ДУБАЛ КАГАЗ ЧАПТООНУ ҮЙРӨНҮП АЛЫҢЫЗ

Дубал кагазды чаптоо оңой жумуш. Бирок өмүрү чаптап көрбөгөн кишиге оор сезилип, ал үчүн атайын колу билген жумушчуларды жалдайт. Жумушчулардын эмгек акысы кымбат болгондуктан, чөнтөктү жакшы эле жукартып коёру белгилүү. Акчаны үнөмдөгүңүз келсе, дубал кагазды чаптоону үйрөнүп алыңыз.

1-КАДАМ
ДУБАЛ КАГАЗДЫ ЧАПТООГО КЕРЕКТҮҮ ШАЙМАНДАРДЫ ДАЯРДАП АЛУУ:

  • Шпатель – дубал кагазды чаптоонун алдында дубалдын бетин тазалоо үчүн.
  • Валик (резинадан жасалганы) – дубал кагаздын бириккен жерлерин бекемдеп чаптоо үчүн.
  • Щётка – клейлөөгө.
  • Метр, карандаш – өлчөгөнгө, белгилегенге.
  • Кайчы, бычак – кескенге.
  • Салмоор (отвес) – дубал кагазды тигинен түз чаптоо үчүн колдонулат.
  • Чака – дубал кагазынын клейин даярдаганга.
  • Губка – дубал кагаздагы чаптаганда ашып кеткен клейди тазалоо үчүн.

2-КАДАМ
ДУБАЛДЫ ДАЯРДОО ИШТЕРИ:
Эгер дубалга мурда дубал кагаз чапталган болсо, аны жеңил сыйруу үчүн:

  • Биринчиден, электр тогун өчүрүү зарыл. Андан соң гана ишти баштаңыз.
  • Самын сууга дубал кагазынын клейин аралаштырып дубалдын бетине чачып, сиңгенче күтө туруңуз. Дубал клейин кошуунун себеби дубалдагы дубал кагазга чачылган самын суусу агып кетпей, жакшы сиңишине жардам берет. Андан соң шпатель менен сыйрууга киришиңиз.
  • Ал эми калың жана жууганга боло турган дубал кагазына самыны бар аралашманы чачуудан мурда анын бетин бычак менен ар кайсы жеринен тилип коюу зарыл. Бул аралашманын тез сиңишине жардам берет.
  • Эгер эски дубал кагаз толугу менен сыйрылбай жатса, кыйналып кыра бербестен, аралашмадан дагы бир жолу чачып нымдап алган оң.
  • Ал эми такыр эле чыкпай жаткан бөлүк болсо, ал жерге ным чүпүрөктү коюп, үстүнөн ысык үтүк менен басып турсаңыз, сөзсүз жардам берет.
  • Эки катмарлуу, жууганга боло турган дубал кагаз чапталган болсо, анын сырткы катмарын сыйрып, ички катмарын калтыруу керек. Сырткы катмарын оңой сыйруу үчүн горизонталдык түрдө ар кайсы жеринен тилип алсаңыз жеңил болот. Дубалда калган ички катмары жаңы чаптала турган дубал кагаздын жакшы чапталуусуна шарт түзөт.

Эгер дубал мурда сыр менен сырдалган болсо:
Биринчиден, дубалдагы сырдын бекемдигин аныктап алуу керек. Бул үчүн скотчту (жазысы жарайт) дубалга чаптап, кайра дароо сыйруу керек. Эгер дубалдагы сыр скотчко чапталып кошо сыйрылса, анда сырды толугу менен кырып чыгуу талап кылынат. Ал эми дубалдагы сыр сыйрылбаса, анда кум кагаз менен дубалды бир сыйра жылмалап тазалап, кээ бир сыры түшүп, оюлуп калган жерлерди шпаклёвка менен толтуруп, түздөп алып, дубал кагазды чаптай берсе болот.

Негизги эреже:

  • Дубал кагазын чаптоодогу негизги эреже катары – дубалдын түз, таза, кургак, оюк-тешиги жок жана сырткы шыбагы бекем болушу саналат.
  • Эгерде дубал жаңы шыбалган болсо, анын толук кургаганын билүү үчүн дубалга полиэтилен плёнканы скотч менен чаптап, 10-12 саатка чейин күтүңүз. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин полиэтилен плёнка бууланып калган болсо, анда толук кургай электигинен кабар берет.

3-КАДАМ
КАНЧА ДУБАЛ КАГАЗ КЕРЕКТЕЛЕРИН ЭСЕПТЕП АЛУУ:
Ашыкча чыгым болуп же жетпей калып базарды көздөй кайра чуркап убара болбош үчүн канча дубал кагазы жана аны чаптоо үчүн канча өлчөмдөгү клей талап кылынарын алдын ала эсептеп алуу зарыл.

Дубал кагаз:
Дубал кагаз түрмөк түрүндө даярдалат. Анын туурасы 0,51 сантиметрден жогору жана узундугу 10 метрден өйдө болот. Мында алгач үйдүн периметрин (жалпы узундугу) тактап алуу керек. Мисалы, узуну 4 метр, туурасы 3 метр жана бийиктиги 3 метр болгон бөлмөнү алалы. Ошондой эле бийиктиги 2 метр, туурасы 0,9 метр келген бир эшик жана бийиктиги 1,8 метр, туурасы 1,2 метр болгон бир терезе жана алардын каптал бөлүктөрү 0,2 метр болсун.
Бөлмөнүн периметри: (3+4) х 2 = 14 метр. Буга терезе жана эшиктин каптал бөлүктөрүн кошобуз. Ошондо 14 метрге дагы 0,8 метр кошулат да, бөлмөнүн жалпы периметри 14,8 метр түзүп калат.
Мындан эшик жана терезе тешигин кемитебиз. 14,8 – (0,9+1,2)= 12,7 метр бөлмөнүн дубал кагаз чаптала турган негизги бөлүгү (ал эми эшик, терезенин үстүңкү жана астыңкы бөлүгүнө өзүнчө эсептеп алган оң).
Эми дубал кагаздын туурасы 0,51 метр болгондуктан, жогорудагы бөлмөгө канча катар дубал кагаз талап кылынат. Мында дубалдын периметрин дубал кагаздын туурасына бөлүү керек. Ошондо 12,7 метрди 0,51 метрге бөлсөк 24,9 катар чыгат (муну 25 катар деп тегеректеп алуу керек).
Ал эми бир түрмөктөгү дубал кагаз канча катарга жетерин эсептөө үчүн дубалдын бийиктигине дагы 10 сантиметр кошобуз. Анткени дубал кагазга клей сыйпалганда бир аз тартыла түшкөндүктөн, анын көлөмү кичирейип кетет да белгиленген көлөмгө жетпей калат. Бул 10 сантиметр ушул коркунучту азайтуу үчүн зарыл. Ошондо дубалдын бийиктигин 3,1 метр деп белгилеп алабыз. Эми дубал кагаздын узундугун дубалдын бийиктигине бөлсөк, бир түрмөктөгү дубал кагаз канча бөлүккө жетери келип чыгат. 10 метрди 3,1 метрге бөлсөк = 3,22 бир түрмөктөн ушунча бөлүк чыгат.
Канча түрмөк керектелерин билүү үчүн 25 катарды түрмөктөгү бөлүктөргө бөлөбүз. 25 х 3,22 = 7,76. Муну тегеректеп алсак, жогорудагы бөлмөнүн негизги бөлүгүнө 8 түрмк дубал кагаз талап кылынат.
Ал эми эшик менен терезенин астыңкы жана үстүңкү бөлүгүнө өзүнчө бир түрмөк керектелет. Жалпы алганда жогорудагы бөлмөгө 9 түрмөк дубал кагаз керек.

Клей:
Дубал кагазды эсептеп алган соң канча көлөмдөгү клей керектелерин дубалдын чарчы метри менен эсептейбиз. Дубалдын жалпы периметрин анын бийиктигине көбөйтөбүз. 14,8 метрди 3 метрге көбөйтсөк, 44,4 чарчы метр болот. Эми бөлмөнүн бул жалпы аянтынан эшик менен терезенин аянтын кемитебиз. Эшик менен терезенин аянты биригип 3,96 чарчы аянтты түзөт. 44,4 – 3,96= 40,44. Бул клей сарпталуучу аянт. Бир куту дубал кагазын чаптай турган клей канча чарчы метр аянтка жетери сыртында көрсөтүлгөн.

4-КАДАМ
ДУБАЛ КАГАЗДЫ КЕСҮҮ:
Дубал кагазды кесүүдө анын бетиндеги оймо-чиймесине жараша болот. Эгер сүрөтү жок бир түстө болсо, кесүүдө кыйынчылык жаратпайт. Ал эми оймо-чиймеси барларын түз жерге жазып алып, анан кесүү талап кылынат. Себеби биринчи катардагы оймо-чийме экинчи катар менен дал келиши керек. Ошондой эле жогоруда айтылгандай, дубалдын бийиктигинен дагы 10 сантиметр ашык кесүү керектигин унутпаңыз.

5-кадам
Клей сыйпоо:
Алгач дубал кагазды түз жерге жазып алып, анын бетине щётка менен клей сыйпалат. Клей тегиз сыйпалышы үчүн щётканы бир гана багытта шилтөө зарыл. Толук клейлеп бүткөн соң дубал кагазга клейдин сиңиши үчүн 5 мүнөткө чейин дубалга чаптабай туруу зарыл. Эгер дубал кагаз калың болсо, 10 мүнөткө чейин күтүү керек.

Эгер дубал кагаздын жууганга боло турганын тандаган болсоңуз, аны чаптоодо, тескерисинче, дубалга клей сыйпап, андан соң дубал кагазды чаптоо сунушталат.

6-КАДАМ
ЧАПТОО:
Дубал кагазды чаптоочулардын жазылбаган мыйзамы боюнча, дубал кагазды чаптоо терезе тараптан башталат.

Биринчи катарды чаптоону баштаганда түз болушу үчүн алгач салмоорду (отвес) асып алуу зарыл.

Эми дубал кагазды жогорудан ылдыйды көздөй чаптап, дубал менен дубал кагаздын ортосунда аба калып калбаш үчүн улам валик менен борбордук бөлүгүнөн четин карай сүртүп туруу керек.

Шыпка жана полго жеткен чегиндеги ашык бөлүгүн түздөп кесип салуу керек. Аны шпатель менен бурчка бекем такап, үстүнөн бычак менен кесип салыңыз.

Эгер дубал кагаз жука болсо, аны катарлаш чапталган бөлүктүн үстүнө бириктирип чаптап, валик менен катуу басып коюңуз. Ал эми калың болсо, бири-бирине катарлаш жылчык калбагандай чаптаңыз.
Ошондой эле дубал кагаз чапталгандан кийин клей четинен бир аз ашып калат. Аны губка менен дароо тазалап турууну эсиңизден чыгарбаңыз.

ДУБАЛ КАГАЗ ТАНДООДО...

  • Уктоочу бөлмөлөргө кадимки дубал кагазын тандаңыз. Бул бөлмөнүн дубалдарынын аба алмашуусуна, мындайча айтканда, дем алуусуна тоскоолдук жаратпайт.
  • Ашканага, кире беришке сууга чыдамдуу, жууганга жарай турган дубал кагазы жакшы.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан