Кыштын ызгаарынан жаңы эле кутулуп, күн нуруна жылына баштаган кез. Бул мезгилде күн узарып, табит жашылча-жемишке тартат эмеспи. Мындай көрүнүшкө организмдеги витаминдердин жетишсиздиги себепкер болот. Бул маселени чечүүдө жазгы жашылчалардын эң алгачкысы – чамгыр жардамга келе алат.
ТАРЫХЫНАН
Чамгыр – латынчадан "radix" – "тамыр" дегенди түшүндүрөт. Өңү кызыл, сары, күлгүн жана сыя түстө болушу мүмкүн. Европа, кытай жана япон сорттору кездешип келет. Эң эле биринчи бышкан жашылча болгондуктан, ал жазгы жашылча же улуу жашылча деп аталып келет.
ХII кылымдын аягында белгилүү саякатчы Марко Поло Кытайдан Венецияга кайтып келатып чамгыр ала келген деп айтылат. Ошондон кийин жашылчанын бул түрү Европага, кийинчерээк бүткүл дүйнө жүзүнө тараган. Орусияга башка түркүн өсүмдүктөр сыяктуу эле чамгырды да Пётр I алып келген. Кыргызстанда чамгыр өткөн кылымдан тартып кеңири колдонула баштаган.
ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Чамгырдын кайнатмасы жаш балдардын жөтөлүнө даба боло алат.
Ширеси ар кандай жараларга жана ашказан жарасын дарылоодо колдонулат.
Чамгыр көптөгөн витаминдерге (С, В1, В2, РР) жана минералдарга бай.
Калий – эске тутууну жакшыртат.
Кальций – сөөктү бекемдейт.
Натрий – бөйрөктүн иштешин көзөмөлдөйт.
Магний – булчуңдардын иштешине көмөк көрсөтөт.
Фосфор – нерв системине пайдалуу.
Темир – гемопоэз процессин (кандын жаңылануусун) ишке ашырат.
Андан тышкары адамдын организминдеги зат алмашууну жөнгө салат жана арыктоого жардам берет. Организмге жетишсиз йодду камсыздоо менен бирге табит ачуу касиетине да ээ.
КОСМЕТИКАДА
Витаминдүү маска
Бир баш чамгырды аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, ага 1 чай кашык зайтун майын жана 1 чай кашык крахмал кошуп аралаштыруу керек. Даяр болгон масканы бетиңизге жаап, 5-10 мүнөт кармоо абзел. Андан көпкө кармасаңыз, бетиңиз ачышып кетиши толук мүмкүн.
КЫЗЫКТУУ
Кичинекей Кристина Орбакайте дачасында өскөн чамгырларды базарга алып барып саткандыгы үчүн апасынан токмок жеген.
Байыркы Грецияда чамгырды Аполлон Кудайына сыйынуу учурунда жешкен.
Чамгыр Эл аралык космостук станцияда изилдөө максатында тигилген өсүмдүктөрдүн бири.
АШКАНАДА
"Жаз" коктейли
Чамгырды, анын жаш жалбырактарын, көк пиязды, укропту майда туурап, айранга аралаштырып суусундук катары ичүүгө болот.
Чамгырдан бутерброд
Сүргүчтөн бирдей өлчөмдө чамгыр, сыр, сууга бышкан жумуртканы өткөрүп, ага каймак жана укропту кошуп аралаштырып туруп нанга сүйкөп жесеңиз, эң сонун!
МАРИНАДДАЛГАН ЧАМГЫР
Керектелүүчү азыктар:
ЖАСОО ЫКМАСЫ
1. Идишке уксус, туз, кумшекерди аралаштырып маринад даярдап алабыз.
2. Чамгырды тегерекче кылып туурап алгандан кийин үстүнө маринадды куюп, жарым саат тыныктыруу керек.
Даяр болгон чамгыр маринадын эттен жасалган тамак менен дасторконго берүү сунушталат.
КОЖОЙКЕГЕ КЕП-КЕҢЕШ
Эки жалбырактуу кичирээк чамгыр менен салатыңызды кооздоп койсоңуз, жакшы көрк берет.
Чамгырды ачуу даамынан арылтыш үчүн кабыгын аарчып, муздак сууга бир нече ирет чайкап коюңуз.
Целлофан баштыкка салып муздаткычта сактоо менен чамгырды эрте соолуудан сактай аласыз.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg