АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (жаңы сериал)

АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ

Шаар өз нугунда ызы-чуу. Жаз күндөрүнүн бири эле. Жаннат аттуу айым өзүнүн кунарсыз күндөрүн акыркы үч айдан бери онкологиялык оорукананын палатасында өткөрүп келет.
– Сиз туура түшүнүңүз, азыр медицина жакшы өнүккөн, толук айыгып кетүүгө аз да болсо шанс бар. Колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Сабыр кылыңыз,- деди да, ак халат кийген, жашы элүүлөр чамасындагы киши палатадан чыгып кетти.
Алсыз жаткан Жаннат бул сөздөрдөн кийин дүйнөсү астын-үстүн болуп кеткендей болду. Жаш келиндин бутунан тарта бетине чейин чымырап чыкты. “Мен өлөт экенмин да. Энелик бакытка балкып, балдарымдын жакшылыгын көрсөм эмне? Эки баламды кимге калтырам? Алар кандай күн көрүшөт? Шордууларым, эми өзүмө окшоп жетим өсүшөт турбайбы...” деген ойлордун кучагында көзүнөн мончок-мончок жашын агызып ыйлап да жатты, сүйлөп да жатты. Аңгыча эшик шарт ачылып:
– Апаа...- деп сырттан Самат менен Айжамал чуркап кирип, апасынын мойнуна асыла кучактап, өпкүлөп киришти. Жаннат жүзүн сүлгү менен аарчып, балдарына эч нерсе билгизбегенге аракет кылды.
– Ким менен келдиңер?
– Атам менен. Атам сага жегенге бир нерсе алам деп дүкөнгө кирип кетти,- деди божурап Айжамал.
– Апа, сен бүгүн шишип калгандайсың, кабагың да түшүп турат. Бирөө бир нерсе дедиби, эмне?- деп апасын айланчыктап уулу Самат турат жанында. Жаннат болсо балдарын акыркы ирет көрүп жаткандай улам-улам бооруна тартып, маңдайынан өөп жатты. Аңгыча сырттан жолдошу Жаныбек кирип келди.
– Оо, биздин сулуу бүгүн негедир башкача. Ким сени капа кылган, айтчы? Азыр барып жазасын колуна берейин,- деп тамашалап, жубайынын кабагын ачууга аракеттенди.
– Кандай, бир аз жылыш барбы?
– Ушунча дарыгердин көзөмөлүндө, ууч-ууч дарылардын жардамы менен күн санап айыгып баратсам керек,- деди да, жашка толуп турган көзүн ары карап бир ирмеп алды.
– Самат, Айжамалды ээрчитип машинага барып отура тургулачы, мен бүгүн өзүмдү бир аз начар сезип турам, атаңар азыр чыгат. Менин берекелерим го. Бара койгула, эртең дагы келесиңер.
Ээрчишкен балдардын артынан эшик жабылар замат Жаныбектин колдорун кыса кармап, шолоктоп ыйлап кирди.
– Эмне болду?
– Жаныбек, бүгүн дагы дарыгерге жалынып жатып абалым жөнүндө сурасам, “колубуздан келген жардамды беребиз, айыгууга шанс аз” деди. Ал “сен болбой калдың” деген эле сөз да. Мен өлөт экенмин. Турмушта эч жакшылык көрбөй кетет экенмин. Балдар эми эмне болот?!
– Коё тур, мен сени түшүнгөн жокмун. Дарыгерлер кандай гана оору болбосун “колубуздан келген жардамыбызды беребиз” деп айта беришет. Сен ага эмне мынча маани берип алгансың? Колумдан келет, мен сени дүйнөнүн кайсы мыкты дарыгери керек болсо ошого алып барам. Сени айыктырып алам. Сага өлгөнгө жол бербеймин. Экөөбүз али Самат менен Айжамалдын төрүндө бата берип отурган карылыкка жетебиз. Экөөбүз жетелешкен бойдон карылыкка жетебиз, мага ишенчи.
– Өлөсүң дегендей эле айтпадыбы. Өзүмдү өзүм алдай бергенде эмне? Чындыкты моюнга алыш керек.
– Өлбөйсүң, сен өзүңө ишенбесең да айыкканча мага ишене турчу, айтып жатам го, мен айыктырып алам. Мага ишен, болду, башка маселенин баары меники, сен бир гана мага жардам иретинде ишенип койсоң болгону. Азыр болсо эч бир жаман ойго жол бербей, жакшы келечек туурасында ойлонуп, тынч эс ал. Мен дарыгерге жолугуп, андан ары жумушка кетем, ансыз да бир аз кечигип калдым көрүнөт. Макулбу?- деп жубайынын жүзүнөн сүйүп коюп чыгып кетти. Палатанын эшиги жабылары менен:
– Акмак десе, акыры айткан экен да, мен андан жалынып сурандым эле. Оорусунун катуу экендигин айтпа дедим эле го,- деп сүйлөнө дарыгердин бөлмөсүн көздөй чуркады. Барып эле дарыгерди жакадан алды.
– Айтпаңыз деп суранбадым беле, ансыз да жансыз жаткан адамды чындап өлтүрүп тынат экенсиңер да!
Врачтын алайган көзүнө көзү урунуп, колу бошой түштү. Шарт бурулуп, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Дарыгердин:
– Ал өзү күн сайын “чындыкты айтыңызчы” деп сурай бергенинен чындыкты айтууга туура келди,- деген сөзүн уккан да жок.
Жаннат болсо жан дүйнөсү астын-үстүн түшүп эле жатып калды. Бирде ойлору жакшылыкка жетелесе, бирде өлүмгө жетелеп туруп алат.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jaigz
2012-03-19 17:27:35
Жакшы чыгарма окшойт, коптон жазгылачы сураныч супер.
0
Bahtin
2012-03-19 23:02:09
Эмне эле чыгармалардын баары эле кайгылу?????
0
look
2012-03-20 09:13:04
Башы эле ушунча кайгылуу экен жашып кеттим...
0
jyldyza0000
2012-03-20 10:03:42
жакшы чыгарма окшойт ,чын эле коптон жазгылачы
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан