ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Украина

ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН ТИМОШЕНКО ДАРЫЛАНУУДАН БАШ ТАРТТЫ
Камакта жаткан экс-премьер-министр Юлия Тимошенко украиналык дарыгерлердин дарылоосунан баш тартууда. Белгилүү болгондой, анын ден соолугу улам начарлап, дарыланууга муктаж экендиги айтылып келет. 19-март күнү анын адвокаты Сергей Власенко Тимошенко немис дарыгерлеринин көзөмөлүндө гана дарыланууга макул экендигин билдирди. Ушул жылдын февраль айында эл аралык комиссия Тимошенконун ден соолугун текшерип, сөзсүз дарылануу керек деген бүтүм чыгарган. Ал комиссиянын курамында Германиядан келген дарыгерлер да болгон.
Ошондой эле Тимошенко президент Януковичтин тил тууралуу айткан сөзүн да сынга алды. “Биз Януковичтин өз "бандасы" менен кайрадан парламентке келишине, өз билгенин жасашына жол бербешибиз керек” деген экс-премьер өлкө башчынын бул кадамы Украинаны батыш-чыгыш жаракасына алып келерин айтат. Эске салсак, Янукович жакында орус тилине экинчи мамлекеттик тил статусун берүү керектигин айтып чыккан.

Орусия

ПЛАНЕТАЛАР ПАРАДЫН ЖАЙЫНДА КӨРӨБҮЗ
“Кылымда бир жолу кездешүүчү көрүнүш” деп орус окумуштуулары билдирүү жасашты. Венера, Жер жана Күн планеталарынын бир катарга тизилиши ушул жылдын июнь айында болору болжолдонууда. Бул тууралуу кабарды 19-мартта астрономиялык иштер менен алектенген Пулков обсерваториясынын ага илимий кызматкери Сергей Смирнов билдирди. “Аталган 3 планета катышкан космостук парад 6-июнда болору күтүлүүдө жана мындай көрүнүш 21-кылымда башка кайталанбайт. Биздин обсерватория бул көрүнүштү атайын телескоп аркылуу чоң экранга чагылдырууну пландап жатат. Ошондо муну бир убакта эле бир канча адам көрө алат”,- дейт Смирнов.
Бул учурда Күндүн бетинен кичинекей чекитти же Венера планетасын байкоого болот. Бирок аны күн нуру алсыз учурда, мисалы, эртең менен же кечке маал атайын аппараттын жардамы менен каалаган адам көрө алат. Мындай көрүнүш өтө сейрек кездеше турганын айтышууда. Мисалы, буга чейин Жер, Күн, Айдын бир катарга тизилгенин байкап келген болсок, эми буга Венера планетасы кошулду дешет адистер.

АКШ

МЕКСИКАДА КҮЧҮ 7,9 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛДУ
20-март күнү Мексиканын Акапулько шаарында күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, жергиликтүү жашоочулар 500 жүзгө жакын турак үйлөрүнөн айрылышты. Жер титирөө түнкү саат 12:02де башталып, узак убакытка токтобой кыймылдап турган. Куткаруу кызматы тинтүү иштерин жүргүзүп жатат, азырынча каза болгон адамдар жок экени айтылууда. Айта кетчү нерсе, бул күчтүү жер титирөөнүн күбөлөрүнүн бири президент Барак Обаманын улуу кызы Малия болду. 13 жаштагы Малия мектептеги бир катар окуучулар менен Мексиканын Оахака штатында эс алып жүргөн. Зилзала маалында ал коопсуз жайга жеткирилгенин, анын ден соолугу жайында, денесинен эч кандай жаракат албаганын кыздын апасынын жардамчысы билдирди. Америкалык журналисттер Ак үйдүн аппараты президенттин, аткаминерлердин балдарынын кайда эс алары жөнүндө таптакыр маалымат бербей келишкенин айтышып, Обаманын кызы тууралуу кабардын ачык жарыяланышын сөз кылышууда.

Казакстан

БИР ЫР ҮЧҮН МЕКТЕПТИН ДИРЕКТОРУ ИШТЕН АЙДАЛДЫ
Кустанай облусундагы балдар спорттук мектебинин директору Николай Кирдан болбогон нерсе үчүн ишинен айдалды. Март айынын башында Облустук лыжа фестивалынын ачылышында салтанаттуу иш-чара өткөн. Ошол ачылыш аземинде Кустанай облусунун акими Нуралы Садуакасовдун сөзүнөн кийин Казакстандын гимни ырдалмак. Андай болбой, гимндин ордуна Рики Мартиндин "Livin' la vida loca" деген ыры бир нече секунддар өткөнчө жаңырып турган. Кайрадан гимн коюлганда көпчүлүк күлүп жиберишкен. Ушундай катачылыктан улам облус жетекчилиги мектептин директорун кызматтан четтетүү чечимин чыгарды. Маалыматтарда аталган спорт мектебинин жамааты директорун кайра кайтарып алуу үчүн жогору жакка арыз жазгандыгы айтылууда. Арызга мектептеги 39 машыктыруучу кол койгон. “Ооба, ачылыш аземинде жагымсыз окуя болду” деп башталган арызда иштен алынган директордун спорт мектеби үчүн, Казакстан үчүн көп иш жасап жатканы жазылат.

Тажикстан

ТАЖИКТЕР ЭМИ ЖАРЫКСЫЗ КАЛЫШЫ МҮМКҮН
Тажикстандагы ири энергокомпаниялардын бири болгон "Барки Тоджик" ишканасы азыркы учурда Орто Азиядагы ири суу сактагычтардын бири болгон Нурек ГЭСинин запастык бөлүгүндө бир аптага ылайыктуу гана суу калганын билдирди. Бул ири ГЭС Тажикстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 70 пайызын камсыздайт. Аталган компания суунун көлөмү эң төмөнкү көрсөткүчтөн 4,05 метр гана жогору болуп турганын айтууда.
Тажикстанда жыл сайын Бахш дайрасынын көлөмү азайган маалда же октябрь айынан майга чейин электр энергия тармагына чектөөлөрдү киргизип келет. Былтыркы жылдан март айына чейин Тажикстан аймагына жарык 5-10 саатка чейин берилип келсе, марттын башынан бери ал чектөө дагы 2-3 саатка кыскарган. Эгерде тажиктер электр энергиядагы чектөөлөрдү дагы күчөтпөсө, караңгыда калуу маселеси жаралууда.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 490, 23-март - 29-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан