АЗИЯНЫ БАГЫНТАМ ДЕГЕН АЛА-ТООНУН КУЛУНУ ЭМИЛ КЕНЖЕСАРИЕВ

Эмил Кенжесариев. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ийгиликтүү, мындай таланттуу спортчуну сейрек кездештирүүгө болот. Бүгүн таланты таш жарган футболчунун өмүр жолуна сереп таштадык. Соңку жаңылыктарынан айтсак, үй-бүлө күтүп, учурда өзбек клубу менен Азияны багынтууга аттаныптыр.

КЕНЖЕСАРИЕВ ЭМИЛ РИНАТОВИЧ

Туулган жылы – 1987-жыл, 26-март.
Туулган жери – Кант шаары.
Бою – 175 сантиметр, салмагы – 68 килограмм.
Амплуасы – Коргоочу, жарым коргоочу.
Учурдагы клубу – “Бунёдкор” (Өзбекстан).
Жетишкендиктери – Казакстандын чемпиондугун “Алматы” менен бир жолу (2006), “Актөбө” менен 2 жолу уткан (2008, 2009), “Актөбөнүн” курамында Казакстандын 2 жолку Суперкубогунун ээси (2008, 2010), Кыргызстандын мыкты футболчусу (2004).
Үй-бүлөлүү. Учурда Ташкент шаарында жашайт.

КАЗАКТАР “КААЛАГАНЫҢДЫ БЕРЕБИЗ” ДЕП КОЁ БЕРБЕЙ...
Жакында Эмилдин өзбекстандык “Бунёдкорго” өткөнүн жазып, артынан “аны казактар коё бербей жатыптыр” деген каңырыш уктук. Боордоштор Лиганын ортон колдой оюнчусун кармап калуу үчүн “бизде калып, каалаган командаңда ойно, айлыгыңды көтөрөлү” дешкен экен. Жердешибиз “Казакстанда 7 жыл ойноп, ким топту кайда теберин көрдүм. Өзүмдү башка өлкөдө сынап көрөм” деп артынчусун артып алып Ташкентке жөнөгөн. Учурда ал жаңы клубу менен АФКнын Чемпиондор Лигасына катышып жатат.
Клубу тууралуу айтсак, 2008-жылы “Бунёдкор” деген атты алгандан бери ал 4 жылдан бери Өлкө чемпиондугун бере элек. Анан да 2008-жылы АФКнын ЧЛсында жарым финалына жеткен. Учурда Азиянын мыкты клубу болууга тырышууда. Демек, бул клубду тандоо менен Эмил чоң артыкчылыктарга багыт алды десек болот. Айтмакчы, клубда белгилүү бразилиялык Ривалдо ойносо, Сервер Жепаров бул клубда ойноп, Азиянын мыкты футболчусу аталган.

ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНДА ОЙНОГОН БИРИНЧИ КЫРГЫЗ
Футболчуну башка кесиптештеринен таланты жана майдандагы активдүүлүгү менен ажыратып кароого болот. Аны айырмалап турган дагы бир өзгөчөлүгү – сол бутунун соккусу. Анын дарбазаны кулатчудай соккуларын азыр да жөө жомоктой айтып келишет. Ал эми билермандар “анын ийгилиги – таланттын туура багытка жөндөлгөнүндө” дешет. Ооба, каарманыбыз өмүрүнүн 17-жазында “Абдыш-Атанын” курамында Кыргызстандын мыкты футболчусу аталат. Токтоосуз Казакстандын Биринчи Лигасындагы “Цеснага” өтөт. Кийинки жылы аны Жогорку Лиганын командасы “Алматы” клубу илип кетет. Казакстанды багынтууну Эмил дал ушул клубдан баштап, кийин өлкөнүн чемпиондук тактысына 2 ирет чыккан. Негизги жетишкендиги – ал 2007-жылы УЕФАнын ЧЛсында дебют жасап, тарыхта бул Лигада ойногон биринчи кыргыз болуп калганы. Тактап койчу жагдай, көпчүлүгүбүз Чемпиондор Лигасында ойногон кыргыз катары билген Азамат Байматов Лигага 2009-жылы гана дебют жасап, бир оюн ойногон.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМЫНДА ГАНА ОЙНОЙ АЛАТ
Эмилди сөз кылып жатып, бул теманы козгобой коё албаспыз. Эмил ийгиликтүү футболчу болгону менен, мындан ары бир дагы улуттук курамда ойнобой өтөт көрүнөт. Ал Казакстан курама командасына чакырылып, жарандыгын өзгөрткөнүнө карабай улуттук курамга алынган жок. Анткени, ФИФАнын жобосу боюнча, бир өлкөнүн улуттук курама командасында ойногон футболчу башка бир да мамлекеттин курамында майданга чыга албайт. Каарманыбыз Кыргызстандын курамында 3 оюн ойноп койгон. Андыктан ойносо бир гана кыргыздын туусунун алдында ойной алат.
Казактар КРнын Футбол федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ФИФАга кайрылганы менен, ФИФА эреже деген эреже деп, мыйзам бузууга жол берген эмес. Учурда Эмил мекенине кайтат деген үмүт бар. Бирок анын Казакстандын жарандыгын алганы азырынча бул үмүттү өчүрүүдө. Ичи ачыша “бөлөк жерде султан болгуча, өз жеринде ултан болбойт беле” дегендер жок эмес.

ӨЗ КИНДИГИН ӨЗҮ КЕСКЕН ТАЛАНТ
Эмилди көпчүлүк өз киндигин өзү кескен таланттуу футболчу катары билет. Ал топ менен кенедейинен тааныш. Уулунун кызыгуусун көргөн апасы Чолпон аны 6 жашында Владимир Александров аттуу машыктыруучунун колуна берет. Ал кезде футбол секциясына балдар 8 жаштан алынса да, машыктыруучу анын талантына карап секцияга кабыл алып, 8 жаштагы балдарга кошуп коёт.
Эмил Бишкектеги атайын адистештирилген №60-мектепте окуган. Мектепти бүтүп-бүтпөй, 2003-жылы канттык “Абдыш-Атада” топ тоголото баштайт. Ал эми улуттук курамда тушоосун 2004-жылы кескен. Эмилдин ошондо Бахрейндин дарбазасына 40 метр аралыктан киргизген голу азыр да көпчүлүктүн эсинен кете элек.
“Энем мени өзүмдөн жакшы билет” дегендей, Эмилдин балалыгын аны жарыкка апкелген энесинин жана аны баккан таенесинин оозунан уктук.

Мейиз Өмүралиева, таенеси: “КАЗАК КЫЗЫНА БАШ КОШТУ”
– Небереңиз тууралуу эмне айта аласыз?
– Эмил кенедейинен менин колумда тарбияланды. Башынан эле футболго жакын. Көчөдө баратканда топту көрүп көзү токтоп калчу. Ким менен баратканын унутуп, топту ээрчип кетчү. 3-4 жашка чыкканда топ деп дивандан кулап түшкөн күндөрү көп эле болгон. Короого чыгарып койсок, чоң балдарга аралашып кетчү. Ошондо андан футболчу чыгарын көп айтышчу.
– Анын футбол ойногонуна каршы болгон күндөр болду беле?
– Жок. Эсимде, бир мезгилде жашоо аябай кыйын болчу. Жан багуу оор болуп турган. Анда Эмил 11 жашта. Кокусунан ал машыктыруучусу менен Францияда өткөн мундиалга бармай болуп калды. Өзү кызыгып жатканынан улам туугандар акча чогултуп, Францияга жибергенбиз. Ошенткенибиз ырас болуптур. Ошондо чоң стадиондо кайсы бир оюндун алдында көрсөтмө оюнга катышкан. Франциядагы мундиаль ага катуу таасир этсе керек. Ошондон таасирлендиби билбейм, ал майданда эр жүрөк мүнөз күттү.
– Азыр анын оюндарын көрөсүздөрбү?
– Ооба. Азыр үйдө Казакстандын 5-6 телеканалы тартат. Уулум Өзбекстанга кеткенден бери көрө албай жатабыз. Ал оюнга чыкканда биз чыгып ойноп жаткандай тыбырчылап, чекеден тер чыгып, өлүп кете жаздайбыз.
– Келиндүү болгонуңузду уктук. Үй-бүлөсү тууралуу айта кетсеңиз...
– Ооба, Айгүл деген казак кызына баш кошкон. 2011-жылы 10-февралда Алматыда үйлөнүп, Бишкекте чакан той өткөргөнбүз. Бал айын Америкада өткөрүп келишти.


Чолпон Өмүралиева, апасы: “ТУРМУШУБУЗ ООР БОЛСО ДА, ЭМИЛДИН ТАЛАНТЫН КОЛДОДУК”
– Чолпон эже, учурда Месси, Роналду жана Эмилдей футболчуларды тарбиялап-өстүрөм деген жаш ата-энелер көбөйүүдө. Эмилдей таланттуу уул тарбиялоонун сырын ачып берсеңиз...
– Эмил – үй-бүлөдө жалгыз бала. Аны биз тарбиялаган жокпуз, бул тубаса талант. Бир нерсени айта алам, таланттуу болуусуна анын спорттук үй-бүлөдө төрөлгөнү себеп болсо керек. Анткени атасы Ринат мушкер болсо, мен кезинде гандбол менен алектенгем. Билбейм, мындай талантты өркүндөтүү үчүн колдоо гана керек болчу. Биз болгон аракетибизди жумшадык. Эмил өзү да эстүү чыгып, мектепте жакшы окуду. Өзүм спортко аралашып жүргөндөн кийин билем да, аны атайын багыттагы мектепке бергем. Сабак окуп, андан тышкары такай футбол ойнойт. Чынында, ошол кезде материалдык жактан алсырап турганыбызга карабай тапкан-ташыганыбызды Эмилден аяган жокпуз.
– Кийин чет өлкөгө кетип жатканда аны токтотуп калуу ою болгонбу? Негизи, кетпей эле бул жакта калса болбойт беле?
– Ал "өсүшүм керек, эки жакта ойноп, өз күчүмдү сынайм" деди. Ошондо эле “Кыргызстандагы футбол такыр кызыксыз. 5 команда бири-бири менен ойной берет” деп айтчу. Ага чейин каршылык көргөзбөгөндөн кийин, такшалып калганда аны кармап турмак белек? Тескерисинче, кош колдоп колдодук. Өзгөчө “Абдыш-Атанын” президенти Советбек Сакебаев чоң жардам

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
NARYNGRAD
2012-03-30 16:10:57
Ооба кыйын ойунчу экен. Бирок КЫРГЫЗСТАНДА ойнобогонун аябай окундурду. Ушундай кыйын кырдаалда КРге деле ойноп, кызмат кылсан болмок. Сенин алдыгы даражага жеткиргенге Кыргыз Элиндин деле салымы болсо керек. Башка жерде султан болгуча, өз жеринде ултан болбойт белен. Биз кутобуз сени.
+1
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан