Таланттуу бийчи Атай Өмүрзаков бул жолу өзүнүн талантын көрсөтүү үчүн эмес, «Тумар КР» деген 3 жигиттен турган бий тобун «Украина таланттарга бай» сынагына катыштырып келди. Буюрса, чет жактагылар «кыргыздар – эң мыкты бийчилер» деп таанып калчудай. Себеби Атайдын окуучулары жарым финалга өткөнүн, эми жеңүүчү болууга да мүмкүнчүлүктөрү бар экенин Атай сүйүнчүлөдү.