ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги жана телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

  АТАМДЫ ТАПТЫМ!
– Гезиттин №485-санында “Издейм сени” рубрикасына атамды издеп кайрылган элем. Өмүрү жүзүн көрбөгөн атам Жолдош Борукчиевди издеп жүргөм. Сиздер аркылуу таап алганыма абдан кубанычтамын. Бойго жетип, жашоону түшүнүп, болгон чындыкты билген соң атам менен табышып, сиздерге чын дилимен рахмат айткым келди. Силердин гезит чыгары менен атамдын достору чалышты. Кийин жеңеси, анан өзү да чалды. Көрсө, атам менин төрөлгөнүмдү, мендей уулу бар экенин билген да эмес экен. Ушунчалык толкундандык. Атам учурда Бишкек шаарында жашайт экен, а мен Ош шаарында окуйм. Кудай буюрса, жакында экөөбүз көрүшөбүз. Атам менен табыштырган “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайм.
Силерге чексиз ыраазымын деп Аскар

 КЫЗЫМ, ДАЙЫНЫҢДЫ БИЛДИР
– Мен, Усенов Шамбай, 1979-жылы 10-мартта Кадамжайда туулган кызым Усенова Аида Шамбаевнаны издеп келем. Ал Ош шаарындагы Эл аралык университеттин юридикалык бөлүмүн аяктаган. 2000-жылы шаарга жумушка орношом деп кеткен бойдон белгисиз. Беш жыл өткөн соң айылга кутучага оролгон белектер келген. Анын ичинде мага арналган көйнөк жана апасына арналган белек бар экен. Кагаздын сыртында болгону “Сокулук району” деген жазуу бар болчу. Менин жалгыз эле кызым болгондуктан, андан башка жибере турган адамыбыз жок болчу. Ошондон бери биздин үмүтүбүз күч алып, кабарын билсек дейбиз.
Кызым, биз алдан-күчтөн тайып калдык, апаң экөөбүзгө дайыныңды билдирип кой, апаң оорукчан болуп калган. Сени бир көрүп, санаабыз тынса дейм.
Атаң Шамбай, апаң Гүлсара
Тел.: 0556 01-26-48, 0772 14-16-35

КУРБУЛАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ
– Мен, Анаркан Осмонова, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынан болом. Учурда Пермь шаарында жашайм. Сиздерге кайрылганымдын себеби 1983-1985-жылдары Бишкек (Фрунзе) шаарындагы ФФЭТтин (бух.учёт бөлүмүндөгү) “з” тайпасында окуган группалаштарымды издейм. Алар: 1963-жылы Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган Жумабаева Шырман, Пограничный көчөсүндө жашачу. Абдрахман аттуу иниси жана Шааркан аттуу сиңдиси бар. Ошондой эле 1964-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган Койлубаева Рахиманы жана 1966-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Боз-Учук айылында туулган Исмаилова Бермет Жумагазиевнаны издейм. Курбуларым, дайыныңарды билдиргиле деп Анаркан.
Тел.: +79655736875

ЖАЗМИНА, КАЙДАСЫҢ?
– Мен 1987-жылкы Жазмина аттуу кызды издеп келем. Бул кыз менен 2007-жылы “Самира” кафесинде таанышкан элем. Экөөбүз дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Көп өтпөй мен аскерге кетип, байланыш үзүлүп калды. 2009-жылы аскерден келген соң филармониянын жанынан жолугуп калганбыз. Ортодон телефонумду жоготуп ийип, байланыш түп-тамыры менен үзүлүп калды. Жазмина, мен сенин Чаектен экениңди гана билем. Эгер гезиттеги кабарымды окусаң, мага байланышка чык. Сени менен баарлашып, достугубузду уланткым келет.
Роман Асанканов
Тел.: 0773 59-60-10

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан