ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-марттан 1-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында үйүңүздөгү оңдоп-түзөө иштери менен алектенесиз. Жылдыздар сизге электр жабдыктарын колдонууда этият болууну эскертишет. Бейшембиде ортомчулук кылып бирөөлөрдүн ишин бүтүрүп, капчыгыңыз да кампаят. Жума күнү эски таанышыңыз менен жолугушуу күтүлүүдө. Апта соңунда түгөйүңүздү таарынтып албайын десеңиз, чакырган жерлерден баш тартканыңыз оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул аптада ишиңиздеги кыйынчылыктарды жеңүү үчүн болгон күчүңүздү жумшасаңыз, ийгиликке жетесиз. Шаршембиде үйүңүзгө конок келиши күтүлүүдө. Букачар бойдоктор бул аптада болочоктогу түгөйү менен таанышып калышы мүмкүн. Жума – ден соолугуңузга кооптуу күн. Андыктан көчөдө жүргөндө сак болуңуз. Үй иштеринин көптүгүнөн апта соңунда чарчап, суй жыгыласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичинде жеке жашооңузда жана жумушуңузда өзгөрүүлөр болмокчу. Шейшембиде чырдуу маселеге арачы болбой эле коюңуз. Антпесе сиз дагы чатактын күнөөкөрү катары саналып калышыңыз мүмкүн. Шаршембиде жана бейшембиде көчөдө жүрүүдө жол эрежелерин сактап, этият болуңуз. Шашылыш чечим кабыл албаңыз, арты өкүнүч менен аякташы ыктымал. Апта соңунда акча тартыштыгы көңүлүңүздү чөгөрөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымында башкалар менен кеңешип иш кылуу сизге жакшы жыйынтык алып келет. Шаршембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, пайдаланып калыңыз. Жума күнү жеке жашооңузда чоң бурулуш болушу ыктымал. Акылга таянып кадам таштоо зарыл. Апта соңу көптөн күткөн бир тилегиңиз орундалып, сүйүнөрүңүздү билдирет жылдыздар.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул апта ичинде жумушуңузга байланыштуу шашылыш чечим чыгарбаңыз. Жыйынтыгы сиз каалагандай болсун десеңиз, башкалар менен кеңешип иш кылыңыз. Бейшембиде жаңы адамдардын чөйрөсүндө таанышуу күтүлүүдө. Жума күнү акча, документ жана баалуу буюмдарыңызды жоготуп алуудан сак болуңуз. Аптанын аягында ийгиликке жетелей турган сүйүнүчтүү кабар угасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын биринчи жарымында чырдуу маселелерге туш болосуз. Шаршембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга кимдир бирөө иш сунуштаса, баш тартканыңыз оң. Ал иштин жыйынтыгы чыр-чатакка айланышы ыктымал. Жума – ден соолугуңузга кооптуу күн, абайлаңыз. Аптанын соңунда жагымдуу жолугушуулар күтөт дешет жылдыздар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерди чечүүгө ылайыктуу апта. Бул аптада ийгиликтерди жаратып, тааныштарыңыздын арасында баркыңыз көтөрүлмөкчү. Шаршембиде кошумча акча табууга шарт түзүлөт, мүмкүнчүлүктү коё бербеңиз. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү капчыгыңыз жукарышы мүмкүн. Апта соңунда ден соолугуңузга кам көрүп, үйдө эс алганыңыз оң.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында үйүңүзгө керектүү буюм сатып алууга убакыт бөлүп, үй жумуштары менен алек болосуз. Шаршембиде иштериңизде тоскоолдуктар жаралып, көңүлүңүз чөгөт. Жума күнү апта бою жаралган кыйынчылыктардан кутулуп, жеңилдей түшөсүз. Апта соңунда жакындарыңыз менен бирге конокко барышыңыз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада өзүңүздүн ички туюмуңуз менен иш кылсаңыз, адашпайсыз. Сөзүңүзгө маани берип сүйлөбөсөңүз, тааныштарыңызга катуу тийип калышы мүмкүн. Шейшембиде кандай иш болбосун билек түрө киришиңиз, жакшы жыйынтыктарга ээ болосуз. Жума күнү кыймылсыз мүлккө байланышкан иш сиздин пайдаңызга чечилет. Апта соңунда алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болушуңуз керек.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта сиз үчүн кыйынчылыктарды жаратат. Бирок талыкпаган аракет менен баарын жеңүүгө болот. Шейшембиде бейтааныш адам менен чырдашып кетүүгө жол бербеңиз. Шаршембиде мизи курч буюмдарды колдонууда этият болуңуз. Текечерлер үчүн жума күнү жолдо жүрүү кооптуу дешет жылдыздар. Апта соңунда алыскы туугандарга сапар алышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын биринчи күнү иш баштасаңыз, иш билгилер менен кеңешип алганыңыз оң. Болбосо жакшы жыйынтыкка ээ боло албай убара тартасыз. Шаршембиде сүйүү жаатындагы сезимдерге бөлөнүшүңүз мүмкүн. Бейшембиде жеке жашооңузда чоң өзгөрүүлөргө туш болосуз. Апта соңу досторуңуз менен көңүл ачуу үчүн эс алуучу жайлардын бирине баш багасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында жумушуңузда активдүүлүгүңүздү көрсөтсөңүз, эмгегиңиз жетекчилик тарабынан көз жаздымда калбай, мактоолорго татыйсыз. Түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөн жаралган майда чыр чоң маселеге айланышы мүмкүн. Андыктан сабырдуулук керек. Ишембиде ден соолугуңуз кескин түрдө начарлап кетиши мүмкүн, маселелерге нервиңизди корото бербей өзүңүздү да ойлой жүрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан