“Миллион доллар таап алсам эмне кылат элем?” деп кээде кыялданып кетет эмеспизби. Биз кыялданган сумманы Гүлжигит Калыков уурдап, кайра жоготуп алса, Элина Абай кызы эжелери менен таап алып, акчаны кандай коротуунун айласын таппай жүрүшүптүр. “Кандайча?” деп кызыгып жатасызбы? Бул тууралуу толук маалыматты “Талас-Бишкек” тасмасынын режиссёру Нурлан Разакулов менен Кубан Тойчубаев биргеликте тарткан “Сулуулар жана миллион” тасмасынан аласыз. Комедия жанрындагы бул фильмде актёр Камчы Сарыбаев, куудул Бакыт Мукул, “тамашоучу” Азамат Исмаилов, Аида Чоткараева өңдүү атактуулар роль жаратышкан. Чет элдик мафиялар жергиликтүү мафия өкүлдөрүнө миллион доллар жөнөтүшкөн эле. Акча өз дарегине жетпей, орто жолдон уурунун ролун жараткан Гүлжигит досу менен тоноп кетет. Бирок миллион ага да буюрбай, Элина менен эжелеринин колуна түшөт. Өтө гумандуу эжекеси полицияга алып барып тапшыралы десе, бирөөсү башканы айтып, кыскасы, көпкө баш катырышат. Жөнөткөн дарегине жетпей, колдон-колго өтүп жүргөн акчанын артынан сая түшкөн Гүлжигит тасманын аягында полиция кызматкери болуп чыгат. «Сулуулар жана миллион» комедиясынын айрым сюжеттери үчүн атайын Германияга барып тартышканын кошумчалады тасманын продюсери Кубан Тойчубаев. Арам акча, мафиянын былык иштери жана чаташкан окуяларды чагылдырган жаштарга арналган заманбап бул фильм көрөрмандарды көңүл кош калтырбасын айтышат тасманын жаратуучулары.