Рулдагы жылдыз Чынара Капарова: «АЗЫРААК ИЧСЕҢ БОЛО!» ДЕП МАШИНАМДЫ УРУШАМ»

Диктор Чынара Капарованын аппак түстүү Lexus GX 470 үлгүсүндөгү машинаны зуулдатып айдап жүргөнүн көргөндөр “Шумахер эс алат го” дешет. Ошол диктор айым менен бирге газды басалы деп чечтик.

ТЕМИР ТУЛПАРЫ КАНДАЙ?

Үлгүсү – Lexus
Модели – GX 470
Өңү – Ак
Чыгарылган жылы – 2006
Максималдуу ылдамдыгы – Саатына 180 чакырым
Баасы(Кыргызстандын рыногунда) 35-40 миң доллар

– Саламатсызбы, Чынара эже, маегибизди кайсы курагыңызда рулга отурганыңыздан баштабайлыбы?
– Саламатчылык. Бала кезимде атам шар аккан суунун жанына Жигулисин токтотуп коюп бизди жуудура берчү. Ошол мезгилден тарта машина айдоого кызыга баштагам. Анан акырындап атамдан машина айдаганды үйрөнүп алдым.

– Алгачкы машинаңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Телеканалда иштеп калганда иштеримди тезирээк бүтүрүү үчүн машина керек болду. 1998-жылы Мазда үлгүсүндөгү алгачкы машинамды алдым. Азыркыга чейин эсимде, баасы 2600 доллар болчу. Эми ал кезде 2600 доллар деле бир топ акча эле да. Ошол учурда мамлекет жаш журналисттерди колдоо катары мага акчалай сыйлык берип калды. Ата-энем, бир туугандарым жардамдашып, ал акчага өзүмдүн чогулткан акчаларымды кошуп машиналуу болгом.

– Анан рулга отурганда шыр эле айдап кеттиңизби же тормоз-газды алмаштырып алган убактар болдубу?
– Шыр эле айдап кеттим, себеби жаш кез курч кез да. Биринчи отурганда эле 80 менен айдадым. Ошол бойдон катуу айдап көнүп алып, кийин жай айдаганга араң көндүм.

– 1998-жылдары рулдагы айымдар сейрек кездешчү көрүнүш эле. Таң калып карагандар да көп болсо керек...
– Ооба, ал кезде машина айдаган айымдар аз эле. Машина айдап баратсаң эле жигиттер таң калып карашчу. Өзүм да моданы кууган жаш кез. Кара көз айнекти тагынып, музыканы даңкылдатып коюп алып айдамай адатым бар болчу.

– Жол кырсыктарына кабылып көрдүңүз беле?
– Бир жолу машинаны токтотуп койсом, жанына эки машинаны кысып токтотуп кетишиптир. Жакшы эле күзгүдөн карап, кылдаттык менен артка айдагам. Бир кезде эле “тарс” деген үн чыкты. Карасам, жанаша турган машинанын эшигин жапшыра сүзүп салыптырмын. “Мына эми өлдүм” деп коркуп турам. Тиги машинанын ээси да токтоо адам экен. Кыйкырышып-урушпай эле оңдоого кетчү баасын чыгарып, чечишип алганбыз.

– Кымбат баалуу машина болсо, бир топ эле сумма моюнуңузга илингендир?
– 100 доллар болду. Негизи, ал киши аял киши деп көп тырышкан жок окшойт. Андан кийин деле болгон, машинамды анча-мынча чийип алган учурлар.

– Жол сакчыларынын ала таягына түшкөнсүзбү?
– Албетте, андай учурлар болот. Көбүнчө бир жакка шашып баратканда жол эрежелерин бузам. Бирок машина айдап жүргөнүмө 15 жыл болду, бир да жолу айдоочулук күбөлүгүмдү алдыра элекмин. Көбүнчө эскертүү алам.

– Машина сатып алууда эмнесине биринчи көңүл бурасыз?
– Өңүнө карайм. Кызыл-тазыл машиналарды көп жактыра бербейм. Ак, кара жана күмүш түстүү машиналар табитиме туура келет.

– “Жол азабы – көр азабы” деген сөз бар. Алыс жолдо машинаңыз бузулуп калган учурлар болгондур?
– Машинаны от алдырганда эле үнү башкача чыга баштаса, сөзсүз машина оңдоочу жайларга көрсөтөм. Кандай машина болбосун, маал-маалы менен адистерге каратып, майын убагында алмаштырып турсаң эле жолдо калтырбайт. Эсимде, бир жолу жолдон дөңгөлөк жарылып калып алмаштырганды билбей турсам, бейтааныш эле адам келип дөңгөлөктү чаптап, кайра жолго салган. Чынын айтыш керек, бузулган жерин оңдой албайм.

– Мырзалардын көпчүлүгү айымдардын машина айдаганын граната кармаган маймылдай эле коркунучтуу деп калышат. Бул сөзгө кошуласызбы?
– Эркектердин деле, аялдардын деле арасында ар кандайлары бар. Ошол себептен бир гана айымдар дегенге кошулбайм, эркектердин арасында деле дөөтүнү сыйлабай мас абалында айдагандар толтура.

– Көп айымдардын машинада баратып боёнмой адаты болот. Сиз да боёносузбу, рулда жүрүп?
– Ооба, көп эле учурда машинада баратып бир колум менен руль бурап, бир колум менен боёнуп калам.

– Шашканда кайсы ылдамдыкты кармайсыз?
– Шаар ичинде 80-100дөн ашырбаганга аракет кылам. Ал эми трассада 140ка чейин барып калат. Мисалы, Ысык-Көлгө баратканда.

– Белекке машина алгансызбы?
– Жолдошум колумду сураганда Мерседес үлгүсүндөгү машина белекке берген.

– Учурда айдап жүргөн тулпарыңызды качан алдыңыз?
– Аз эле болду. Жаңы жылга өзүмө белек кылдым. Буга чейин көбүнчө Мерседес үлгүсүндөгү машиналарды айдагандыктан, башында көнө албай, Жип айдоо олдоксондой сезилди. Кийин кайра эле Мерседеске өтсөмбү деп ойлонуп жүрөм.

– Машинаңыздын көлөмүнө караганда, бензинди көп “ичет” го...
– Эми машина аларда чөнтөккө карап аласың да. Ооба, көп “ичет” экен. Мындай алганда эле 5 күнгө 2000 сом кетип жатат. Анан бензин куярда эле “кандай немесиң, азыраак “ичсең” боло?!” деп машинамды урушуп калам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
meka_90
2012-03-19 14:39:06
Дааа иштесен тиштейсин деген ушу да. Барга коппой, жокко чокпой бар болунуз Чынара айым. Бирок мен салам айтсам эле дайыма алик албайсыз. Негизи Сиз азаматсыз.
-3
gulbubu
2012-03-20 11:42:57
Азаматсыз! Сиз менин идеалымсыз! Сиздей машина айдабасам дагы, сиздей диктор болгум клет.
-1
Repus
2012-03-20 16:10:02
Чынара эжекем озу азамат адам да!
0
ussofa
2012-03-21 00:42:22
патриотка!!ийгилик!!
0
Taalaibek
2012-03-21 13:39:42
Менин сизге жамандыгым жок. Бирок машина айдоо аяал кишиге бир топ тоскоол болот. Мындайча айтканда шайтандар аяал кишиге коп илешчеек болот.
+1
maliwka
2012-03-22 14:50:13
ayal degen sozdu tuura jazgandy bilbegenda adam bolot ekenda ee taalaibek? 3 ele tamga bolot!!!!!!!!! e4 kandai waitany jok ele aidait!!!!!!
+1
yeshim
2012-03-25 23:40:30
tatynakaya
0
Akylbekova_96
2012-03-30 07:51:43
Ийгилик сизге

0
Akylbekova_96
2012-03-31 21:38:25
ишинизге ийгилик


0
nejenka
2012-06-22 16:22:08
Билбейм кандай айдайсыз.Бирок рулда башка адамдардын да омурун коркунучка салбай,машинага отураардын астынан боенсонуз дээр элем.
0
Ruma
2021-02-01 09:52:34
Кичине калпты азыраак жазанар машинанын баасын 35-40 мин $ деп.. Орустун ырчылары эмнеге мактанбайт силер эле мактана бересинер.
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан