынын көңүлүн буза баштады. Кийин Оштон “эжеси катуу ооруп жатат” деген кабар келди. Алишер “экөөбүзгө жол киреге жетпей калат, сен 1-2 ай жашай тур, мен келип калам” деп коштошуп, Ошко сапар алды. Агам “акчаң жетпей жатса, менден сурабайсыңбы, сен күйөөңдүн жанында болушуң керек” деп учакка билет алып берди.
Кайнежемдин каза болуп калганын угуп, апам экөөбүз куран окутканы жөнөдүк. Катуу өкүрүктөн кызым чочуп ыйлап, мен бала менен алек болуп отуруп калдым. Кайнежелерим “эмнеге биз менен учурашып, ыйлабайт?!” деп апама асыла башташты. Мен оокат менен алек болуп, ары-бери чуркап жүрдүм. Бир маалда Алишер келип, “сен баланы алып үйүңө бара бер” деди. Кетип баратканыбызда кайнежем менен Алишер келип колума кагаз карматышты. Анда “3 талак бердим” деп жазылыптыр. Жамандыкта ызы-чуу кылбайын деп кете бердим. Бирок Алишер бир айдан бери телефонго жооп бербей, дайынын билдирбей, жолугушуудан качып жүрөт.
Тааныштар аркылуу 15-мартта үйлөнөрүн уктум. Туугандарым, ата-энем телефон чалса да сүйлөшпөй, Алишерди жашырып жатышат. Азыр 8 айлык балам боюмда, колумда 2 жаштагы кызым бар. Барбаган, издебеген жерим калбады. Акыркы жолу Алишер “мен эле таштап жатыптырмынбы, элдин баары эле ушинтип жүрөт” деп айтты. Тууган-уругум “өзүң тийгенсиң” деп, ортодо мен жарга такалдым.
Алишер, эки балаңды жетим калтырба, жок дегенде ачык сүйлөшүп, күнөөм болсо, бетиме айт. Сени таппаганымдан гезит аркылуу ушул сөздөрдү айтууга мажбур болдум. Балким, сага чыга турган кыз мен тууралуу билбейт, андыктан кеч болуп кала электе ал дагы ойлонор.

Нурила
Биз Алишерди күнөөлөгөндөн алыспыз. Бирок жардам сурап кайрылган кош бойлуу айымдын суранычынан баш тарта алган жокпуз. Бул окуя бир тараптуу болбош үчүн Алишердин, агасынын телефон номерине чалдык, бирок байланыша албадык.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
Tequila_aiya85
2012-03-24 21:40:56
Мен болгонун болгондой эле айттым.A_l_i_b_e_k ***** ачып эмне кыласынар дейсин просто Алишерге боорум ооруйт.Башкадан боюнда болуп калып ал качып кетип,анан Алишерди мени бузуп койдун эми аласын деген.Алишер артынан чуркаган да эмес.Экоонун мамилеси менин коз алдымда туптолгон,чогуу жашаганбыз.Экоондо тен куноо бар,бирок Нурилада кобуроок.Канча айттым "кой Нурила ушунчанда артка кайт,эртен боюнда болуп тийгенин билинип калса кетип калат"деп.Мени угуп да коигон жок.Эми оздору чечишсин.
0
Ayima
2012-03-24 23:39:56
Alisher baldarindin kusuru urat bir kunu tushunosun ani
0
aliaskarbek
2012-03-25 04:03:24
балким сенин ажырашууна ошо тумар себепкер болгондур сага сыноо болду еми ойлоп ишкыларсын ежеша тумар бул ширкке кирет.
Аны таккан жигит сенда алиги екенсин не болсода оконортен бакттынарды тапкыла
0
ulua
2012-03-25 04:23:44
Кимдин эле куйоосу менен чогуу,балдары менен бапырап жашагысы келбесин.Нурила байкуш да ошол жагын эле ойлоп жакшы ниетте эле тумар жасаткандыр.Анын арабча эмне деп жазылганын кайдан билсин...Алишер,артынан анчалык чуркаган сон,отоосуноо чыкпайсынбы,эми...Башка кыз алган аялынды деле кыйратпайсын,го...Эми,Кудай калыс,тободо,Алланын-периштелери болгон,туулуп да,туула да элек жатып керексиздей ташталган наристелериндин ар бир коз жашы учун жооп берчу кунунду кутуп жаша...
0
umar_kg
2012-03-25 08:12:52
Дааа кайгылуу окуя екен Нурила аллахтан корксон болмок! Бул нерсени кылгандан мурун.
0
Aleesia
2012-03-25 19:02:23
Teguila_aiya85 Ozundu jakshy korsotom dep jazganynby bul aitkandaryn dagy jakshy boiunda biroodon bolso da torop tashtap salbai balasyna ata izdeptir .Emi bul sozdordun kaisyl biri chyn kaisynysy jalgan ekenin bilbeibiz .Birok kandai bolbosun Nurila esen aman boshonup alsyn baktyluu bolsun eki balasynyn omurun tilep osholordun baktysyna jashasyn kylgan kunuloru bolso ozu sezip jakshy insan bolgongo araket kylsyn deit elem.
0
saulettakg
2012-03-25 20:42:10
балада эмне куноо, баланы багыш керек, аларга акча керек тамак аш кийим-кече дегендей. Балдарды талаага таштаганга болбойт "эгер Алишер уйятын бар болсо аял менен элдеш" а тумар не тумарга мен такыр ишенбейм.
0
ramashka
2012-03-26 00:03:33
meesi ishtebegen erkek ekeni bilinip ele turbaibi.kantip?-ozunun kaninan butkon baldarin tashtap ketti kudaidan korkso bolmok.a tigi kelincheginin kilganina konul burbai ele koiboibu oshol bazardagi tolgochugo ishengenin.al tolgochulor ech nerse kila albait da bilbeit jon ele elden 10 som 20 som alip ishtegen aldamchilar da.aitor menin oiumsha bul balani tuugandari ele buzdu kelesoo juro bersin oshentip ar kimdin tiline kirip kelechegi jok bir eeeh soz da jok buga
0
ELIMA91
2012-03-26 00:52:09
Кызык, менин ойумча тумар "здесь не причем" Алишер балдардын убалына калба жетим калтырба эсин барда акылына кел!!!
0
Tequila_aiya85
2012-03-27 05:35:13
Aleesia,мени кошоматчылык кылды десен жанылышасын,болгонун болгондой айттым.Мен орус класста окуп орус мунозмун,адамга жагыныш мага жат корунуш.Туура айтасын,баласына ата издеди деп,бирок ошону бакшыга барбай эле суйдуруп алууга аракет кылса алыска бармак.Группабызда эн ажаан,чыр кыз эле,болчу жерде тулку деле болуп калат эле.Кызыгы,кечээ менин номериме чалып антип кетем,минтип кетем неге антип мени айтасын дейт.Бул сайтка 1-2адам эмес миндеген адамдар кирет анан кантип чындыкты айтпайсын?
0
Tequila_aiya85
2012-03-27 05:46:57
Эгерде Москвада алар менен бир жашабаганымда мен да Алишерди айыптасам керек эле.Кудайга шугур,мен да уй-булолуумун.Аны деле тушуном бактылуу болгусу келет дечи,бирок бубу-бакшыга аркылуу эмес.Адамдын эркин чектегени да бул.Алар Москвада эле ажырашкан болучу эмнеге калп айтат?Алишерд уй-булосу менен катташтырбай койгону эмнеси?Кудай сактасын го,бирок,Aleesia сенин женен да ушундай чыгып калса,акен учун тоону да томкоруп жибермексин себеби форумга жазгандарынды окуп акылдуу жан экенинди билем.
0
zinat
2012-04-20 00:44:51
эй койгулачы! кантип ушундай болсун? окуткан окуткан эмес, а бул келин эки баласы менен калганы бул факт!байкуш келин боорум ооруп жатат((ар бир бала оз ырыскысы менен торолот дешет, бирок бари бир кыйналат, эмне силер антип жазып жатасынар "эми андай кылба, окутпа" деп, эмне силердин жолдошунарды окутуп алыптырбы?озунуку!жазганынарды окуп аябай жиним келди, кана айткылачы ким бул жашоосунда коз ачыка барган эмес?турмушта кыйынчылык болгондо жон гана пал ачырганга деле барышат,что все без греха?
0
zinat
2012-04-20 00:53:21
А жанакы Алишерге соз жок! баары таштап кетсе ал да таштап кеткени укмушко! туугандары эмне ктригишет? инисине эмне жок? озунун деле астында турмушу турат! эжекелери эмне киригашет? турмуштан чыккан кыз болсо эмне экен? эмне турмуштан чыккан келин эмне адам катарына кирбей калабы? ар бир адамдын бактылуу болууга акысы бар! все такие правильные озунчо эле!
0
zinat
2012-04-20 01:06:23
бул келин менен жабаса жашабай эле койсун! окуткан болсо ай байкушту! эки баласын баксын эркек болсо! ай сайын акча жиберсин балдарынын кийинип жегенине!кеп окутканда эмес бул Алишер кыйынчылыктан качып жатат! эки баласын баккандан качып жатат!азыркы кезде турмуш куруп алып бала торолгондо коп эркектер коркуп кетишет "ой блин эми обеспечить надо" деп...эптей албай качышат!турмушту оюнчук корбойлу. турмуш деген татаал нерсе.
0
isamurai
2012-04-24 10:29:19
Алишер молодец эркек болуп уйлонупсун бирок видимо кийин суйун очкон окшойт.Эмнеге экенин билип турам.. андан сулуу жаширак бироону эжелерин "сен жашсин,гулсун,эркексин"деп бузган чыгар.Аялына деле кичине вложение кылсан красависа болот да ... Иши кылып омурундун акырында балдарына "иии анда мындай болуп калды эле балам" деп ЛАЖА шылтооолроунду айтип актанбасан ээээле, ойлон тун махабатын сени кутуп жатат happy end болот деген умут. Атак тузук эле love story болгон окшойт...
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан