СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙ АДАМДЫН ЖҮРӨГҮНДӨ

Ар бир инсандын алдындагы оор тапшырма – адам болуу. Бүгүн эле эмес, эртең, бир айдан кийин, өмүр бою.
Менин сыйынуучу жайым ар дайым мени менен. Ал менин жүрөгүмдө, башкача айтканда, мен чиркөө издеп убара болбойм.
Чыңгыз Айтматов

Ата-эненин буйругунан баш тартканча, кечирилгис 100 күнөө жасап, 100 душман арттырганым оң.
Шаарлардын капкасын жаап салышың мүмкүн, миңдеген адамдардын жанын кыйышың мүмкүн. Бирок ошолордун эсинде миңдеген жылдар бою калуу колуңдан келеби?
Захиреддин Мухаммед Бабур

Мени сүй, бирок үстөмдүк кылбастан. Жашооңду мага кош, бирок жашоомду толук боюнча ээлеп алам дебе. Сүйүүмдү талап кыл, бирок күч колдонбо. Мына ушундай сүйүүнү гана мен сүйүү деп билем.
Антуан де Сент-Экзюпери

Мен тарткан тасмалардагы сыйкыр режиссёрдун акылынан эмес, актёрлордун жүрөгүнөн жаралганын моюнума алуум керек. Эгерде аларда чындап эле сыйкыр бар болсо.
Жеймс Кэмерон

Ийгилик бул – сенин бир топ тепкичти багындырганың, ал эми бакыт – ошол тепкичте туруп өзүңдүн эч өзгөрүлбөгөнүңдү сезүү.
Одри Хепбёрн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан