ЭНЕ ТУРУП 9 ЖАШАР БАЛАНЫН ӨМҮРҮН КЫЙЫШТЫ

Жакында Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушунда уккан адамдын үрөйүн учурган кылмыш иши катталды. Акча үчүн 9 жашар баланы муунтуп өлтүрүшүптүр. Болгондо да аялдар. Бул жорукка кантип колу барды? Жок дегенде өз баласын ойлоп колу титиребеди бекен, чиркин?!

БОЛГОН КҮНӨӨСҮ – КЫЛМЫШ ҮСТҮНӨН ЧЫККАНЫ
Тергөө версиясы боюнча, окуя төмөндөгүдөй болгон. Эрландын ата-энеси Мадыш менен Мээрим бардык эле жаш үй-бүлөлөрдөй батирлеп жашашчу. Эрлан Көлмө жаңы конушунда жайгашкан мектепте окугандыктан, ошол аймактан батир издешкен. Ошентип, Шайлоо аттуу айымдын үйүнө көчүп келишип, алдын ала эки айга батирдин акчасын төлөшкөн. Анткени ал “мен айылга кетем, силер өзүңөр эле жашайсыңар” дейт. Бирок акчаны алгандан кийин кожойке башкача чечимге келген белем, кеткиси келбей калат.
Коңшуларынын айтымында, Шайлоо эки-үч жолу турмушка чыккан экен. Эки баласын айылдагы туугандарына бактырып, өзү 1 жаштагы уулу менен шаарда жашачу. Өзү эч жерде иштебей туруп бала багуучу жалдаганы кызык. Эки ай мурун "Ош базарындагы" радиотүйүндөн "айына 3000 сом төлөп берем" деп бала бактырганга Жайна аттуу келинди таап келет. Бирок ага да айлыгын бербей келген.
Каргашалуу күнү Шайлоо менен Жайна квартиранттарынын акчасын уурдамакчы болушат (анткени үй ээлери "үйгө көз салып тургула, акча бар" деп суранышкан экен). Ата-энеси жумушка кетип, өзү мектепке барганга даярданып жаткан Эрланды “сен бирдик салып келе койчу” деп күркөгө жөнөтүшөт да, ал чыгып кетери менен сандыкты чачып киришет. Сандыктын ичиндеги акча чогултулган кутуну таап, талкалап, үй-бүлө мээнет кылып чогулткан акчаны (болжол менен 80-100 миң) алышат. Так ошол учурда Эрлан келип калат. Кылмыштарын көрүп калган баланы кантишет? Экөө аны өлтүрүүнү чечишет. Бири баланын колунан кармап турса, экинчиси колун байлап, оозу-мурдуна, кулагына идиш жууган порошоктон салып, башына пакет кийгизип, байлап койгон. Бала тумчугуп, тым-тым болгондон кийин бөлмөнү сыртынан кулпулап өз бөлмөсүнө кирип кетишкен. Айлакерликке баракелде, кийин экөө эч нерсе болбогондой уурдап алышкан акчага тамак-аш алып келишип, коңшуларын конокко чакырышат. Бирок негедир кошуналары басып келишпептир. Балким, "үйгө көп киши кирип-чыкса, билинбей калабыз" деп да ойлошкон чыгар. Андан кийин эч нерсени билмексен болуп жата беришкен.
12-мартта кечки саат 20:00 чамасында Эрландын ата-энеси жумуштан келип, уулунун жансыз денесин табышкан. Эки колу артына скотч менен байланып, башына пакет кийгизилип коюлган экен. Ата-эне үмүт үзө албай, баланы ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер каза болгонуна бир нече саат болгонун айтышат.
Кылмышты иликтөөгө Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин из кубарлары киришип, Эрландын үй-бүлөсүн тааныган көптөгөн адамдар суралат. Эртеси Эрландын ата-энеси жашаган батирдин ээси – 1984-жылы туулган Шайлоо Исмаилова жана анын баласын багуучу – 1981-жылы туулган Жайна Баймуратова шектүү катары кармалган. Себеби сурак учурунда алардын көрсөтмөлөрү эки башка чыкканы шек жараткан эле. Кармалгандан кийин Шайлоонун жанынан 4500 сом, Жайнанын жанынан 500 сом эле табылып, калганы кайда экени азырынча белгисиз. Шайлоо Жайнага 500 сом карматып, "калганын кийин бөлүп алабыз" деген экен.

“АКЧАНЫ АЛСА, ИЗДЕП КАЛА БЕРМЕКПИЗ. ЭМИ УУЛУМДУ КАНТИП ТАБАМ?!”
Уулун жоготкон, болгондо да ушундай жол менен айрылып отурган ата-эненин кайгысына чек жок. Эрландын апасы “акчаны алса мейли эле, баланы эмне үчүн өлтүрөт?!” деп көз жашын төгүп, төмөнкүлөрдү баяндады:
  –Жолдошум экөөбүз эртеден кечке жумуштабыз. Эрлан мектепке өзү эле барып келчү. Сабакты да жакшы окучу. Ага барып келгенге жеңил болсун деп батирди да жакын жерден тапканбыз. Киргенибизге 12 эле күн болгон. Негизи эле киргенден кийин Шайлоо жакпай калган. Эркектер көп келип, ызы-чуулуу үй болчу. Акыры чыдабай "акчабызды кайтарып бер, башка жакка көчөлү" десек, акчаны коротуп жибериптир. Жок дегенде акчасы төлөнгөн эки айдын бир айын жашап, анан айлык тийгенде башка батирге көчөлү деп айласыз жашап жаткан элек. Мындай болорун билгенде... Шайлоонун баласын баккан Жайна да мурун турмушка чыгып, ажырашып кетиптир, эки-үч баласы бар экен. Мен аларга "балам үйдө жалгыз калат, каралаша тургула, акчасын деле төлөп берем" деп айтканмын. Көрсө, карышкырларга кой кайтартып жүрүптүрбүз.
Ошол күнү биз жумушка кеткенбиз, Эрлан үйдө жалгыз калган. Кечинде жолдошум жумушу бүткөндөн кийин мага келип, экөөбүз үйгө чогуу келгенбиз. Бөлмөбүз бек экен, бирок ичинде сыналгы иштеп жатыптыр. Шайлоого кирип, "Эрлан дагы эле сабактан келе элекпи?" деп сурасам, келе электигин айтты. Ачкычты дайыма коюп жүргөн ордунан таппай калсам, Шайлоо “менин өтүгүмдүн ичине салып коюптур” деп көтөрүп келди. Караңгы кирип калган эле, жарыкты күйгүзсөк, чачылган төшөктөрдүн үстүндө Эрлан колу артына байланып жатыптыр. Жолдошум көтөрө койду эле, башына пакет кийгизилип, дем албай жатыптыр. Оозу-мурдуна, кулагына идиш жуугуч порошокторду тыгып, башына пакет кийгизип, моюнун торт байлаган жип менен байлап коюптур, акмактар (солкулдап ыйлап жиберди)!   
Дем албай жатса да, үмүтүм үзүлбөй койду, ооруканага алып келдик. Шайлоо болсо эч сыр бербей “Тез жардамды” чакырып, ооруканага чогуу барып, таң аткыча жанымда жүргөн. Дагы “эже, менин органда, кримчөйрөдө тааныштарым бар, балаңызды өлтүргөн адамдарды таап, акесин окутабыз” деп ар кайсыны айтып жүрөт. "Сен үйгө келген кишини байкабадыңбы?" десем, "баламды кучактаган боюнча уктап калып, эч нерсе байкабапмын" деди. Кичине өзүмө келгенде милиция кызматкерлери “шектенип жүргөн адамыңыз барбы?” деп сурашты. Ойлонуп көрсөм, Шайлоодон башка шектене турган деле кишим жок экен. Акча анчалык керек экен, уулум сабакка кеткенден кийин деле уурдашпайбы, акчаны издеп кала бермекпиз. Экөө тең эне болуп туруп баланы өлтүргөнгө кантип колдору барды?! Уулумдун тыбырчылап жатканын элестетсем, жаным көзүмө көрүнөт. Кандай сот караса да таза, адилет соттосо экен деп үмүт кылып жатабыз. Уулумду кыйнап өлтүргөндөр өз жазасын алышсын.
Мадыш – менин экинчи жолдошум, Эрлан мурунку күйөөмдөн төрөлгөн бала болчу, туулган жерибиз Таласка коюп келдик. Ал жерден да мурунку кайын журтумдан укпаган сөздөрдү уктум. Өзүм баламдан айрылып араң турсам, алар мени "экинчи күйөөң экөөң эле атайылап өлтүрүп койдуңар" дегенге чейин барышты.
  

“ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮШКӨН”
Бул кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБинин маалымат инспектору Айгүл Давлетбаева буларды билдирди:
 – Кылмышка шектүүлөр кармалып, СИЗОго киргизилди. Далил буюмдар табылып, тартылып алынды. Учурда алардын үстүнөн Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 6, 8-пункттары (киши өлтүрүү, алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды же жашы жетпеген өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен, пайда табуу максатында өлтүрүп же жалданып, ошого тете каракчылык менен коштолгондо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда "баланы өлтүрдү" деп шектелгендер "мен колун кармап турганмын, сен өлтүргөнсүң" деп күнөөнү бири-бирине оодарып жаткан учуру. Бейкүнөө баланын өмүрүн кыйгандар татыктуу жазасын алсын дейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
9 жашар баланын башына баштык кийгизип өлтүрүшкөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (80)
123m
2012-03-29 22:04:36
Jayna menen Shayloonu jon ele sottop je jon ele olum jazasyn bervey , alardy da kordosh kerek .
Erlandyn apasyna janan atasyna teren konul aytam ,kunoosu jok jaw balanyn, Erlandyn jatkan jeri jayluu bolsun......
0
Bad boy
2012-03-30 13:22:31
hhg
0
Bad boy
2012-03-30 13:23:35
Эне деген атты булгаган акмактар. Кантип колунар барды экен наристенин омурун кыйууга.Кудай жазанарды ушул дуйнодон берсин!
0
arfidin
2012-03-30 13:56:23
Инимдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Омурун кыйган мыкачылар, желмоогуздар жакшылык корбой калсын
0
ko4evnik
2012-03-30 16:44:06
Бул окуяны окуп олтуруп ызаланып,уройум учуп журок лакылдап чыкты.ит эшек,айбан жырткычтарда мындай кылбаса керек!!! Арты кайрылуу болсун уулунардын. Кайраттангыла. Мен олум жазасын колдонууга каршы болсомда,мындай жаланкычтар жер бетинде тируу жургонуно жан кейит. Аллах тъала мэримдуу ырайымдуу болсо мындай мыкаачыларды эмнеге жаратат деген ой келет кээде.
0
applemac
2012-03-30 19:52:09
менимче мындай оор кылмышкерлерди олтуруп коююу оной эле
менимче олтурбой кыйнаш керек, турмодо энесин тоюн корушсун, ананда ушундай жанжегичтерди мамлекет бир татаал система тузуп мамлекетке пайда келчудой кылып иштетсе жакшы болотле
олоор олгучо иттей иштеп жарыбай калса экен ушулар.
мындай акмактарды багып жатканывызга ичим ачышат да.
0
azamatai
2012-03-31 11:10:12
Oo kudai,
Erlandin jatkan jeri jailuu bolsun!
Urmattuu Merrim sabir kilingiz, kuch-kubat bersin sizge!
Juzu-karalarga olum kerek. Kudai kalis!
Sabir kilingiz
0
men_aman
2012-03-31 17:39:26
Экооно олум!!!!!
0
maisal1919
2012-04-01 20:19:38
ушундай аялдардын барынан жогу аял адам ушундай кылып жатса эркектер кантет силерди асып олтуруш керек
0
kimbatyla
2012-04-02 00:30:33
Блиин сволочьтор!!!Мындай эшектерди таш баранга алыш керек!!!А Эрландын ыйманы саламат болсун!!!Ата-энесине айтаар элем,сабыр кылгыла!!!
0
Romantic
2012-04-30 17:52:38
Олум жазасына татыктуу!
0
Kanat8174
2012-05-14 19:47:55
Ушундай аялдарды асыпсалыш керек
0
Shekerbek
2012-05-30 10:10:54
мындай мыкаачы айбандардын бешенесине мык кагыш керек! мык да кичинелик кылат лучше казык кагыш керек!!!
0
miranda
2012-06-24 09:12:31
сразу олум берсе кыйналбай олуп кетет эне деп ким айтат буларды айбандар, буларды бир камерада олгучо кармаш керек олор олгуча мээсин жеп олсун иттер. айбанда ушул жолго барбайт.
0
roza91
2012-08-07 16:06:00
эки буттуу айбандар десе буларды кордош керек
0
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан