НООРУЗ

Кыргыздын чыныгы Жаңы жылы босогодо турган кез. Элибизде эзелтеден Нооруз күнү таарынычы бар адамдар кол кармашып, чын дилден бирин-бири кечиришип, жарашышкан. Бардык араздашуу эски жыл менен кетти деп эсептешкен жана андан кийин аны эч бир көңүлгө алып козгошкон эмес. Нооруз 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан Адамзаттын материалдык эмес, маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

НООРУЗ МАЙРАМЫ
О.Намазбеков

Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,
Мына бүгүн күн менен түн теңелет.
Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,
Жер энебиз бир калыпта термелет.

Баба дыйкан шаймандарын белендеп,
Кошко чыкты кара жерди тилем деп.
Үрөн себет бир Аллага жалынып,
Урпактарга кенен токоч берсе деп.

Караңгыны жарга такап жарыктык,
Мына бүгүн күн абада талыкшып,
Кас-душмандар достошууга кез келди,
Көрө албастык, жек көрүүнү багынтып.

АЛАС, АЛАС...
Кыргыздар «жер жарылып чөп чыкты, желин жарылып сүт чыкты...» деп ураан чакырышкан. Жаңырган жылда эл-журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, Кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып, жалынышкан. Арпадан же буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Бул күнү жаңы кийимдер кийилип, жакшы тилектер айтылып, айлана көрккө бөлөнөт.
Кыргызда эски жыл аяктап, эртең Жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «Жыл ажыратыш» деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп:

«Алас, алас,
Ар балээден калас.
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен.
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун.
Алас, алас»,- деп аласташкан.
Илгери ата-бабаларыбыз Нооруз күнү кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгачкы жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артындагы жоон топ этектериндеги үрөндү чачуу менен элдик ырларды созолонто ырдашкан. Анткени Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жана жаздын майрамы катары белгиленген.

АРПА – АМАНЧЫЛЫК ДАНЫ
Кыргыздар сүмөлөк менен катар Жыл ажыратыш күнүнө карата арпа, буудай же жүгөрү өндүрүп, сокуга түктөп кабыгынан арылтып, акталган данынан чоң көжө жасашчу. Ал табияттын өлбөстүгүн айкындоочу, дүйнөнүн, жашоо-турмуштун гүлдөп-өнүгүшүнүн даамы катары бааланган. Аталган дандардын ичинен өзгөчө арпага басым жасап, баалашкан.
Айрым бир уламыштарга караганда, бир улукман арпа өскөн эгин талаасынын жанынан өтүп баратып арпага коё берилген суу жолго чейин агып жатканын байкайт. Ошондо: «Арпа – аманчылык даны, анын чөбү – жакшы чөп. Арпаны аралап өткөн же андан чыккан суу чарчоону басып, ашказан ооруларын айыктырат. Бул суудан ким ичсе, жаңы жылдын арпа бышыгына чейин ар кандай оорулардан сакталган болот»,- деп айткан экен. Ал эми Мухаммед пайгамбар (С.А.В): «Арпа уну – таңсык даам. Денеңизден кубат кеткен убакта арпа нанын көбүрөөк жеш керек»,- деген.
Нооруз көжөсү акталган арпадан (перловка), кээде акталган буудайдан да жасалат.

ЧОҢ КӨЖӨ
Элибизде «жети санында сый­кырдуу күч бар» деген ишеним бар. Анын сыңарындай, чоң көжө да 7 даамдан жасалуусу кажет. Азыркы убакта көжөгө сабиз, болгар калемпири, картошка, ашкөк жана башкаларды кошушат. Ал эми илгери чоң көжө май, эт, акталган арпа (же буудай), суу, туз, сүзмө жана көктөрдөн жасалчу. Чоң көжөнү айыл аксакалдары үймө-үй кыдырып ичип, ал үйгө ак дилинен баталарын беришкен.

ЖЫЛ АЖЫРАТЫШ КӨЖӨ

Керектелүүчү азыктар (бир порцияга):
1. Акталган арпа (перловка) же буудай – 50 грамм
2. Эт – 200 грамм
3. Суу – 1 литр
4. Пияз, сабиз – 1 даанадан
5. Май (өсүмдүк майы)60 грамм
6. Туз
7. Сүзмө (айран же эзилген курут)

Жасалышы:
1. Алгач акталган арпаны же буудайды өзүнчө бир идишке эртелеп жылуу сууга чылап коюу керек (көөп чыккыча).
2. Акталган майга этти, пиязды, сабизди, тузду салып кууруп алабыз.
3. Үстүнө суу куюлуп, кайнатылат.
4. Акталган арпа салынып, бышканча жай отто кармалат.
5. Даяр болгон көжө чоң чыныларга куюлуп, сүзмө катыкталып дасторконго берилет.
Ушул эле тамакты куурубастан, азыктарды утурлай салып кайнатуу жолу менен да жасоого болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫРГЫЗДЫН КАЙСЫ УЛУТТУК ТАМАГЫН СҮЙҮП ЖЕЙСИЗ?



Жүзүм Ибраимова, үй кожойкеси:
– Өзүм таластык болгондуктан, бала кезимден бери эле гүлчөтайды өзгөчө жакшы көрөм. Бул тамакты балдарыма жумасына 3-4 жолу жасап берем. Негизинен эле камыр тамакка басымдуулук кылат экенмин. Башка суюк тамактарга алымсынбайм.


Максат Кабылбеков, студент:
– Мен бешбармакты жакшы көрөм. Бирок ар бир аймакта ар кандай жасашкандыктан, айырмасы бар. Мисалы, Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде эти көбүрөөк болот. Ал эми Чүй менен Таласта камыры басымдуулук кылат.



Салия Анарбаева, экономист:
– Мен өзгөчө шишкебекти жакшы көрүп жейм. Ал эми кыргыз улуттук ашканасы, албетте, өзүнүн бешбармагы менен белгилүү. Анткени бешбармак куурулбайт жана ар кандай кошулмалар да кошулбайт, жалаң кайнатылып жасалат. Өзү даамдуу, ден соолукка пайдалуу.


Ташбай Сарыбаев, инженер-курулушчу:
– Кыргыздын сый тамагы – беш бармак. Тамакта баары: камыры, шорпосу, эти да бар. Бирок улгайып калган адамдар үчүн бул өтө күчтүү тамак болуп калат. Ал эми өзүм койдун этинен жасалган шорпону жакшы көрөм. Аны күнүгө тажабастан иче берүүгө даярмын.



Айгүл Насырова, мугалим:
– Алайда күрүч, кара мурч менен ныкталып жасалган көжөнү, жөргөм, олобо, ич эттен жасалган тамактарды көп жасайбыз. Аларды өзгөчө жакшы көрүп жейбиз жана майрамдык дасторконго сый тамак катары коёбуз. Дасторконго боорсок, каттама да бир топ көрк берет.


Шералы Маматов, ветеринар:
– Баткенден болгондуктан, шакарап менен ашты өзгөчө жакшы көрөм. Бала кезден бери апамдын катыра баскан ашы мен үчүн эң даамдуу жана эң сүйүктүү тамак. Азыр мен шаарда болгондуктан, эки күндүн биринде атайын ошондой аш саткан ашканага барып жеп турам.



Алтынай Асанова, студент:
– Кыргыз элинин бардык улуттук тамактары даамдуу. Мен сүмөлөктү аябай жакшы көрөм. Нооруз майрамын сүмөлөк менен тосуу зарыл. Кудай буюрса, сүмөлөк жейм деп майрамды күтүп жаткан учурум.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Asus84
2012-03-19 09:43:55
каяктан болсонор да БЕШ БАРМАККА эч нерсе жетпейт !!!
0
Anisaydan
2012-03-19 16:44:50
Asus84, мен сага кошулам
0
esenbay
2012-03-19 12:14:31
Мен Кыргыздын улуттук тамактарын окуп жатып,шилекей бездерим иштеп "Апамдын жапкан нанын сагындым" дегендей озубуздун улуттук тамактары Койдун шорпосу,Беш бармак,Пловдорун сагындым,мен азыр Россияда Санкт Петербург шаарындамын кээде биз дагы палоо жасагандай болобуз бирок АПАМ жасаган палоого окшобойт.
0
Arstan
2012-03-19 18:47:05
Сумолок жегим келди.
0
Bash-alaman
2012-03-19 20:31:21
Нооруз программасы


Кыргызстан Достук жана Маданият коому катары Күчүкчекмеже акимияты, ар жылы жаз мезгили келишинин символуна айланган Нооруз майрамына карата майрамдык программа уюштурууда. Майрамдык кече Кыргыздын улуттук тамак-аштарын татуу менен башталат. Атайын Кыргызстандан келе турган "Ордо Сахна" мызыкалык группа да кечебизге шаң катмакчы.
"Ордо Сахна" Бишкекте Польшанын "Требуне Тутка" фольклордук тобу, Франциянын "OSSIA" квартети, АКШ н
0
Bash-alaman
2012-03-19 20:34:53
Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому алдыдагы келе жаткан Нооруз майрамын жана Кыргызстанды түрк жергесине таанытуу максатында чон даярдыктарды көрүп жатат
0
saulem
2012-03-19 23:21:36
москвада кайсыл жерде сумолок сатат ким билет?
0
nurbek_posol
2012-03-21 11:24:45
ВДНХда болсо керек...
0
Taalaibek
2012-03-21 11:48:48
жөргөм, олобо деген кандай тамак болду экен? Биринчи жолу угуп олтурам.
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан