Ушул айдын жыйырмаларына жетпей ырчы Мирбек Иманбеков экинчи наристесин бооруна кысып, дагы бир ирет аталык бакытка батат. “Балким, Бурул УЗИге түшкөндүр. Бирок мага наристенин уул же кыз экенин айтышкан жок. Сюрприз болсун деп жатышкан го. А мен уул болот деп күтүп жатам”,- дейт Мирбек. Ким болсо да, келинчегиң аман-эсен көз жарып алсын!