АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ (жаңы сериал)

(Башы өткөн саныбызда)

Жаннаттын курбусу Тумардын жашы 35ке барып калганы менен, али турмушка чыга элек. Кесиби боюнча юрист. Бирок көр тириликтин айынан дипломун колго алгандан бери өз кесиби боюнча иштеген жок. Шаарыбыздагы чоң базарлардын биринде контейнери бар, өз турмушуна тың айымдардын бири эле. Өтө сулуу болбосо да, жылдыздуу жан. Бүгүн ишин эртерээк жыйыштырып үйгө кайтууну чечти. Анткени айылдан апасы келмек эле. Базардан керектүү азыктарын алып, жаңы эле машинасына отурганда телефону чырылдап калды.
– Алло...
– Алло, Тумар, кандайсың? Бул мен, Жаннат.
– Оо, кайдан?
– Бул жактан эле...
– Эч күткөн эмес элем, кандай жүрөсүң, көптөн бери кабарың да жок?..
– Тумар, ал-акыбалыбыз туурасында жолугушуп сүйлөшпөйлүбү. Сенде бир сөздөрүм бар эле.
– Болуптур, качан?
– Азыр келе калчы. Мен шаардагы онкологиялык ооруканадамын.
– Эмне?!
– Ушундай болуп калды. 6 айдан бери бул жакта дарыланып жатам. Сенин жардамыңа муктаж болуп турам.
– Макул, Жаннат, мына баратам.
Шаар аралай баратып миң түркүн ойго чөмүлдү. Көз алдына Жаннат экөөнүн эгиз козудай ээрчишкен студенттик күндөрү тартылды. Ал кезде бул эки курбудан өткөн бактылуу жан жок болчу. Бир күнү Жаннаттын жатаканадагы бөлмөсүндө вахтёршадан жашынып жатышса, бир күнү Тумардын байкесинин үйүндө чогуу болушчу. Жаннат 5 жашка чыкканда ата-энеси автокырсыктан каза болуп, жетим өскөн. Ошол себептен Тумардын байкелери да ага өз карындашындай мамиле кылышар эле. Кээде Тумарга кийимге деп акча бергенде Жаннатка да берип, анын көңүлүн көтөрүп коюшчу. Кийин окууларын бүткөн соң Жаннат турмушка чыгып, Тумар өз иштери менен алектенип, айтор, аралары алыстап кеткен. Ойлор чубалып, бирде көз алдына Жаннаттын сулуу, жылмайган жүзү тартылса, “онкологиядамын” дегенинен бирде оорудан кубарган келбети тартылат. Ооруканага жетип, курбусу айткан палатага шашып жөнөдү.
Буйдалбай кирип барып Жаннаттын жүдөгөн, бозоргон кебетесин көрүп, көздөрүнөн мончок жаш томолоно ортодо туруп калды. Эки курбу кучакташкан бойдон бир топко чейин ыйлап алышты. Тумар ичинен “алда байкушум, ай, кебетеңе караганда ооруң катуу көрүнөт. Кудай шыпаасын бере көр” деп тиленсе, Жаннат да ичинен курбусуна үмүт артып “менин жашоомду эми сен улантсаң экен” деп жатты. Бир маалда гана Жаннат үн катты:
– Тумар, иштин жайын көрүп турасың. Врачтар дагы “айыгарыңа үмүт аз, диагнозуң – көкүрөк рагы” деп айтышты.
– Андай дебечи. Экөөбүз туулган күнүңдө дискотекага барып, аябай бийлеген күндү эстесең. Жетимиш жашка чыкканда да дискотекага барабыз дебедик беле. Сөзүңө тур, курбум.
– Чындыкты моюнга алыш керек. Тагдырдын бизге эмне белек камдап турганын алдын ала биле албайт турбайбызбы. Баары биз айткандай болсо кана?!
Курбулар кобурашып көпкө отурушту. Акыры Жаннат чакырган себебин түшүндүрүп кеп баштады.
– Сени чакыргандыгымдын да себеби бар. Билесиң, менин бир туугандарымдын, ата-энемдин жок экендигин. Бул дүйнөдө сенден башка ишенер эч кимим жок. Балдарым жаш. Жаныбек башкага үйлөнүп, Самат менен Айжамал өгөй эненин колунда өсөт дегенди ойлосом, тирүү туруп өлүкмүн. Ичим жалындап чыгат. Кыскасы, менин балдарыма сен гана татыктуу эне боло аласың деп чечтим. Мүнөзүбүз да көп жагынан окшош. Анын үстүнө сенин, сенин...- деп Жаннат бир аз мукактана түштү.
– Кептин ачыгын айтканда, сенин да Жаныбекти жактырарыңды билчүмүн,- деп токтоп калды.
Тумарга бул сөз күтүүсүз болду. Ал кезде курбусуна өз сезимдерин көргөзбөгөнгө, сездирбегенге тырышчу.
– Эмн-не?..
– Ооба, баарын билчүмүн. Бирок Жаныбекти мен да чындап сүйгөм. Ошол себептен сенин сүйүүңдү көздөрүңдөн окуп, билип турсам да көрмөксөнгө салдым. Билбеген адам катары аны менен болгон мамилемди күн сайын сага айтып келип, сенин сүйүүңдү өчүрүүгө аракеттендим. Акыры биз үй-бүлө курдук. Ошондо да Жаныбекти сенден кызганып, экөөбүздүн ортобуздагы мамилени алысыраак кармоону туура көрдүм. Мунум үчүн, албетте, кечирим сурайм. Эми минтип сага күнүм түшүп отурат.
Тумар бул сөздөрдү укканда эмне деп айтарын билбей бир топко чейин ойлонуп калды.
– Сен айыгасың. Күнү бүтүп бараткан адамдын сөзүн сүйлөбөчү,- дегенден башка эч нерсе дей алган жок.
Экөө бул маселени талкууга алып көпкө отурушту. Акыры курбусу кетип баратканда Жаннат жаш алган көздөрүн жалдыратып:
– Менин акыркы суранычым болсун. Сунушумду четке кага көрбө. Жаныбектин сүйүктүү жары, балдарымдын мээримдүү энеси бол. Бул менин сага калтырган аманатым болсун,- деген сөздөрү менен узатып кала берди.
Тагдырдан мындай бурулуш, ачуу сюрприз күтпөгөн. Ойго батканы ушунчалык, үйүнө жетип, экинчи кабатка көтөрүлө бергенде эшиктин жанында баштыктарын кармап отурган апасын көрүп өзүнө келди.
– Апа...- деп бир азга дендароо туруп калды. Бүгүн айылдан апасы келмек эмес беле...
– Кайда жүрөсүң? “Үйдө болом” дебеди беле деп сарсанаа боло баштагам. Кагылайын карегим менин,- деп кагылып апасы Тумардын маңдайынан сүйүп, экөө ээрчишип үйгө киришти.
Энеси менен кызы ал-жайды сурашып, айыл-апаны түгөлдөшө бир убакка чейин сүйлөшүп отурушту. Анткен менен кызынын каректеринде бир чечилбеген маселе бар экендигин, жүрөгү бир нерсеге кооптонуп тургандыгын кайсы эне байкабасын? Байкады.
– Сага эмне болгон, мурдагыдай эмессиң. Көңүлүң да чөгүңкү?
– Эч нерсе, апа, жөн эле чарчагандыкы болсо керек,- деп тим болду.
Ошол түнү курбусунун сунушун ойлонуп Тумар кирпик каккан жок. “Мен деле жаш эмесмин. Акыры турмушка чыгышым керек. Мен дагы элге окшоп үй-бүлө курушум керек. Бирок бир тууганымдай болуп калган курбумдун жолдошуна кантип? Анын балдарына кантип эне болом? Жок деш да оор. Акыркы аманатым деп жатса... Ооба дегенден да корком. Жаныбекти мен да бир кезде катуу сүйүп, аны идеал тутуп алгам. Ошонун айынан башка эч кимге көңүл чаппай, ушул күнгө чейин турмушка чыкпай жүрөм. Эмне кылсам?” Мындай суроо түнү менен Тумардын башына миң келип, миң кетти. Бирок бир чечимге келе алган жок.
Жаннат дагы ал түнү уктабастан өз алдынча пландарды түзүп, үй-бүлөсүнүн келечегин Тумар менен бекем байланыштырып жатты. Өз оюнда “Тумарды чочутуп алдым көрүнөт. Ага ойлонууга убакыт берип, телефон да чалбай турушум керек” деген чечимге келди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Asiyo
2012-03-26 23:19:31
Ай иий кызык экен.Ушул сериялды окуйм деп дагы 1-кунду кутмой башталат экен да?Тумар кандай чечим чыгараар экен эми?..
0
antivir
2012-03-28 08:17:04
Asiyo, давай эле дейт
0
kg_777
2012-03-27 10:12:32
дааа...чын эле кызык экен...кийинки серияны чыдамсыздык менен кутом
0
janym00
2012-03-28 00:10:44
ooba kyzyktuuu eken ayagyna chyguu kerek
0
orbitka
2012-03-30 09:43:18
Кызыык.... эмне деп чечим чыгарат болду экен...
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан